Абдыжапар Бекматов, БШК төрайымынын орун басары: “Соттун айыптоо өкүмү күчүнө кире элек болсо, БШК кайсы талапкер болсо да каттаганга милдеттүү”

– Абдыжапар Гапырович, кечээ жакында коррупция жана алдамчылык сыяктуу оор беренелер менен айыпталып, УКМКнын СИЗОсунда отурган Өмүрбек Текебаев президенттикке талапкер катары БШКга арыз менен кайрылганы белгилүү болду. Укуктук жактан алганда, анын талапкер катары катталууга канчалык мүмкүнчүлүгү бар?

– Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кецештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзамда так көрсөтүлгөндөй, КР жарандары жана саясый партиялары президенттикке талапкерди көрсөтүүгө укуктуу. Башкача айтканда, мындай укук эки субъектке берилген. Биринчиси, жарандарга өзүн-өзү жылдыруу менен, экинчиси саясый партияларга өздөрүнүн курултайларында, конференцияларында талапкерди жылдыруу боюнча атайын чечим кабыл алууга. Албетте, президенттикке талапкерлерге коюлчу талаптар бар. Кыргыз Республикасынын жараны болуп, акыркы он беш жылда мамлекеттин аймагында жашаган 35 жаштан кем эмес, 70 жаштан ашык эмес, пассивдүү шайлоо укугу бар жарандар президент болуп шайлана алышат. Ошого ылайык, азыркы күндө эки жаран өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен президенттикке талапкер катары атайын арыз менен кайрылышты. Өмүрбек Текебаев жана Назарбек Нышанов. Эми алар өздөрүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн көрсөтүшү керек, анан БШК атайын отурумунда бул жылдырылган талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн бекитет. Алар мыйзамда көрсөтүлгөн 30 миңден кем эмес шайлоочулардын колун чогултууга милдеттүү. БШКнын атайын адистерден турган жумушчу тобу колдордун ырастуулугун текшерип, тиешелүү корутунду берип, тиешелүү справкалар чогултулуп, бир миллион сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсү коюлгандан кийин БШК жылдырылган талапкерди каттоо, же каттоодон баш тартуу боюнча чечим кабыл алат. Эми каттоо мөнөттөрү жөнүндө айтсак, талапкерди көрсөтүү мөөнөтү шайлоо дайындалгандын эртеңки күнүнөн баштап шайлоого 75 күн калганга чейин. Башкача айтканда, 1-августка чейин талапкерлерди көрсөтүү процесси жүрөт. Андан соң шайлоого 50 күн калганга чейин чогултулган колдорду, шайлоого 45 күн калганга чейин тиешелүү бүт документтерди БШКнын жумушчу тобуна тапшыруулары тийиш. Шайлоого 35 күн калганга чейин БШК ошол жылдырылган талапкерлерди каттоо боюнча маселелерди карайт. 10-сентябрда бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктайт. Ошол күндөн тарта үгүт иштери башталат.

– Текебаев талапкер катары катталды дейли. Ошол замат кол тийбестикке ээ болуп, эркиндикке чыгабы?

– Анын баш коргоо чарасын укук коргоо жана сот органдары чечишет. Бул нерсе БШКньш милдетине, ыйгарым укуктарына кирбейт. Бизге берилген документтерди кароонун мөөнөтү бүткөнгө чейинки мезгилде пассивдүү шайлоо укугу болсо, башкача айтканда, соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кире элек болсо, БШК кайсы талапкер болсо да каттаганга милдеттүү. Эгер катталгандан кийин соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирчү болсо, анда БШК өзүнүн каттоону жокко чыгаруу боюнча чечим кабыл алышы керек.

– Катталгандан кийин деле кол тийбестик укугунан ажыратыла береби?

– Катталганга чейин сот өкүм чыгарган болсо, ал тиешелүү мөөнөттөн кийин мыйзамдуу күчүнө кирет да. Ал кийинки инстанцияларга арыз менен кайрылышы мүмкүн. Ушундай мөөнөттөрдө каттоо процесси келген болсо, ал каттала берет. Бирок, соттун айыптоочу өкүмү шайлоо күнүнө чейин беш күндөн кем эмес убакытта күчүнө кирип калган болсо, анда БШК өзүнүн каттоо чечимин жокко чыгаруу боюнча кабыл алышы керек.

– Оппозиция өкүлдөрү «быйылкы президенттик шайлоо 19-ноябрда өтчү болсо, азыркы президенттин ыйгарым укуктары мыйзамсыз узарып кетиши мүмкүн» деп парламентте маселе коюшкан болчу. Эми шайлоо 15-октябрга белгиленген соң аны өз мөөнөтүндө өткөргөнгө кепилдик барбы?

– Шайлоо эки тур менен өтсө дагы жыйынтыгын өз мөөнөтүндө чыгарып, расмий жарыялап, инаугурация өткөзгөнгө бизде шарттар да, мүмкүнчүлүктөр да бар. Жогорку Кеңеш атайын токтом кабыл алгандан кийин биз БШКда шайлоону даярдоо, өткөрүү боюнча уюштуруучулук-практикалык иштердин календарлык планын иштеп чыгып, бекиттик. Шайлоого кетчү каржылык чыгымдардын сметасы да бекитилди. 671 миллион сом өлчөмүндө каражат жумшалмакчы.

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *