Кыргыз мамлекетинин тунгуч төрагасы Абдыкадыр Орозбековго урматыбыз ушулбу?

Үстүбүздөгү жылы буюрса Кыргызстандын Борбордук Аткаруу Комитетинин тунгуч төрагасы, кыргыз мамлекетинин түзүлүшүнө эбегейсиз чон салым кошуп, бүткүл өмүрүн арнаган аксакалыбыз Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдык маарекеси белгиленет. Ага карата кыргыз өкмөтүнүн вице-премьер министри жетектеген уюштуруу тобу түзүлүп акырындап иштеп жатат. Жогорку Кенеште да атайын комиссия уюштурулуп аракети бар. Бул тарыхый датага карата Баткен областтык өкүлчүлүгүндө, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясында жана эн башкысы аксакалдын киндик каны тамган Орозбеков айылында камылгалар кызуу көрүлүүдө. Анткени Абдыкадыр Орозбеков атабыздын өткөн өмүрү бүгүнкү жаштар үчүн өрнөк аларлык деп ойлойбуз.

Атабыздын музейи анын ысымын алып жүргөн айылдагы Охна гимназия-мектебинде жана райондун борбору Кадамжай шаарында акимчиликтин бет мандайында иштеп жатат. Бул мурасканалар коншулаш Өзбекстан менен Тажикстандагы мемориалдык музейлердей болбосо да, алыбызга жараша иштетип келебиз. Райондук музей 1989-жылы аксакалдын 100 жылдык юбилейинин урматына карата ачылган. Бүгүн мында 545 ар түрдүү экспонаттар коюлган. Мурасканабызда районубуздан чыгышкан Апсамат Масалиев, Зулпукар Маматов өндүү данктуу инсандарды эскерүүгө да орун берилген. Музейде төрт кызматкер иштейбиз. Алты айда музейибизге үч минден ашуун көрөрмандар киришип, аксакалдын өмүр жолу менен таанышып кетишти. Өзгөчө жаш муундарга өткөн кылымдын буюмдарын, атактуу жердешибиздин алган сыйлыктарын, анын эрдигинин маани-манызын түшүнтүрүү он натыйжасын берет деген ойдомун. Музейдин жанында Кадамжайдан чыгышкан Полоткан баштаган атактуу жердештерибиздин эстелик комплекси бар. Ал жер мэрия тарабынан жашылдандырылып, замандаштарыбыз зыярат кылчу жайга айланган.

Бирок маарекенин алдынан ачуу чындыкты айтып коюуга туура келет. Биздин айлык маяналарыбыз тууралуу унчукпай эле коеюн. Айткандан уяласын. Музейдин имараты советтик доордо алгачкылардан болуп курулган чон дүкөндүн ордуна салынган. Ал жарым кылымдан ашып эскирип бүттү. Чатырдын кейпи кетип, жаан-чачында кыжаалат болобуз. Кышкысын жылытуу деген жок. Кире бериштеги таман таштар бузулуп, көрктү кетирип жатат. Музей экенин тастыктаган жарнакты жанылоо керек. Ушул маселелерди чечип, каражат бөлдүрүп, ремонт иштерин жүргүзүү максатында Кыргыз республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигине кайрылган элек. Андан министрликтин статс-секретары Б. Секимовдун 2019-жылдын бюджетине ремонт иштерине каражат каралбаганын кабарлаган жооп 26-июнда келди. Муну менен биздин өлкөдө маданият тармагы унутта калып, юбилей тургай башка учурда да өзүнөр таап ондоп алгыла дегенди түшүндүк. Биздин калаадан коншулаш Өзбекстандын, Тажикстандын атуулдары транзиттик багытта көп өтүшөт. Атүгүл чет элдик туристтер да келип калышат. Ошолор келип көрүшсө тан калышар деп ойлойм. Музей болсо Ош-Исфана жолунун боюнда, автобекеттин жанынан орун алган. Биз кошуналардагы биринчи жетекчилеринин зангыраган музейлерин, экспонаттарынын көптүгүн көрүп эле жүрөбүз.

Бизде неге маданият тармагына, асыресе тарыхый музейлерге көнүл бурулбайт, тан каламын. Өз күчүм менен ондоюн десем алган маянам жетпейт. Ошондуктан газета аркылуу кайрылууга туура келди.

Хабибулла Абдуллаев, Кадамжай шаарындагы Абдыкадыр Орозбековдун музейинин директору

Булак: “Ачык сөз”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *