Мухаммедкалый Абулгазиевдин эмгек таржымалы

Фарид Ниязов өз каалоосу менен арыз жазып, кызматын таштап кеткенден бери эки жумага жакын убакыттан бери бош турган президенттин аппаратынын жетекчилигине Мухаммедкалый Абулгазиев дайындалды. Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Мухаммедкалый Абулгазиев 2010-жылдан 2016-жылга чейин социалдык фонддун төрагасы болуп эмгектенген. 2016-жылдан 2017-жылга чейин биринчи вице-премьер министр, андан соң президенттин кеңешчиси, 2017-жылдын сентябрынан тартып президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары кыз­матын аркалаган.

Булак: Фабула 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *