Абдылдажан Акматалиев: “Байлыгым менин – шакирттерим ээрчиген…”

– Сиз менен илимдеги устат-шакирт маселеси тууралуу сөз кылсак деп турам, анткени илимий мектеп оңой-олтоң эле пайда боло калбайт да, канчалык илимий түйшүктү пайда кылат?

– Туура айтасың, илимий мектеп бул өзүңдүн илимий балдарың болуп калат экен. Алардын ар бир жетишкендигине кубанасың, кемчиликтерине күйүнөсүң дегендей… Илимий чоролор деген ырым да бар:

Байлыгым менин – шакирттерим ээрчиген,

Тагдырлары мен аркылуу чечилген.

Турмуш деген татаал жолдо келатат,

Кыркар тарткан кырк чородой сезилген.

Түрдүү түмөн ойлор менен ,чалышып,

Казуу үчүн илим кенин карышып,

Өткөөл замаң кыйындыкка карабай,

Келаткандай ат чабышта жарышып.

Байге алгыла ар кимиңер өзгөчө,

Ак эмгектүү жетет ага көздөсө.

Жайгаштырып, келсем улам тизмелеп,

Мамлекет сыяктанат өзүнчө.

– Кандай тартиптеби, же шарттардабы шакирттерди тандап аласыз, анткени “илимпоз болом” дегендердин көпчүлүгү өзүңүзгө магниттей тартылып турат?..

– Балким, менин жөнөкөйлүк, карапайымдык сапатым болсо керек, анын үстүнө илимий жетекчи катары орой мамиле кылбайм, ыдык көрсөтпөйм, баарына бирдей жылуу сезим, аёо, боорукерлик менен мамиле кылам, аларды түшүнө билем, тагдырына, келечегине өзүмдү жооптуу катары сезем. Жашына, улутуна, жерине карабайм – эң башкысы илимде илимпоз болушса деген тилегим болот. Ар бирине атайын график түзүп берип, катуу көзөмөлдөп, жол көрсөтүп, багыттап турам. Аларга тема берээрден мурун көп толгоном, ойлоном, түйшүктөнөм, теманын алардын ички дүйнөсүнө, мүнөзүнө, жүрүм-турумуна, көз карашына, дараметине, мүмкүнчүлүгүнө далма-дал келишин каалайм. Темага кызыгып кеткени – биринчи жеңиш деп эсептейм!

Алгачкы кадам туура, так башталса, калганы жеңилирээк болот. Анткени, мен өзүмдүн башыман кандидаттык, докторлук диссертацияларды жазып өтүп калбадыбы! Эсимде, календарлык ишимди жазып жатканда отчеттук мезгилде алгачкы бөлүмдөрү менен таанышууга жабык түрдө рецензияга берилип калды. “Кимге кол жазма тийди, ким кандай дейт” – деп санаа тартып турганда залкар адабиятчы Кеңешбек Асаналиев өзү таанышып, жарым беттик рецензия жазыптыр. Ал кишинин “методологиялык жактан туура жолдо баратат” деген бир сүйлөмү мага ошондо ушунчалык моралдык күч-кубат бергенин унутпайм.

– Академияда же университеттерде илимий кадрларды даярдоонун өзгөчөлүгү барбы?

– Жобо бардыгына бирдей. Бирок, айырмачылык бар. Себеби, университеттерде негизинен окутуучулук менен алектенишип, убактыларынын көбүн ошого сарпташат. Башкача айтканда, эки багытта иш жүргүзүшөт, ошентсе да илимге кызыккандар баары бир илимий максаттарына жетишишет. Академияда болсо бир багыттуу иш – илимдин
жолу гана бар, каалаганча убакытты арнаса болот.

– Сиздин устаттарыңыз А. Садыков, Г. Гачев болуптур. Сиз да көп шакирттерге устаттык кылдыңыз, сиздин илимий салтыңызды улагандар барбы?

– Бар. Филология илимдеринин докторлору А. Кадырманбетова менен К. Исаков бирден шакирттерди даярдашты. Калгандары да даярдашат деген ишенимдемин. Мен шакирттерим менен сыймыктанам, ар кимиси коомдун жүгүн мүмкүнчүлүктөрүнө жараша артып келе жатышат. Алардын улам жетишкендиктерине кубанып турам. Баарынын эмгектери чыккан.

-Айрым жетекчилер изденүүчүлөрдү кыйнашат, керек болсо жолтоо болушат деген сөздөр да чыгып калат?..

– Андайлар жок эмес. Антип устат жана шакирт боло албайт. Устат менен шакиртте материалдык жактан “кыйнаган же кыйналган” байланыш болбошу керек. Эгерде андай болсо ортолорунда сый-урмат деген таптакыр жок болот. Бул – жетекчинин моралдык жактан сынганы.

– Кийинки мезгилдерде Жогорку аттестациялык комиссия тарабынан өтө катуу талаптар коюлуп жаткансыйт, Сиз кандай дейсиз?

-Талаптар туура эле. Азыр башка илимдердин адистери да диссертациялардын авторефераттарын мамлекеттик тилде жаза башташты. Ошондой эле мурда ар кайсы журналдарда макалалар чыга берсе, азыр адистик боюнча түзүлгөн журналдарда эмгектер чыгат. Демек, адистердин таанышуусуна шарт түзүлөт. Россияда, Казакстанда, Өзбекстанда филология боюнча жарыяланган материалдар кызыгуу туудуруп, илимий байланышка мүмкүндүк түзүп отурат. Жогорку аттестациялык комиссия плагиаттык иштерге бөгөт кылып жатат, таза, сапаттуу иштердин жазылышы үчүн күрөшөт.

– Айтыңызчы, сиз илимди кандай учурда жазса болот деп ойлойсуз? Бирөөлөр тынчтыкты каалашат, бирөөлөр атайы эмгектик өргүү алышат, бирөөлөр күндөп-түндөп иштей беришет…

– Бул эми ар кимдин табиятына жараша болот да! Сен айткандай бардык учурда жазса болот, ошого ыңгайлашат, ошого көнүшөт. Мен болсо темага материалды даярдап, аны ички дүйнөмдө ирээтке салып, толгонуп, ойлонуп, анан бир отуруп жазганды жакшы көрөм. Ошол процессте дүйнөлүк классикалык жагымдуу музыкаларды, ырларды коюп коём. Бир жагынан музыкага эргип, анын күүсү менен ойлонуп жаза берем, бул мага кандайдыр бир жардам берет, ойлор да канат күүлөп ирээтке келе берет. Бул менин чыгармачылык тажрыйбам.

– Кайсы учурда жазасыз?

– Күндүз дегеле убакыт болбойт. Бирок, кызыгына түшсөм, ойлор келип калса, жыйналыш болуп жатканга да карабай жаза берем. Ошентсе да көбүнчө кечки саат 9дан 11-12ге чейин иштеп калам.

– Компьютерде иштегенди билбейм дедиңиз эле?

– Ооба! Калем менен жазганды жакшы көрөм. Үйрөнүүгө убакыт да, көңүл да жок.

Маектешкен: Тилек Рыскулов

Булак: «Факты.kg»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *