Абдырахман Маматалиев, экс-вице-премьер-министр: “Өкмөттү  кетирүүгө чакырган күчтөр активдешүүдө”

— Абдырахман Мадакимович, коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан күрөшкө карата көз карашыңыз кандай?

— Жакшы эле башталды эле, бирок, акыркы мезгилде эл арасында бир аз ишеним азая баштагандай. Өкмөттүн алсыздыгы, бир топ өкмөт мүчөлөрүнүн дарегине коомчулук тарабынан айтылган сын-пикирлерге эч кандай чара көрүлбөгөндүгү, татыксыз кадрлардын жетекчилик кызматтарга дайындалышы ж.у.с. маселелер жарандык коом тарабынан байма-бай көтөрүлүп, коомчулукка жеткирилүүдө. Албетте, ушунун баары өз таасирин тийгизип, калктын калың катмарында терс ой-пикир пайда болууда.

— “Өкмөттүн начардыгы” дебедиңизби? Мунун себеби эмнеде, кадрлар туура эмес тандалып жатабы?

— Азыркы өкмөттүн курамынын көпчүлүгү мурдатан калган «мурас» экендиги баарына белгилүү да, алардын арасында дарегине коррупциялык багыттагы дооматтар айтылып жүргөн, эч качан алгылыктуу иши болбосо да бир кызматтан экинчи кызматка секирип жүргөн, «отко салса күйбөс, сууга салса чөкпөс», мурдагы бийликтин ишенимдүү кадрлары жүрүшөт. Булар эч качан коррупция менен күрөшпөйт, көпчүлүгү өздөрү «шектүү иштерге» аралашышкан.

— Мындан бул өкмөт деле көпкө узабайт го деген тыянак чыгарсак болобу?

— Бул өкмөт жаңы бекигенде эле кандайдыр бир компромисстик макулдашуулардын жыйынтыгы экендиги билинип турган. Тилекке каршы, биринчи жарым жылдыктын көрсөткүчтөрү да жакшы болбой, көйгөйлөр көбөйүүдө. Акыркы мезгилде өкмөттүн дарегине кескин сын-пикирлерди айтып, аларды кетирүүгө чакырган күчтөр активдешүүдө. Күздө парламент ишин баштаса, ар кандай варианттагы кырдаал түзүлүп калышы мүмкүн. Албетте, мамлекет башчысы, өкмөт жетекчиси кырдаалды көзөмөлдө кармап, алдын ала чечкиндүү чараларды көрүшөт го деп ойлойм.

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *