Абылгазиев өкмөттүн чалмакейин чыгарды

Өкмөт башына Мухаммедкалый Абылгазиевдин келгенине бир жыл төрт ай болду. Бул аралыкта министр агенттик жана жогорку кызматтардын 20дан ашуун жетекчилери алмашыптыр. Иштей албайт, коррупцияга шектелет, же жөн эле айдалат. Себептери да түшүнүксүз. Айтор, өкмөттө ырааттуу башкаруу жок. Анан кайдан инвестицияны, жумушчу орундарды, экономиканы жана өндүрүштүн өнүгүүсүн оозанабыз? Өсүүнү мындай кой, өлкөдө туруктуулук сакталбай, чек ара чатактары, улут аралык жаңжалдар чыгып атпайбы? Ушунчалык чалмакейди чалган, элдин кыжырын кайнаткан Абылгазиевди качанкыга чейин кастарлап отурабыз? «Ооруну жашырса өлүм ашкере кылат» дейт. Анын сыңарындай, арты жамандык менен аяктап калганча тезинен Абылгазиевди кызматынан кетирип, иштей турган премьер-министрди дайындаса болот да! Чабал өкмөткө эл арасында кыжырдануу курчуп кетти. Президент Сооронбай Жээнбековго да сөз тийип, күн өткөн сайын рейтинги түшүп атканын кайда жашырабыз?..

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *