Абдыказымова Эркингүл, ашпозчу: Биз тамактарды кооз жана даамдуу жасайбыз

– Эркингүл эже ашпозчулук кесипти тандап калууңузга эмне себеп болду эле. Атайын билим алгансызбы?

– Өзүм медициналык билим алгам. Бишкектеги медучилищаны бүтүрүп, бирок өз кесибим менен иштебей эле, ашпозчу болуп кеттим. Тамак жасоого, кооздоого, дасторконду даярдоого башынан эле шыгым бар болчу. Бул жаатта атайын деле билим алган жокмун. Өзүм эле үйрөнүп жасап, өздөштүрүп кеттим. Негизи талантым бар окшойт деп калдым. Болсо айрымдар атайын кесиптик окуу жайлардан билим алып деле тамак жасоону үйрөнө албай келишет эмеспи.

– Канча жылдан бери ашпозчулук кесип менен эмгектенип келе жатасыз?

– Жалпы алып эсептегенде 23 жыл болду. Жыйырма үч жылдан бери элдин жакшылыгында кызмат кылып, келген конокторго даамдуу тамаш-аштарды даярдап берип келе жатам.

– Ашпозчу болуп иштеп акча табаарыңызга башында ишендиңиз беле?

– Албетте, ишеним чоң болчу. Ишеним болбосо бул кесипти тандабайт элем. Ашпозчулук мыкты кесип экенин башынан эле билчүмүн. Ошондуктан эч ойлонбой эле бул кесип менен иштеп, билим алган өз кесибимди таштап салгам.

– Кесипти тандаптырсыз, алгачкы кардарларды кантип таптыңыз, деле ишти кантип баштадыңыз эле?

– Алгач кафе-ресторандарда иштеп жүрдүм. Үйлөргө барам деген деле ой жок болчу. Бир жолу тааныштарыбыздын үйүнө барып салаттарды, тамактарды жасап бердим. Ошондон баштап чакыруулар башталды. Үйгө чакыруулар көбөйгөндөн кийин иштеп жаткан жеримден чыгып, жеке ашпозчу болуп алдым. Кийин кызыма үйрөтүп, азыр кызым экөөбүз иштейбиз. Кудайга шүгүр, кардарларыбыз көп, чакыруулар күз айларында өзгөчө күч алат. Элиме рахмат.

– Сиз өз ишиңизди 23 жыл мурда баштаптырсыз, ошол кезде үйгө барып дасторкон жасайбыз деп ойлодуңуз беле?

– Чынын айтканда, ал кезде үйгө чакыргандар жок болчу. Элдин баары эле үйдөгү дасторконду өздөрү жасашчу. Менде ал кезде үйгө барып дасторкон жасайбыз деген ой деле болгон эмес. Жогоруда айткандай, таанышымдыкына барып дасторконун жасап берип, ал мени пиар кылып, андаң кийин эле чакыруулар пайда боло баштады. Азыр болсо коноктордун дасторконун үй ээсинин кожейкеси даярдабай калбадыбы. Башкача айтканда, көпчүлүк эл дасторконубуз мыкты болсун деп ашпозчуларды чакырып калышты.

Айылдарга, региондорго чакыруу менен да барасыздарбы?

– Ооба, бара беребиз. Айылбы, шаарбы бизге айырмасы жок. Болгону район, айылдардыкы шаарга караганда бир аз кымбатыраак болот. Азыр айылдарга да чакыруулар көп болуп калды. Өзгөчө куда тоскондор ашпозчулардын кызматынан пайдаланып калышты.

– Ашпозчулардын айлыктары көп дешет бул чынбы? Деги эле сиздердин кызмат карапайым элдин капчыгына туура келеби?

– Эми иштегениңе жараша. Ким кандай эмгек кылса ошондой үзүрүн көрөт. Акчасы аз деп нааразы болбойм, Кудайга шүгүр кылам. А кызматыбыздын баасы өтө деле кымбат эмес. Элдин чөнтөгүнө туура келет деп эле айта алам. Чынында баары сүйлөшкөнгө жана жасаган ишибизге жараша болот. Биз деле адамбыз, шарты келбей тургандардын шартына ылайык бааны айтабыз.

– Сиздин жасаган даамдар жакпай алып нааразы болгондор болду беле?

– Азырынча андай нерсе болсо элек. Жакпай калбаганга аракез кылам. Колдон келишинче кооз жана даамдуу даярдаганга аракеттенебиз. Эң башкысы тамакты көңүл менен даярдаш керек, Ошондо баары ойдогудай болот.

– Ашпозчулар тамак жасоодогу сырларын эч кимге үйрөтүшпөйт дешет, сиз да сыр катасызбы?

– Жок, андай эмес. Мен тескерисинче үйрөнүп алгыла, көрүп алгыла деп айтам. Шыктуулар илип алышат, шыгы жоктор унутуп калат. Биз ал сырларды катып алып эмне кылмак элек. Ар бир кожейке даамдуу тамак жасаса жакшы да. Үйрөнөм дегендерге каршы эмесмин.

– Сиздердин кызматка эмнелер кирет?

– Биз сүйлөшкөнгө жараша иш кылабыз. Салаттар десе аны жасайбыз, болбосо дасторконго коюла турган тамактардын бардык түрүн жасай беребиз. Бирок идиш жууп, тазалабайбыз. Биздин кызмат дасторконду кооздоо жана тамактарды даярдоо гана.

– Жасай турган тамактарга керектүү азыктарды өзүңүз аласызбы?

– Бош болсом өзүм алам, болбосо баарын жазып берем. Бирок өзүмдүн алганым жакшы, себеби эмне керектигин, кандай алышты башкалар биздей билишпейт. Анан биз ашыкча нерселерди албайбыз, аз сандагы жашылча-жемиштер менен көп салат жасайбыз, башкача айтканда сарамжалдуу болот.

Жаркынай Кадыркулова

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *