Абылгазиевге 6 миллион элдин тагдыры 1 тыйынбы?

Өткөн жылда Кыргызстандын экономикасы 3,5 пайызга өскөнүн жар салышып, өкмөт маалымат таратты. Бул жааттын тилин билгендер үчүн күлкүлүү«жаңылык». Себеби, мурдагы жылы экономикалык өсүш 4,5 пайызды түзгөн. Ошондо Абылгазиевдин өкмөтү элди адаштырып, алдап аткан болобу? Албетте!
Дагы бир факт: 2015-жылы сырттан келген инвестиция 820 миллион долларды чапчыган болсо, 2017-жылы 503 миллион долларга араң жеткен. Көрдүңөрбү, мындан үч жыл мурункуга салыштырмалуу кескин түрдө артка кеткенибизди? Учурда Кыргызстанга инвесторлордун келишине коркунучтар арбын. Себеби, буга чейинки иштеп аткан кен байлыктарыбыздын баарынан чатактар чыкканын, тынчыбаганын «Азия Ньюстун» өткөн сандарында жазганбыз. Айтор, иш жүзүндө өкмөт сырттан каржы булактарын тартууда жөндөмсүз болуп чыкты. Ири долбоорлорду көздөгөн насыялар, гранттарды апкелүү кыялдагы жомок сыяктуу эле сезилип калды.

Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстанда гана ушундай кейиштүү көрүнүш. Ал эми Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстанда жылдан-жылга кандайдыр бир деңгээлде алдыга секириктер, өсүүлөр болууда. Аларда өндүрүш жолго салынып, соода-сатыктын баардык түрлөрү ыраатка түшүп, мамлекет ишкерлер менен фермерлерине шарт түзүп берген. А биздеги бир эле мисал, былтыр айыл чарба министрлиги картошка айдоо боюнча багыт берет да, күз келгенде анысынан айнып кетишет. Учурда картошканын баары арзандап, чирип атканы көкөйүбүзгө көк таштай тийди.

Ток этери, өкмөт башчы Мухамметкалый Абылгазиев экономиканы өстүрмөк турсун, артка тартканын цифралар аныктап турат. Буга 6 миллион элдин тагдыры 1 тыйынбы? Жооп жок! Эми өнүгүүнү айтпай эле коёлу, өлкөдө тынчтык болбой атпайбы. Токмоктогу «контрабандисттердин» чек арада атышуусу болуп, Казакстанды үркүттүк. Чек ара постту аз убакытка жабылып барып, кайра ачылды. Кытай, түкүрүк митингдери бүтсө, цирктин кызматкерлери, дарыгерлер Акүйдүн астына пикетке чыгышат. Өлкөдө элдин маанайына жараша саясат жүрбөй атканы, кадрдык тандоо болбой калганы, ток этери, Абылгазиев өкмөтү менен өчөйгөнү ачык көрүндү. Колунан «кокон тыйын» келбегенден кийин калктын каарына калбай сыйы менен кетпейби? Дал ушунун шөмтүрөктүгүнөн президент Сооронбай Жээнбеков министрлерди кабыл алып, өзү баардык көйгөйлөргө аралаша баштады. Эгерде өкмөт тың болгондо президент тышкы саясат менен алектенип, ири долбоорлор үчүн инвестиция тартуу жагынан алектенсе болмок да.

Кыскасы, тез арада Абылгазиевди отставкага кетирип, ордуна ишбилги жетекчини апкелбесек, жазда элге эмне деп жооп беребиз?..

Тайлак Назымов

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *