Абдыганы Эркебаев: «Жыйырма жети жылдан бери, Кудай таала, биздин кыргыз элибизге акылман, даанышман жакшы падышаны буйрубаптыр…»

— Силерге бир-эки жагдайды кыска эле айтып коёюн деп алдын ала чыгып жатам. Чын дилимден айтсам, мен юбилей, маараке өткөрүү дегенге такыр жокмун. Анча жактыра бербеймин. Албетте колдон келсе мааракелерди өткөргөндөр бар, ага ичти кенен салыш керек. Өнүккөн мамлекеттерде тескерисинче баары өтө сарамжалдуу, баарысы үнөмдүү жашайт. Август айынын акырында, аялым менен машинада баратсам Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын жетекчиси Жылдыз Бакашова телефон чалып: ”Абдыганы агай, сиздин мааракеңизге байланыштуу конференция өткөрүүнү максат кылып жатабыз,”-деп калды. Китепканада да мааракемди өткөрүү оюмда жок болчу. Мен чынында чочуп кеттим да: “Ой, бул боюнча менин оюмда жок эле. Мен элүү жылдыгымды, алтымыш жылдыгымды белгилеген адам эмес элем. Өткөрүүгө даяр эмесмин… ”-дедим. Чынында күткөн эмес элем. Бирок, китепкананын жетекчилиги, “Абдыганы Эркебаевич, кантсе да, сиз көрүнүктүү коомдук саясый ишмерден башка, чыгармачыл инсан, илимдин адамысыз,”- деп бир-эки сүйлөшүүдөн кийин, менин макулдугумду алышып көндүрүштү. Башында каршы туруп, акыры макул болууга аргасыз болдум.

Учурдан пайдаланып, Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын жамаатына, жетекчилигине ушундай жолугушууну өткөрүп жаткандарына чын дилимден ыраазычылык билдирем.

Бирок, бул жерде мен сыйлаган, урматтаган ардактуу аксакалдар Апас Жумагулович отурат. Келгенин көрүп ыраазы болдум. Медеткан Шеримкулович бир аз кечигип келди. Ага чейин Амангелди Мурсадыкович келип отурду. Кыргыз элине төбөсү көрүнгөн аттуу-баштуу, акылдуу адамдары да мааракелерин өткөрүшкөн эмес. Балким ар кандай кырдаалды, шартты эске алышса керек. Эми, ал башка кеп. Тууган-урук, бала-чака, жакын достор менен кыйышпас адамдар менен тар чөйрөдө чай ичип коюш болду. Расмий түрдө өткөргөнүм жок. Бул адамдардын алдында уялам. Ошон үчүн мен алгач китепканада өткөрүүгө да каршы болуп, «ушул ишти тим эле койсоңор» деп көгөргөнүм да ошондон болчу. Менин өмүрүмдүн көпчүлүк учуру китепканаларда өттү десем туура болот.

Студенттик куракта Чернышевский атындагы китепканада эртең менен ачылгандан баштап, жабылган кезге чейин ошол китепканада отурчумун. Ал эми азыркы Алыкул Осмоновдун ысымын алып жүргөн бул китепкана кийин салынган. Жаш кезимде, кийин деле бош убактымдын көпчүлүк мезгили ушул китепканада өткөнүн азыр эстеп отурам. Ошол кезде мени таң калтырган нерсе, республикабызды чейрек кылым башкарган, мурдагы жетекчилерибиздин бири Турдахун Усубалиевдин ушул китепканада ары-бери басып, өзүнө керектүү китептерди, газеталарды алып, окуп отурганын көрүп биз таң калчубуз. Ошондо, кызматтан кеткен Турдахун Усубалиевич 66 жашта экен. Китепканадан көрүп, саламдашып койчубуз. Турдахун Усубалиевич, башка жетекчилердей курнамысчыл болбой китеп окуп иштеп отурганын көрүү биз үчүн кызык болчу. Өзгөчө Турдахун Усубалиевичтин китепканада жүргөнү мага таасир эткен эле. Өзбек туугандарда башкармалыктан түшсө, эртеси барып набайчы болуп иштей беришет. Алар мындай нерсени намыс көрүшпөйт. Ал эми бизде андай эмес. Ошол жашында Турдахун Усубалиевич, эртеден кечке иштеп жүрүп сегиз томдук китебин, эскерүүлөрүн жазды. Бизде министр, губернатор, аким эмес бригадир кызматтан түшсө бир ай көчөгө чыкпай, элден корунуп үйүндө отуруп алган учурлар болгон.

Китеп көргөзмөнү бир сыйра карап чыктым. Арасында баары толук эмес экен, “Дружба народов”, “Вопросы литературы”, жана башка союздун басмаларынан чыккан журналдар, китептер, гезиттерге чыккан материалдарды шайлоо учурунда эл билсин деп шайлоочуларга таратып жиберген экенмин. Алар эми жок. Коомдук саясый иштерде отуз жылга жакын иштептирмин. Азыркы учурда, эки китебим типографияда басууга даярдалып жатат. Бир айдын ичинде чыгып калат деп отурам. “Азаттыктын азаптуу жолу”, бул менин алтымыш беш жылдыгыма берген отчётум деп билем. Жараткан Кудай билет, мен эми саясатка барамбы, жокпу аны билбейм. Ал өтө татаал нерсе. Бирок, жыйынтыктап койдум деп айтсам болот. Анткени, азыр шайлоолорго акча каражаты көп кетет, андан да көп күч керек. Биздин мамлекеттин өз алдынча республикага айланганына 27 жыл болду. Ушул жерде отурган жаштарга айткым келет, ал эми аксакалдар жакшы билишет. Мени өкүндүргөн нерсе, биздин жаш мамлекетибизге 27 жыл болду. Бирок, өкүнүчтүүсү, дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин арасында биздин мамлекеттик статистикалык маалыматтарга таянып карап көрсөңүздөр, дүйнөдөгү эң жарды, эң жакыр мамлекет катары Кыргызстан экени белгилүү. Ал тургай КМШ мамлекеттеринин арасында да артта турабыз. Адамдардын, балдардын өлүмү боюнча да алдыда турабыз. Ушунча жылдар ичинде мен да ар кандай жогорку кызматтарда иштедим эле, мамлекетти башкарууда жетекчи болдум эле деп кээде өкүнөм. Мамлекетти эмне үчүн ушундай абалга жеткирдик деп ойлоном, көп учурда кейип да кетем. Ушулар туурасында көп ойлоп, көп толгоном… Өзүмдү да айыптуу сезип кетем. Мунун үч себебин мындайча көрөм. Биринчиден, Жыйырма жети жылдан бери, Кудай Таала биздин кыргыз элибизге, акылман, даанышман, жакшы падышаны буйрубаптыр. Экинчиден, бийлик башына келген өлкө башчысынын баары эле эмес ачык эле айтайын, бийликке жетип алган соң өлкөнү ойлобостон, мамлекетти ойлобостон өздөрүнүн жеке керт башын ойлошту. Үчүнчүдөн, менчиктештирүүдөн мамлекетке пайдасы да, кайтарымы да болгон жок. Колхоздун башкармалары, заводдун, фабрикалардын директорлору, ж. б. жетекчилери өлкөнүн байлыгын болбогон акчага талап-тоношту. Президент болгон адам өзү таза болуп, элине бардык жагынан үлгү болушу керек. Жыйырма беш жыл түрмөдө отуруп чыккан ЮАРдын президенти Манделланы карагылачы? Махатми Ганди Индияны эркиндикке чыгарды, бирок өзү үстүнө кийген бөз, бутундагы сандалиси менен тарыхта калды. Үйү да жок эле. Тилекке каршы бизде башкачараак. Иштегендин ордуна той-топур, ысырапкорчулук болуп жатат. Бизде президент болгондордун салган үйлөрүн карагылачы! Дүйнөдөгү эң бай өлкө АКШ, Германия, Япония, жана башка өнүккөн мамлекеттерде өлкөнүн казынасына кол сала алышпайт, керек болсо ар бир тыйынын эсептешет. Алардын президенттери, өкмөт башчылары расмий сапарларга барышпайт. Уруксат да беришпейт, барышса да өтө аз чыгышат. Бир эки жолудан гана уруксат берилет, ал эми бизде каалаган учурунда самолёт менен дүйнө жүзүн кыдырып жүрүшөт. Бул деген мамлекетибиздин казынасы, элибиздин акчасы да. Мамлекетти алдыга сүйрөп, элибиздин жашоосун оңдоонун жолун издеп табыш керек. Ар бир бийлик башына келген өлкө башчысы, өзүнүн элиңдин алдында улуу максаттарды коюп, өзүңдүн мамлекетиң, элиң үчүн күнү-түнү иштеш керек. Ырахмат сиздерге…

Булак: “Жаңы ордо

1 ой-пикир

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *