Абиш Халмурзаев: “Мени губернаторлукка Икрамжан Илмиянов же Жеңиш Разаков эмес, Сооронбай Шарипович өзү чакырды”

Дубандардагы облус башчыларынан маек алмай саамалыгыбыздын соңу Баткен облусун 1 айдан бери башкарып жаткан Абиш Алыбаевичке келди. Өрүк заарлуу аймактын кожоюну менен өрөөндөгү чек ара чыры баштаган түмөн-түйшүктүү көйгөйлөр, кызматтык секириги, Баткенден чыккан белгилүү персоналар, жергиликтүү элдин борбордук бийликке карата мамилелерин билүү үчүн коңгуроо кагып турган кербезибиз.

– Абиш аке, бир айдан бери Баткендеги кандай көйгөйлүү иштер менен алышып, ишти баштадыңыз? Экс-губернатор Жеңиш Разаковдон сиздин энчиңизге түйшүгү түмөн кайсы чечилбеген темалар калыптыр?

– Менин энчиме чейин деле биздин Баткен облусунда көп жакшы иштер жасалып келген. Мен келгенден тарта биздин облустагы баягы эле чек ара чыры, жол жана суу көйгөйлөрүнө тийиштүү маселелер менен алпурушуп, бу жааттагы иштерибизди баштадык. Айрыкча, Тажикстан менен чектешкен Таш-Тумшук, Аксай, Самаркандектеги чек ара тилкелериндеги абалды жеринде көрүп, ал жерлердеги Кыргызстандан жол кирбеген Анклав болуп калган миңдеген гектар жерлерди коңшулар менен чечишүү боюнча иштер тууралуу сүйлөшүп жатабыз. Эми кошунаны тандап ала-албайсың, коңшуңду Кудай берет да. Кудай буюрса, бул жерлердеги эки эл тең тынчылыкта жакшы жашап жатышат. 31-августка карай Ворух, Аксай, Самаркандек деген 3 жерибизге кыргыз мамлекетинин эгемендикке жетишкен 25 жылдыгыбызга карата майрамдык салтанат өткөзүп, мейманга коңшу жайгашкан тажик туугандарыбызды да чакырган жатабыз. Спорттун түрлөрү боюнча ар кандай мелдештерди уюштуруп, муну менен коңшулаш эки элдин ортосунда болуп кетчү ар кандай жаңжалдардын алдын-алып, ынтымагын арттырууну көздөп жатабыз. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, соңку бир жылдан бери жогоруда аталган чек ара тилкелеринде майда-барат чыр-чатактар болуп келгени менен мурункудай эки тараптуу ири жаңжалдар жүз бербей, эки эл тең ынтымакта күн кечирип калышыптыр. Жакында эле Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси бизге келип кетти. Элчи мырза менен да эки тараптуу иштерди биргеликте чечүү, эки элдин ынтымагын арттыруу боюнча жакшы отуруп, сүйлөшүп алдык. Алар деле биз менен эки тараптуу ынтымакта болууну каалашат.

– Өрүктөрдүн түшүмдүүлүгү, баасы кантип жатат? Баткендиктердин каранып, көзгө тутунаары эле өрүк эмеспи…

– Өрүктөрдүн баасы азырынча арзан болууда. Буга дейре эки тараптуу ар кандай жаңжалдардын улам коңшулар менен чек араларыбыз жабылып калган. Эл азыр чек араны куру дегенде жуманын ишемби күнү ачууну абдан суранып жатышат. Анткени, аптанын ишемби күндөрү Самаркандектеги ири базарга чек ара ачылып калса, жергиликтүү элибиз өрүгүн коңушаларга экспорттоп, жакшы баада сатып алышаарын жашырышпады. Элдин мындай сунушун өкмөткө жолдоп, жогорку бийликтен биз да суранып, карап көрүүнү убада кылдым. Негизи элдин суранычы боюнча, коңшулар менен чектешкен чек араларыбыз ачылса өрүктөрдүн баасы бир аз болсо да кымбаттап, жергиликтүү элдин капчыгына жакшы тыгынчык пайда болмок.

– Өрүк заарлуу аймакты соңку убакта чек ара чырысыз элестетүү мүмкүн болбой калбадыбы? Биздин өлкөнүн Тажикстандагы элчиси, генерал Мирослав Ниязов эки тараптуу такталбаган чек ара тилкелерин жүзөгө ашырууда Баткен облусунун эли үчүн кандайдыр бир иш-аракеттерди көрүп жатканынан кабар алдыңызбы?

– Албетте, ал киши деле колунан келген көмөгүн кылып жаткандыр. Маселен, өзүм облуска губернатор болуп келээрим менен биздин аймактагы коңшу Өзбекстан, Тажикстанга кынапташ жайгашкан кооптуу делген чек ара тилкелерин кыдырып, андагы көйгөйлөрдүү чечүүнүн камында чапкылап жүрөм. Коңшулаш эки эл жана биздикилер деле чыр-чатаксыз маселе чечилбесин түшүнүп калышыптыр. Азыр карапайым эл өз түйшүктөрү менен алпурушуп, коңшуларыбыз менен тынчылыкты каалап жашап жатышат. Сох дарыясынын чек арасында суу көйгөйү бар экен, ал маселе боюнча Сооронбай Шариповичтин өзүнө кайрылсам, жакын арада премьер-министр өзү келип, көйгөйлүү иштерди өз көзү менен көрүп, элибиз үчүн суу маселесин жеринде чечип кетээрин билдирди. Сооронбай Шарипович бул маселебизди чечип берсе, миңдеген гектар жерлерибиз суу менен камсыз болуп калат эле.

– Борбордон эң алыс жайгашкан, шарты катаал Баткен облусуна борбордук бийликтеги президенттик аппарат менен өкмөттүн курамындагы чиновниктер, парламент депутаттары барып, кабар алып турушат бекен? Барышса кимдери барышат экен?

– Албетте, келгендери келип эле турушат. Жакында Кызыл-Кыя, Лейлекте сел болгондо өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов өзү чапкылап келип, жабыркаган аймактарда болуп, колдон келген жардамын берип турду. Жол транспорт министри Замирбек Айдаров да телефон аркылуу облустагы өзү башкарган тармак боюнча ал-абалды билип турат. Ал эми чек ара көйгөйлөрү боюнча президент менен премьер-министр жеке өздөрү маалымат алып, кырдаалга абай салып, өзгөчө көңүл буруп турушат. 24-августан баштап биздин өрөөнгө лидерибиз Иса Өмүркулов баштаган парламенттеги эл өкүлдөрүбүз келишип, эл менен жолугушуп, көйгөйлүү маселелер боюнча кабар алганга камынып жатышат.

– Кызыл-Кыя шаарынын мэрлигинен Баткен облусунун губернаторлугуна карьералык секирик жасашыңызга мурдагы губернатор, азыр вице-премьер-министр Жеңиш Разаковбу же президенттин кеңешчиси, айтылуу Икрамжан Илмияновбу, балким мурдагы баш прокурордун орун басары болгон үкөңүз Абдибакыт Халмурзаевдин салымы болдубу? Жогорудагы 3 персонанын кимисинин көмөгү көп тийди?

– Мени өкмөт башчыбыз Сооронбай Шарипович өзү чакырып, азыркы кызматымды сунуш кылды. Кезегинде мен Баткен облусунда бир катар кызматтарды аркалагам. Облуста кандай көйгөйлөр, кандай түйшүктөр бар экенин жакшы билем дегендей… Азыр мамлекет тарабынан 2010-жылдан кийин абдан жакшы жумуштар жасалып жатат. Шарты катаал аймак болгондуктанбы, бийликтеги жетекчилерибиз дагы биздин облуска өзгөчө көз-кырларын салышып, колдон келген жардамдарын беришүүдө.

– Баткенде карапайым элдин бүгүнкү борбордук бийликке, андагы жетекчилерге болгон маанайы кандай экен?

– Кудайдын алдында туруп, бар чындыкты айтайын, бүгүнкү борбордук бийликке болгон биздин облустун тургундарынын маанайлары абдан жакшы болуп, көз-караштары да жакшы жагына өзгөрдү. Себеби, буга дейре электр тогун коңшу Тажикстандан алып келишсе, алар каалаган учурунда өчүрүп салышса, азыр бул көйгөй жөнгө салынган. Жол көйгөйү боюнча буга дейре Кадамжайдан Баткенге 3 саатта келишип, жолдон Сохтон абдан кыйынчылыктарга дуушар болуп келишсе, азыр 1 саатта келип калышты. Жаңы мектептер курулуп, эскилери капиталдык ремонттон өтүп жатат. Жакшы эле иштер болуп жатпайбы.

– Мурдагы чек ара кызматынын төрагасы, азыркы “Генералдык штабдын” башчысы, генерал-майор Райимберди Дүйшөнбиевге карата элдин пикири кандай экен? Ал киши да убагында чек ара көйгөйлөрү боюнча эки тараптуу кооптуу абал жаралганда жакшы иштерди аткарган да, туурабы?

– Эл биринчи Баткенге президентибиздин көп көңүл бурганына абдан ыраазы экен. Ошондой эле чек ара боюнча генерал Райымберди Дүйшөнбиевдин, Жеңиш Разаковдун, Баткенге келип, чырлуу аймактарда мекенге болгон милдетин аткарып жатышкан жалпы чек арачылардын эл үчүн кылган иштерине, албетте, биздин тургундар ыраазы эле экен. Мен муну көп байкап жатам. Ошондуктан, бир жылдан бери чырлар жүз бербей, тынчып эле жыргап калдык да…

Калыгул Бейшекеев, “Азия news

1 ой-пикир

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *