Абдырахман Маматалиев, экс-вице-премьер-министр: “Кумтөргө жер бөлүп берүү – президенттин саясатына каршы, дал келбейт!”

– Абдырахман мырза, 2009-жылдагы концессиялык келишим боюнча “Центерра Голд Инк” компаниясына “Сары-Чат – Ээр-Таш” аймагынан алтын казууга уруксат берилген. Кийин кайра ал токтом жокко чыгарылган. Бийлик ошол жокко чыккан келишимди 70 жылдан кийин күчүнө киргизип жатканы айтылууда. Кабарыңыз барбы?

– 2012-жылы Жогорку Кеңеште бул маселе көтөрүлүп, депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссия иликтеп чыгып, өкмөттүн аталган токтомун жокко чыгаруу жөнүндө чечимин Өкмөткө жиберген. Өкмөт 2012-жылдын июль айында аталган токтомду жокко чыгаруу боюнча токтом кабыл алган. Жогорку Кеңештин комиссиясы да, Өкмөт да мурдагы токтомду кабыл алууда мыйзам бузууга жол берилгендигин өзгөчө белгилешкен. Мен ошол мезгилдеги Жогорку Кеңештин депутаты катары корук жерди кен казууга бергени туура эмес деп өз пикиримди айтканмын. Анткени ал 16 миң гектар жер аянттарын берүү боюнча өкмөттүн токтому биздин мамлекеттин кызыкчылыгын көздөбөйт. Бул жанагы кен казуучу компания менен жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анан кандайдыр бир шартта ошол жер аянттарын кайра кайтарып берүүнүн амалы болуп жаткандай. Учурунда коруктун жери кетилип кеткендиги боюнча маселе парламентте да, өкмөттө да каралып, катуу талкууланган. Анан эми “ошону кайра карайбыз” дегени – бул алдамчылык. Мамлекеттик коруктун аймагы – кайтаруудагы аймак. Президенттин азыр алып барып жаткан саясатына жана мыйзамдарга дагы дал келбейт. Жерди кен казууга бербешибиз керек. Анткени, ал жер аянттарынын айынан абдан көп чыр-чатактар чыккан.

– Акыркы мезгилде “Кумтөр” алтын кенин иштеткен компанияны Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык иштетпей, тескерисинче мыйзамды “Кумтөргө” тууралап коюп жаткандайбыз го…

– Антип айтсак бир аз туура эмес болуп калат го. “Кумтөрдү иштеткен компания өз ишмердигин негизинен биздин мыйзамдардын негизинде алып барууда. Бирок, түзүлгөн келишимдердин көпчүлүгү (дээрлик баары десек да болот) мыйзамдарды бузуу менен, мамлекеттин кызыкчылыгы толугу менен эске алынбай кабыл алынып калгандыгы жөнүндө эл арасында качантан бери эле нааразычылыктар айтылып келе жатат.

– Кыргыз өкмөтү эл аралык сотто “Центерра Голд Инк” компаниясынан жеңилип калганы үчүн аргасыз 2009-жылдагы келишимди ишке ашырууга аргасыз болдубу же бу сапар да тымызын соодалашкан, жең ичинен маселе чечкен жагдай орун алдыбы?

– Бул маселени иликтөө зарыл. “Кыргызалтындын” жетекчиси “кайтарылып жаткан жер корукка тиешелүү эмес”- деп элди ынандырууга аракет кылып жатат. Эгер анын айтканы чын болсо, анда өкмөттүн токтомдорунун кайсынысы туура жана кайсынысы туура эмес деген маселе жаралат. Мен ойлойм, бул маселени жөн калтырышпай Жогорку Кеңештин депутаттары, эксперттер да өз сөздөрүн айтышы керек.

– Бул маселе да элди дүрбөтүп, кырдаалды курчутуп жибербейби?

– Өкмөт “жаңы келишим боюнча Кыргызстанга түшө турган төлөмдөр кескин түрдө көбөйдү, мындан ары экология маселелерге өзгөчө көңүл бөлүнөт”- деп жарыялады. Эми жаңы келишимдин башка шарттары, анын ичинде мдмлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн маселелер кандай деңгээлде каралгандыгы жөнүндө жеткиликтүү маалыматтарды коомчулукка жеткирип турушу керек. Антпесе, биздин ашыкча саясатташкан коомдо, кырдаалды курчутуу үчүн “жумурткадан кыр издеп” турган ар кандай күчтөр даяр турганын эстен чыгарбашыбыз керек.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *