Абжалиевдин баласын жоопкерчиликтен арачалоо амалы

Учурда коомчулукта 7-июль күнү Чолпон-Атага жакын жерде “ВМW Х7” менен “Lexus” автоунаалары кагылышып, анын кесепетинен “Lexus” автоунаасынын ичиндеги төрт жаш жигит каза болгон кырсык кызуу талкууланып жатат. Президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы, депутат Алиярбек Абжалиевдин баласы Темирлан Токобеков катышкан төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча машинанын айдоочусу делген Элдияр Халмурзаев окуя тууралуу үн катты. Анын айтуусунда, кырсыкка алардын алдынан чыга калган машина себепкер экен. Эл бул жагдайды, күнөөнү кайтыш болгондорго оодарып, жоопкерчиликтен качуу амалы катары баалашууда. Социалдык тармактарда машинаны депутаттын баласы Темирлан башкарып баратканы боюнча да маалыматтар арбын айтылып жатат. Өкүнүчтүүсү, чырактай балдарынан ажыраган ата-энелерге Абжалиев эң кур дегенде басып барып бата кылганга да жараган жок. Мындай мамиле колуңардан эмне келет дегендей тоготпостук экени сынга алынууда. Айткандай, кайтыш болгон 4 баланын бирөөсү Жогорку Кеңештин депутаты Алмаз Токторовдун жардамчысы болот.

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *