Абылгазиев доллардын курсу кандай болорун айтты

Кыргызстанда доллардын курсу 73 сомдон ашпайт. Бул туурасында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев брифинг учурунда билдирди. Анын айтымында, мунайзат баасынын түшүшү Казакстан менен Россиянын, анын ичинде Өзбекстандын валютасына да таасир бергенин белгиледи.

«Дүйнөлүк кырдаалга жараша Улуттук банк менен биргеликте талдап көрүп, сомдун курсун түшүрүү чечимин кабыл алдык. Азыр бир сомдун долларга болгон баасы 73 болуп турат. Биз ушул чектен ашырбай кармайбыз», — деди Абылгазиев.

Ошондой эле рублдын курсу 10 пайызга, теңгенин курсу 4,2 пайызга арзандаганын кошумчалады.

Булак: “Мантыш”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *