Абдылдажан Акматалиев: “Чыңгыз Айтматовдун кол жазмалары менен тааныштыгым бар…”

-Абдылдажан агай, жакында эле 24-25-октябрда Нурсултан-Астанада өткөн эл аралык конференцияга катышып келдиңиз, кыргыз-казак илимий, адабий, маданий байланышына кошкон салымыңыз үчүн казактын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери, акын-жазуучу, революционер Сакен Сейфуллинге арналган төш белги менен сыйланганыңызды казактын маалымат каражаттарынан кулактар болуп калдык…

– Ооба, “Сакен Сейфуллин: инсан жана мезгил” деген конференцияга Евразия университети менен казак депутаты Бейбит Мамраевдин чакыруусу менен катышып келдим. Алгачкы кыргыз акын-жазуучулары орус адабиятынан мурун казак калемгерлеринен чыгармачылык таасир алышкан. Казактын Сакен Сейфуллин, Ильяс Жансүгүров, Бейимбет Майлин ж.б. Аалы Токомбаевге, Кубанычбек Маликовго, Жусуп Турусбековго, Мукай Элебаевге тематика, мазмун, форма жана жанр жагынан үлгү болушкан. 1934-жылы 21-декабрда “Социалистгик Казакстан” газетасы “Алма-Атага кыргыз жазуучулары келди” деген кабар жарыялаган. Ошондо Жусуп Турусбеков мындай деген экен: “Биз жаңыдан гана формасы улуттук, мазмуну социалистгик кыргыз адабиятын баштадык. Али жашпыз. Тажрыйбабыз да аз. Ошондуктан Казакстандын тажрыйбалуу жазуучуларынан жардам алуу керек болду”. Революционер калемгер Сакен Сейфуллиндин саясий лирикалары Аалы, Токомбаевдин көз карашы менен далма-дал келерин көрүүгө болот.

– Сиз Казакстанга өтө байма-бай барып турасыз…

– 1979-жылдын октябрь айынан тартып жолум түшүп, Казакстанда өткөн илимий жана адабий иш-чараларга, диссертациялык кеңештерге катышып келдим. Казак досторум көп. З.Ахматов, Т.Какишев, орто муун – З.Кабдолов, Б.Мамраев, К.Ергобеков, Ж.Дадебаев, З.Биссенгали, кичүү муун – Б.Оморов, Д.Камзабек уулу, А.Шарип, Д.Кыдырали ж.б. менен өмүрүмдө тыгыз байланышта болдум. Булар окумуштуулар, ал эми акын-жазуучуларды айтпай эле коёюн. Алар өткөндө тамашалап, менин кырк жылдан бери келгенимди жалпы жонунан эсептешкенде 200дөн ашып кетиптир. 1989-жылы “Жазуучу” басмасынан “Эгиз элдин обону” деген китебим казак тилинде чыккан. Бул барышымда казак тилинде жарык көргөн 60тан ашуун макалаларымдын, маектеримдин библиографиясын түзүп, көчүрмөлөрүн алып келдим. Ошондой эле Чыңгыз Айтматовго арналган казак жана орус тилдеринде Казакстанда жарык көргөн эмгектердин библиографиялык тизмесин филология илимдеринин доктору Дандай Ыскак уулу менен бирге түзүп, чыгарууга даярдап койдум.

– Айтмакчы, Чыңгыз Айтматов тууралуу жаңы кабарлар да бар бекен?..

– Мен кайда барбайын эң алгач Чыңгыз ага жөнүндө маалыматтарды жыйноого, билүүгө кызыктармын жана аларды окурмандарга жеткирип турууну парзым деп эсептейм. Бул жолку барышымда эки маалыматты окуп, кубандым. Биринчиси, Түштүк Кореянын белгилүү режиссеру Ким Ки Дук “Маңкурт” деген көркөм тасманы тартууга даярданып, кастинг өткөрүп жатыптыр. Экинчиси, Алматыдагы “Книжный клуб” деген басма жазуучунун 2 томдук аңгеме-повесттерин “Материнское поле” жана “Белый пороход” деген ат менен орус тилинде жаңы эле чыгарышыптыр… Негизи казак туугандар Айтматовдун чыгармаларын тез-тез жаңыртып басып турушат.

– Сиз командировкада жүргөнүңүздө биздин басма сөздөр Чыңгыз Айтматовдун жарыяланбаган повесттери деген кабарды таратышты, Сиз аларды билчү белеңиз? Көлөмү кандай? Эмне жөнүндө?… Сизден журналисттер да сурап жатышса керек?

– Кечээ, дем алыш күнү ал кабарды “Акипресстин” “Маданият” деген бөлүмүнөн окудум. Жакшы кабар экен. Ал жөнүндө академиянын жетекчиси Т.Тургуналиевге пикиримди айттым.

“Смерч” киноповести жөнүндө айта турган болсом, ал 1984-жылы эле Тажикстандын “Памир” аттуу адабий журналдын № 9-санында, 1985-жылы Москвадан СССРдин Госкиносу тарабынан “Киносценарии” деген жыйнакта жарык көргөн. Киноповесттин авторлору Ч.Айтматов жана режиссер Бако Садыков деп жазылып.

Кийинки мезгилдерде билип-билбей, көрүп-көрбөй эле биринчи айтуучулар, биринчи табуучулар, анан да биринчи жазып алуучулар чыга келди. “Кой ай, андай эмес” дегендер чыкпай атканы таң калтырып келет. Өткөндө ушуга байланыштуу бир маселени айтып да, жазып да көрдүм. Улуу манасчы Сагымбай Орозбаковдун оозунан эң биринчи ким жазып алган деген суроодо Мифтаков да, Сапарбаев да, Абдырахманов да сүрүлүп, кайдан-жайдан 2019-жылы Мергенбаев болчу деп чыга келишти. Ошентип, тарыхты бузуп да, сызып да жатабыз… Чындыкты айтып койчу киши жок.

“Смерч” киноповести Советтер Союзу кезинде эле жарык көрүп, кино тартылып, киносу “Октябрь” кинотеатрында айлап көрсөтүлүп, басма сөздөрдө маалыматтар берилген. Кыргыз көрөрмандары көрүшкөн, адабиятчылар окушкан. Анын үстүнө мен да бул киноповесть тууралуу 1988-жылы 2-августта “Ленинчил жаш” газетасына “Маңкурт” болуп калбайлы!..” жана 1990-жылы 10-февралда “Советская Киргизия” газетасына “Понять свое предназначение” деген макалаларымды жарыялагам. Мүмкүн болсо, Тилек, ушул учурдан пайдаланып окурмандарга кайрадан сунуш кылып койсок эле тарыхый факты ордуна келе түшөт:

“Маңкурт” болуп калбайлы!..”

Тажик режиссёру Бако Садыков менен биргелешип жазылган «Алай-дүлөй» («Смерчь») чыгармасына кайрылсак, жол башчы ата-теги, тарыхы жок, ар кошкондон бир кошкон көчмөндүү бир ууч уруусу менен жайдан жай тандап, алсыздарды басып алып жашоо-турмушун улантып келет. Алардын аң-сезимдери үй-бүлөлүк коломтону ысытуу, баланын жытына кумарлануу, ата-энеге эркелөө, тууган-туушкандык, башка уруулар, элдер менен карым-катнашта болуу деген түшүнүктөрдөн оолак болушуп, карышкырлардын уюгу сыңары жеке өздөрүнүн камкордугун көрүү өкүмү сүрөт. Жол башчынын сөзүн башты баталгага койсо да аткаруулары керек аны менен кеңешпей туруп бир да маселени чечүүгө болбойт, өз алдынча ички дүйнөлөрүндөгү ой-максаттарын аткарууга тыюу салынган. Ошондуктан уруудагы бир кургур балалуу болууну өмүр бою эңсеп, ага жалбарып өтүнүп келсе, мугалим колго түшкөн балдарга эне тилин унутуп, өз уруусунун тилинде гана сүйлөөгө жол башчы уруксат бергендигин катуу эскертип турат. Уруу ичинде туугандык байланыш деген болбоо керек. Атанын кайрымдуулугун, эненин мээрмандыгын көрбөй, бирөөнүн жылуу-жумшак жакшы сөзүн укпай, таш боорлуктан, кара өзгөйдүн, өзүмчүлдүктүн чөйрөсүндө эр жеткен балдар гана жол башчынын көңүлүндө зордук-зомбулуктун камчысын ойното алмак. Өздөн туулган наристе күн нурунун шооласын көрбөй жатып кайра жарык дүйнө менен коштошуусу керек. Мына ушундай жүрөк титиреткен шумдуктуу окуялар көчмөндүү уруу үчүн көнүмүш адат болуп, бардыгы маңкурттун кейпин кийип калышкан. Бирок жол башчынын таянары, орун басары, айтканын айткандай, дегенин дегендей аткарып жүргөн маңкурт Лангдын Улуу Сүйүүгө капилеттен кабылып, уруунун турмушуна чоң өзгөрүү алып келери үч уктаса түшүнө да кирген эмес. Чаап ала турган элдин шартын, курал-шаймандарын билүүгө чалгындап барып, суу боюнан татына кызды көрөрү менен Лангдын жан дүйнөсүндө кандайдыр бир жылуу сезим аралап өтүп, өмүрүнүн жаркын күнүн ачкандай болот. Жашоонун таттуулугун, өзгөчө сездирген сүйүү кубанычы жүрөгүндөгү музду эритип, кыял-чабыты ташкындап, өзүнүн адамдык нарк-насилинин кудуреттүү күчүнө ишендирет. Каптаган сел, же жалындаган өрт сыңары адамдын баркын көтөргөн ысыктыктан жаралган ыйык сезимди токтотууга болбойт эмеспи! Жипсиз байланып, арбалып калган Ланг жол башчынын тапшырмасын көңүлдөн чыгарып, ал элдин тилин билбесе да кыз менен жолугуп, дүйнөсүндө жарк эткен учкунду тутанткысы келди. Душмандын далай менменсиген кыздарынын бирөөнө да көз кысып көргөн жан эмес эле, ана бул кыз анын жашоосунун табышмактуу сырларынын жандырмагындай сезилди. Биби да душманды көрүп, жылан көргөндөй чочулабады, анткени, Лангдын көз карашында жакшылыктын нуру чачырап турган эле. Баамчыл кыз дүйнөсү жигиттин көз карашын көкөлөтүп көк асманга учуруп кетти, назиктиги жыпар-жыттуу гүлдөрдүн арасына бөлөп салды. Ошондуктан алар тилмечсиз тил табышып, жаштыктын ой толкунунда термелишет. Бакыт кушу Ланг менен Бибинин купуя сырларын ааламга жар салгандай туюлат. Бибинин бейпил турмушун бузууну токтотууга кудурети жетпеген соң, Ланг жол башчысына чалгындаган элге кол салууга болбой тургандыгы тууралуу калп көрсөтмө берүүгө мажбур болот. Анын жан дүйнөсүн өз элинин тарыхы кандай, ата-энеси ким, тагдыры эмне болуп чечилген деген ойлор кыйнап келет, тыюу салынгандыгына карабастан, мугалимден сурамжылап билүүгө ынтызарланат. Уруунун турмушунда болуп жаткан трагедиялуу окуялар жүрөктү мыкчып, төбө чачты тик тургузат. Дүйнөнү өткөн учур, келечеги менен бирдикте жаңыча кароонун зарылдыгы келип чыгат. Лангдын өзгөргөн психологиясын жол башчы да, маңкурт Тир да түшүнө алышпайт болчу. Кадам сайын Лангдын артынан калбаган Тир небак эле жол башчыга бардыгын төкпөй-чачпай жеткирген. Бир чети Лангдын өлүмдөн коркпостугун сезип, экинчиден, кайра калыбына келеби деген ниет менен дагы бир жолу ага белгилүү мөөнөт ичинде тапшырманы аткарууга жиберишет. Өзүнүн кыялында дүрбүгөн сезимдерди жүзөгө ашырып, маңкурттук айлампадан чыга алабы? Болбосо махабатты кылычтын кандуу мизине тозуп береби?! Ланг кайгы-кубанычына ортоктош өз уруусуна, же жаңы бүрүн ачкан сүйүүсүнө чыккынчылык кылуусу керек! Уруу кол салмакчы болгон эл эч капары жок, жакын адамдардын бирин өздөрүнүн салттарына ылайык таазим кылып узатып жатты. Музыкалык аспаптардын кереметтүү үнүн, бийлеген адамдардын кыймылдары чалгынчы Ланг үчүн күтүлбөс ачылыш болду. Ал бардыгынан да жаш куюлуп аккан көздөрдү көрүп, бирөөнү жоктоп, бирөөгө боор тартып ыйлашына таң калды.

Бактан-бакка жашырынып элдин түрүн көргөн сайын, анын көңүлү биротоло жакшылыкка оодарылып кетти. Ана, кыздардын арасында муңайым келе жаткан Бибини кайгы-кападан сууруп алып эркелеткиси келди. Эки жаш тақды бирге тозушуп, кумарлануу менен аттарын аташып, бири-биринен ажырап кете албай бушайман болушту. Жыйынтыктуу чечим жок, Лангдын жол башчыга жолугууга мезгили жакындап шаштырып келет. Алардын ойлорунда кайсы бир мезгилдеги легенда жаңырат. Бир жолу Айдын кудайы Жердин кудайына «Өлгөн адамды тирилткин» деп кайрылып, мындайча жооп алган экен: «Жер, жаратылыш жок болгон сыяктуу адам өлүшү керек», ошондо Айдын кудайы өлгөн жандардын бардыгын өзүндө жандандыра тургандыгына ант бериптир, ошондон тартып Жерде өзүнүн жашоо мүмкүнчулүгүн жоготкондор Айда жашап калыптыр. Эч кимибиз өлбөс болуп, түбөлүк жаралдыкпы деген суроо коюлат жана экөө Айдын кудайынан жарык дүйнөдөн бири-бирин ажыратып калбоону өтүнүшөт. Кыз жана жигит ичтеринен тынчсыздангандай эле алардын тагдырын кандай гана болбосун өлүм күтүп турган эле. Бирок Биби, Ланг бул башка түшө турган оор кайгыны сыртка чыгарып, өз ара ортого салып бөлүшүүнү каалашкан эмес. Эмне үчүн? Анткени алар, биринчиден, тикеден-тике жакындап келип калган өлүмдөн качып кетүүгө эч бир амалдары жок болчу, экинчиден, өмүргө түбөлүк шоола чачкан саналуу кымбат убакытты санаага бастыруудан жашоонун агымы өзгөрбөс эле. Лангдын жол башчы менен белгиленген жолугуу мөөнөтүнө кечигип барышы жана Бибинин өмүрүн, тынч жаткан элди бүлгүндөн сактап калуу үчүн ага «беш өрдөктү учуруп» айтышы ишенимден биротоло кеткенин билгизген. Анын үстүнө көрө албасы Тир аңдып, жигиттин душмандын кызы менен чогуу өткөргөн ысык түндү көрүп койбоду беле! Ошондо да Тирдин жашоонун көркүн, махабат сезиминин таттуулугун баамдай алган эместигин, тескерисинче, керт башынын кызыкчылыгын ойлоп, бийлик талашкандыктан, өчөшкөндүктөн чыккынчылыкка баргандыгын көрөбүз. Анткени андай адамдардын ички дүйнөсү көңдөй келип, адамзаттын өнүгүшүнө залал келтирип, маңкурттук өлүм сымал «жашоосун» уланта беришмекчи, бирок алар турмуш сахнасынан сүрүлүп чыгарынан күмөн саноого болбойт. Жол башчы Ланг менен Бибинин жашоодо ичер суусу түгөнүп калгандыгын каардуу билдирип, бөрк ал десе, баш алган Тирге айыл-апанын күлүн көккө сапыруу жөнүндө буйрук кылат. Адам баласынын өмүрү кайрадан кыйган талдай кыйылат. Бибинин ачуу кыйкырыгы, анын артынан кууп жүргөн жол башчынын жасоолу, кыздын төшүнө аралай түшкөн жебенин огу Лангдын көз алдынан өтөт. Өлүмгө кадам шилтеп бара жатып да жаш сулуу, Лангды издеп бир көрүп калууга үлгүрүп, «эмнемден жаздым» деп жалооруй карап өтүшү чыдоонун акыркы чеги сыяктуу жигиттин ар намысын козгоп, жарк этип өчүп калган махабатты, маңкурттукка айланган жашоосу, тыптыйпыл болгон элинин тарыхы, ата-энесинин тагдыры үчүн ачык күрөшүүгө чакырат. Жол башчынын Лангдын колунан каза табышы жөн гана жеке адамдын өлүмү эмес, бул кайгы-капаны матап, жакшылыктан кол үздүрүп, адамдыктан айбандыкка айландырып келген маңкурттук калыптын кыйрашы болчу, адам тукумунун сакталышы, тарыхтын уланышы, абийирдин, тазалыктын жеңиши эле. Жигиттин ички дүйнөсү менен тааныгандар да, бейтааныштар да эсептешпегени Биби сыяктуу эле жазыксыз өлүмгө дуушарлантты. Бирок ал өмүр менен коштошуп, элдерди ынтымакта жашоого үндөп калууга үлгүрдү. Акын жолдошу Суруд күйүт тартып, жашоону даңазалап обон жаңыртты. Адам турмушундагы алай-дүлөй бул ыпластык, пастык кыянатчылык, жаратылыштын бороон-чапкыны көп нерсени кыйратып, будуң-чаң чыгарган сыңары эле ал да өтө коркунучтуу ички дүйнөнү бузуп, адамдык кейиптен кетирип, адам баласынын тарыхын көңгөрүп салышы мүмкүн. Адам болуп төрөлгөндөн кийин ал өмүрүнүн аягына чейин табият берген жашоону кор кылбай урматтоо, сыйлоо тууралуу зор баян «Алай-дүлөй» чыгармасынын өзөгү болуп калды (Ленинчил жаш 1988-жыл. 2-август).

– Сиздер чыгарган жазуучунун 8 жана 10 томдуктарына эмне үчүн “Смерч” киноповести киргизилген эмес эле?

– Анын объективдүү себептери бар. Бул билбей калуудан же унутуп калуудан эмес. Биринчиден, киносценарийдин кыргызча которулган тексти жок. Экинчиден 8,10 томдук көлөм деле чектелүү. Анын үстүнө Айтматовдун өзүнүн чыгармаларынын негизинде иштелген киносценарийлерге деле режиссерлор жазуучунун атын авторлош кылып жазып жүрүшөт. Бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Балким режиссерлор өзүлөрүнүн алымча-кошумчалары тууралуу жазуучунун өзү менен макулдашуусу мүмкүн, кеңеш суроосу мүмкүн. Ошентсе да оригиналдуу адабий текст менен киносценарий эки башка чыгармачылык. Ч. Айтматовдун Москвадан жана Алма-Атадан жарык көргөн томдуктарында да бул чыгармалар тизменин катарынан орун албай келет. Бул чыгармалар жөнүндө да менин өз убагында макалаларым жарык көргөн. Дагы айтам, “Смерч” киноповестин кыргыз окурмандарына тааныштырганбыз.

-Демек, сиз айтматовтаануучу катары эле мындан 30 жыл мурун эле “Смерч” киноповести жөнүндө пикириңизди билдирген экенсиз! Ал эми экинчи “Золото и снег” повести тууралуу эмне айтмакчысыз?…

– Мен Чыңгыз агайдын бир топ кол жазмалары менен тааныштыгым бар. Мисалы, “Цена бога”, “Китона и Китина или досье о влюбленных”, “Смерт у сгены Плача” деген кол жазмалары. Аларды жазуучу 30-40-беттен кийин улап кеткен эмес, анын объективдүү жана субъективдүү себептери жөнүндө бир нече жолу макалаларымда жана маектеримде жазган, айткан элем. Өзүңөр билесиңер, 2013-жылы 7-июлда Мария Урматова мага “Земля и флейта” кол жазмасын көрсөткөн, орус тилинде болчу. Кийин мен ал чыгарма 1973-жылы “Пламък”, ал эми 1974-жылы “Литературный фронт” аттуу журналдарында болгар тилинде жарык көргөнүн таптым. 1976-жылы Болгарияда “Народная культура” деген басмадан жарык көргөн. Ошолордун негизинде 2013-жылы азырынча жарык көрө элек “Земля и флейта” чыгармасы тууралуу көлөмдүү макала жаздым, көп тилдерге которулду. Ошону менен бирге чыгарманын башкы каарманынын прототиби Бейше Асакеев болгонун архивдик материалдардын негизинде далилдедим.

Чыңгыз агай “Кассандра тамгасы” романын жазып бүткөндөн кийин маектешип отурганда мындай дегени эсимде: “Романды жазуу мага кыйын болду. Күнүнө беш-алты сүйлөм гана жазып жаттым. Бул роман башка чыгармаларыма окшошпойт. Азыр болсо согуш мезгили жана андан кийинки турмуш, эки жаштын махабаты жөнүндө жазуу оюмда бар”. Мен кызыгып калдым. Бир маегимде жазуучунун романдан кийинки планы жөнүндө билдирген элем.

Окуя Талас жеринде өтөт экен. Эки жаш айлуу түндөрдө жылдыз энчилешип, таттуу махабатта жүргөндө согуш чыгат. Баш каармандын ак боз аты болот. Согуш эки жаштын тагдырына балта чабып, баш каарман фронтко кетип, кайрылып келбей калат. Жаңы эле орто мектепти бүткөн кыз өмүр бою жалгыздыкга жигитин күтөт, жаштыгы өтөт. Жигит кеткен тараптан ак боз ат жайдак качып келет. Фольклордо бул ээсинин дүйнөдөн кайтышын билдирет. Алыкул Осмонов да мындай деп жатат го:

“Неге, сен, алыс кеткен сапарыңан

Ээриң жок жайдакталып кайра келдиң”

“Саманчынын жолунда” Касымдын аты да жайдак келет эмеспи. Чыңгыз агай айтып отурса, аттын элеси – Гүлсараттын тагдырын кандайдыр бир деңгээлде элестетип кеткем. Ак боз ат менен карышкырлардын кармашы… Чындыгында Чыңгыз агай жаныбарлардын дүйнөсүн өтө чебер көрсөтөт эмеспи!

– Ошондо чыгарма кайсы мезгилдерде жазылышы мүмкүн?..

– Мен ойлойм, 90-жылдардын аягы. Жогоруда айткандай, “Кассандра тамгасы” романынан кийин ‘Тоолор кулаганда” романына чейин. “Алтын жана кар” деген аталышында жазууга Кумтөрдөгү алтын казуу маселеси таасир этсе керек. Алтын барктуубу, же кар, суу барктуубу?! Элге эң биринчи кимиси керек?! Алтын түгөнөт, кар, суу болсо түбөлүктүү. Алтынсыз адам жашаса болот, ал эми суусуз бир күн адам баласы жашай албайт. Ошол учурда Чыңгыз агай “Мөңгү” деген коом менен, Ч.Кабылбеков менен аралашып жүргөнүн жакшы билем, бир топ иш-чараларына катышып, ойлорун, пикирлерин ортого салып жүргөн: “Мөңгүнү сакташыбыз, коргошубуз керек, араб өлкөлөрү нефть менен мактанса, биз мөңгүлөр менен мактанабыз, климаттын өзгөрүшү мөңгүлөрдү жок кылышы мүмкүн, экологияга этият мамиле кылалы, алтын баштаган кен-байлыктарыбызды каза берип, мөңгүлөрүбүздөн түбөлүк ажырап калбайлы” дегенин көп жолу уккам. Анын үстүнө жазуучу чыгармаларында, маектеринде жана публицистикаларында мөңгү-кар маселесине кайрылып келет эмеспи. Мисалы, “Манас атанын ак кар көк музу” публицистикасында: “…Манас-Тоонун мөңгүсүнөн тамчыга-тамчы кошулуп, куралып, биздин Шекерге ак көбүк, көк буурул суу агып келет. Ал Күркүрөө. Атына жараша заты бар, бул аймакта жер бетинде кыбыраган жан-жаныбарга өмүр берген суу….” Япон философу Дайсаку Икеда менен казак акыны Мухтар Шаханов менен маегинде да мөңгүнүн дүйнөлүк проблемасы катары бир нече жолу токтолгон. Ал эми “Кыямат” романындагы Ташчайнар менен Акбара Моюнкум талаасынан бөлтүрүктөрүнөн ажырагандан кийин ак карлуу түбөлүк мөңгү баскан Ала-Тоого жер оодарып келет эмеспи, эми аларга баш-баанек кылар мөңгүлүү тоо эле калган эле. “Ак кеме” повестинде аман калган балдар ак карлуу аппак Ала-Тоого, күмүштөй Теңир-Тоого жан сактап келишет эмеспи! “Балалыгымда” болсо кичинесинде жайлоого көчкөн эл менен муз, кар баскан ашууну ашканын эскерет. Ал эми ‘Тоолор кулаганда” романын мөңгүсүз элестетүү мүмкүн эмес. Үзөнгүлөш мөңгүлөрүндөгү барстарга араб ханзадалары мергенчилик кылмак. Теңир-Тоонун мөңгү уктаган кыл чокуларында Жаабарс оюн салып жүрбөдү беле, кийин картайып, жалгыз калганы аз келгенсип, сыртынан долларга сатылып, ашуу алдында ажал табат

Чыңгыз Айтматовдун “Алтын жана кар” бүтпөгөн чыгармасы балким “Тоолор кулаганда” романынын алгачкы черновый варианты да болушу мүмкүн. “Саманчынын жолу” повестинин акыркы варианты, б.а. жазуучунун көңүлүнө толгон варианты жазылганга чейин бул чыгарманын 2-3 вариантта жазылып, жазуучу төртүнчү вариантын гана жараткан. Бул чыгармачылыктагы табигый көрүнүш. Балким, башка идеялар алдыга чыгып, бул өзүнчө эле башталган повесть бүтпөй калып калгандыр. Чыңгыз агайдын каармандарынын ысымдары жөн эле атала бербейт. Ошол сүйлөшүүдө Айдана деген ысымды айтканы эсимде калыптыр… Айдана жакшы ысым экен деп ойлоп койгом. Китепти колубузга алсак, дагы оюбузду айтарбыз.

– Өзүңүздө айтматовтаануу багытында кандай жаңылыгыңыз бар?

– Жакында “Айтматов жөнүндө этюд” деген китебим Турцияда басылып, чыкты. Бү-гүнкү күндөгү окурмандар улуу жазуучунун күндөлүк турмуш жашоосуна аябай кызыктар…

Маектешкен Тилек Рыскулов

Булак: «Факты.kg»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *