Абдышүкүр ажы “азандан чоочубагыла” деди

Кыргызстан аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр ажы Нарматов азандын үнүн кичирейтүү боюнча оюн билдирди. Ал Бишкектин 12-кичи районундагы мечиттеги жума баянында азан айтылган учурда шайтан ал жерден кача турганын айтып, азандан чоочулаштын зарылчылыгы жок экенин кошумчалады. Ошондой эле ал ММКлардагы “Абдышүкүр ажы бийликти укпай, мечитинде азандын үнүн бийиктетип жатат” деген сөз чындыкка дал келбей турганына токтолду. “Келип текшерип көргүлө, биз эч кандай үндү бийиктете турган аппарат койгон жокпуз. Бул жалган сөз. Калп айтуудан корккула. Эмне, азандан чоочулайсыңарбы? Пайгамбарыбыз өзүнүн хадисинде “Азан айтылган кезде азанды уккан шайтан качат” – деп айткан”, – деди Абдышүкүр ажы Нарматов.

Эске салсак, буга чейин “шаардыктардан даттануулар түшүп жатат” деген шылтоо менен Бишкектин мечиттеринде таңкы жана кечки азандардын үнүн кичирейтүүгө буйрук берилген эле.

4 comments

  • Адилет says:

    Мен ошол жерде жашайм эртен менен ун кучоткуч менен кыйкырасынар ,кантип кудай деп туруп кантип калп айтасынар силерди коруп туруп мен уялып кетип жатам . Менин бир жашка чыга элек кызым бар саат беште ойгонот силердин азанынар менен кошо. Бир куну айтсак сиздин жардамчыларыныз угуп да койгон жок, силер шайтанды качырбай эле чакырып жатасынар.

  • Адамдар озу кызыкбыз себеби,биз бироо жарым тагыраак айтканда коншуларыбыз же алыскы жерде бироо жарым,музыканын коштоосунда,танкы саат бештен ,данкылдаган музыка м.н той откоруп жаткан болсо,ичибизден тилек кылабыз мен да,ушундай той кылайын деп,балабыздын уйкусу бузулуп жатканын карабастан,Ал еми жаныбыздагы мечиттерден чыгып жаткан азандын унун уксак моминтип кыска ойлоп жооп берип койобуз!Азандан сон дуба кылып бала чакабыздын омурун ж.а ыйман ынсабын суроо ордуна!Ошол колубуздагы балага ,айтылып жаткан азан аркылуу ат коюлуп азан аркылуу мусулман болуп жатканын унутпайлы!

  • Замир says:

    Адамдар эмне болуп баратат тообо Азанды угуп суйунгондун ордуна даттанганын кара ыйманы жоктор

  • Нур says:

    Устаздан Аллах ыраазы болсун уй-булоосуно тынчтык болуп дайыма чындыкка чакырып журо берсин. Ит уро берет кербен журо берет. Парзды аткарган убакта эч ким каршы чыкбайт качан суннот аткарылганда Шайтандын досу болгон Инсандар куйкаланып чыга башташат.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *