Адахан Мадумаров, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери: «Алты жыл бою Атамбаевди алты жагынан ороп алган азаматтар бүгүн мени Атамбаевге жармаштыра алышпай кыйналып жатышат»

— Адахан Кимсанбаевич, акыркы учурда сизге карата маалыматтык чабуул күчөдү. Бул аракеттин артында бийлик турат деп түшүнөсүзбү? Же башка саясий күчтөрдүн жасаган ишиби?

— Мындай кубулуштар, көрүнүштөр чейрек кылымдан бери келатат. Мадумаровго асылбаган кайсы жагымпоз калды дейсиң? Эч ким калган жок. Акыркы асылууларда бийлик тарабынан дагы, бийликке кызмат көрсөтүп шыйпаңдап жүргөн, күндүзү жолукканда кучакташып “Кандайсыз? Биз сиз менен биргебиз, пикирибиз бир” деп жүрүп, түндө карамүртөздүк жумуштарын аткарып жаткандар дагы бар. Бардык тараптан бар. Себеби, эки тарабына тең коркунучтуубуз. Бийликте тургандардын
арамдыгын, бийликке жетпей калып, алар менен тил табыша албай кыйналып, орто жолдо арсар болуп жүргөндөрдүн дагы абалын билебиз. Бул багыттан алганда эки тарап бир максатты колдонушат дагы, Мадумаровго аябай чоң маалымат согушу жарыяланып, чоң акча каражаттар бөлүнөт. Көптөгөн “бакма калемгерлер” ушул учурдан пайдаланып тыйын таап калышат. Менин атымды пайдаланып акча таап жаткандар дагы аман болсун деп айткам. “Биз сизди ушинтип жазып койгонго мажбур болдук. Себеби, каражат керек болуп жатат” деп кээде өздөрү айтып беришет. “Бизге акча төлөп берип жатышат. Сиз туура түшүнүп коюңуз. Чынында сизге карата пикирибиз жакшы эле” дегендери да бар. Булардын жеген нандары, ичкен аштары кандай болот? Ошентип тапкан акча менен багып жаткан балдарынын кийин акы-бетин көрөбү же көрбөйбү? Жалаң гана ушак-айың, каралоо менен тапкан оокаттары кандай болуп буйруйт, кантип аны сиңирет? Бул башка маселе. “Эми түшүнөсүз да, тигил кишилер менен иштешип жатабыз” деп айтышат. Тигил кишилер дегенде мени менен кучакташып, “Биргебиз” деп жүргөндөрү да бар. Алар мени билбейт, байкабайт деп ойлошот. Кээ бир калемгерлерди чакырып, алар менен кеңешип, “Айына ушунчадан төлөп беребиз, бизге иштеп бергиле. Ушундай шартыбыз бар” дегенине макул болуп кеткендери көп. Ушул сунушка баш тартып, барбай койгон калемгерлер дагы бар.

— Каралоонун максаты эмнеде?

— Кыргызстанга адилеттүү, таза бийликти келтирбөө. Мамлекет, эл үчүн күйө тургандарды бийликке жакындатпоо. Бул багытта алып караганда кыргыз саясатында жүргөн азаматтар гана эмес анча-мынча четтеги мамлекеттер дагы кызыкдар. Себеп, Мадумаровдун Кыргыз мамлекетиндеги ар кандай кен байлыктарга мамлекеттин өзүнүн ээ болуп калуусун каалаган саясатына алар кызыкдар эмес. Кыргызстанды бөлүп-жарып, темирин бирөө, алтынын бирөө, көмүрүн башкасы, сымапты бирөө алып кете турган күчтөр көп. Тегерегибизде күчтүү саясат жүргүзүп, күчтүү экономикалык басым жасап, ар кандай карыздарга батырып коюп, ар кандай шарттарды таңуулай турган мамлекеттер бар. Алар, эгер Мадумаров сыяктуу күчтүү инсан бийлик башына келип калса, алардын кара ою, ниети ишке ашпай кала турганын билишет. Ошондуктан, күчтүү инсанды келтирбей коюш үчүн кыргыз “бакма калемгерлерди” кыргыз саясатчыларына каршы тукурат. Акча каражаты менен иштетет. Бул ыкма бардык мамлекеттерде колдонулат. Айрыкча, Кыргызстанда катуу колдонулуп жатат. Себеби, биз калемгери, саясатчысы, ырчысы
болобу акчаны аябай жакшы көргөн, ага тезирээк ооп кеткен жагынан өзгөчөлөнүп турабыз. Алардын максаты Кыргызстанга эч качан мекен сүйүүсү күчтүү, таза, адилеттүү бийликти келтирбөө.

— Саясий лидерлерди каралоо башталып жаткан соң жакынкы мезгилде шайлоо өнөктүгү орун алып калышы мүмкүнбү?

— Согуштун эрежеси менен айтканда жөө аскерлерди киргизээрдин алдында учактар менен бомбалап кетет. Анча-мынча калгандарына артиллерия колдонулат. Бардык жерди бомбалап салгандан кийин гана жөө аскерлер коё берилет. Ошол сыяктуу, кыргыз саясаты эч кандай жаңылык ачпайт. Азыркылар деле эскилердин калдыктары. Күчтүү саясатчыларга каршы кандайдыр бир кампания башталганда бир нерсенин алдында турат экенбиз деп жоромолдоп койсо болот. Бул үчүн көзү ачык болуштун кереги жок.

— Ушул жылы мөөнөтүнөн мурун парламенттик шайлоо жарыяланып калат деген ойдосузбу?

— Эгер бүгүнкү күндө бийликте турган адамдардын аң-сезими ордунда болсо, тез шайлоо буларга ыңгайлуу. Себеп, убакыт буларга каршы иштеп жатат. Азыркы бийликтин кадыр-баркы күндөн-күнгө жаанда калган кесектей болуп эзилип жок болууда. Көзгө көрүнөөр жумушу жок. Экинчи жылга кетти, эки жылда эки жаңы ой, идея болбоду. Эл ишенип, үмүт арта берет. Күлүп койсо жакшы күлөт экен дейт. Бирок, күлгөндүн артында көрсөтө турган иш болушу керек да. Ошол иш, жылыш жок да азыр. Бардык көрсөткүчтөрдү алып караңыз, айыл чарбасын, мамлекеттик курулуш, бала бакча, мектеп, оорукана, жол курулуштары дээрлик токтоп калды деген маселе. Ошонун кесепетинен куржунду толтуруу үчүн ар кандай ыкмаларды таап атышат. Түкүрүктөн пул жасап жаткандан кийин аман болгула дейсиң.

— Мадумаров мурунку президент Атамбаев менен иштешип, андан 100 миң доллар акча алыптыр деген маалымат тарады. Экс-президент менен чын эле бир болууну чечтиңизби?

— Булардын абийиринин жоктугу, коомго ким жат көрүнүп калса, мени ошого жармаштыра коюш керек. Алты жыл бою такыр Атамбаевге жакындаткысы келбеген, Атамбаевди алты жагынан ороп алып, Мадумаров деген «бөкөчөнү» жолоткусу келбеген азаматтар бүгүн мени Атамбаевге жармаштыра алышпай кыйналып жатышат. Аларда ариет, намыс деген жок. Бакиевге жармаштырып бүтүштү. Ал эскирип калды. Кыргызстанга мокочо кылып көрсөтө турган жаңы киши табылып калды эле, ошого
сөзсүз түрдө Мадумаровду жабыштырып коюш керек.

— Атамбаев менен бетме-бет же болбосо телефон аркылуу сүйлөшүү болдубу?

— Эгерде коомду, калемгерлерди алдайм десең алдап коюшуң мүмкүн. Аллахты кантип алдайсың? Акыреттен үмүтү бар инсан калпты айта албайт. Мен Атамбаевдин өзүн көрмөк турсун, телефон менен да сүйлөшө элекмин. 2015-жылдагы парламенттик шайлоо өтө ыпылас бүткөндө, мен ал кишиге кирип жолугуп, ушундай арам нерселер болду деп көрсөткүм келген. Таптакыр жолотпой коюшкан. Акырында бүтүндөй документтердин бардыгын дискке жаздырып, Сапар Исаков аркылуу бердирип жибергенбиз. Сапар Исаков жеке колуна берген. Андан дагы жыйынтык чыгарган жок. Эч качан оозумдан жаман сөз чыкчу эмес эле. “Мадумаров уулун үйлөп, Атамбаев тоюн өткөрүп бериптир” деп жазгандарга“Жазасын Аллах берсин!” деп айттым. Бул өтө катуу сөз. Ушуну ойлоп таап чыгарып жаткандардын жазасын Аллах берсин. Башка сөзүм жок.

— Нарында Солтон-Сары кени боюнча эл менен жолукканы барганыңыз боюнча дагы Атамбаевден 50 миң доллар алган деген маалымат чыкты. Кимдин чакыруусу менен бардыңыз?

— Ошону ойлоп таап чыгышкандар баарын өздөрүндөй көрүшөт, арам сезишет. Баарын акча чечет деп ойлошот. Алар байлык менен бийликтин кулдары. Башка нерсени көрбөйт, ырахатын да туйбайт. “Кедей-кедейлигинен кедей эмес, тойбогонунан кедей” дегендей, булар тойбос кедейлер. Аларды Жараткан ушул дүйнөдө эле жазалап, көкүрөктөгү бүтүндөй мээрин, сүйүүсүн байлыкка берип койгон. Акылга сыйбаган нерселерди тек гана шайтан табат. Адам кейпин кийип алып жүргөн шайтандар Кыргызстанда аябай көбөйдү. Бүтүндөй коом арам оокатка аралашып калгандан кийин ушундай жин-шайтандар көбөйө берет. Карасаң саясатчы болуп жүргөнсүйт, саясаттын “С” тамгасын тааныбайт. Ойлоп тапканы өзүлөрүнө буйрусун. Миң-Булак деген 1800 жараны бар айыл экен. Бул биздин шартта орто айыл. Өтө суук экенине карабастан айылдагы маданият үйүнө эл батпай, кире бериш жерине чейин толуп турушту. Ошол күндөрү аба ырайы абдан суук болду. Ага карабай 3 саат олтурушуп, жыйынды
токтотпойбуз деп талап кылганы, элдин соңку чекке жетип калганынын белгиси. Ошол айылдын эли өздөрү жыйын өткөрүп, 3 жигитти жиберишиптир. Алар 2 жолу келип кетишти. Ошол күндөрү үй-бүлөлүк иштерим бар, алыстан келген коноктор бар болчу дегениме карабастан “27-декабрга коюп койдук, эл жыйын өткөрүп ушул чечимди кабыл алганбыз. Сиздин келишиңизди күтүп атабыз” деп аябай катуу суранышканынан, кудалар, келген коноктор толук кете электе, таң эрте жарык кирбей жатып ошол жакка чыгып кетүүгө мажбур болдум. Ошончо эл күтүп атса барышка милдеттүүсүң. Арамзаланбай ошол жолугушуунун видеосун көрсө кандай максатта чакырышканын, кандай күткөнүн билишмек. Аксакалдары, жаштары да “Биз сизди чакырдык, күттүк. Келгениңизге ырахмат” деп айтып жатышпайбы. Мен башында эле чакырган жерден калбайм, чакырбаган жерге өзүм барып жыйын өткөрбөйм деп айткам.

— Саясий оюнду күчөтүш үчүн түндүк-түштүк маселесин күчөтүүгө аракеттер башталды. Ушул өңүттө “Мадумаров эгер мен президент болсом аркалыктарды “тачка” түрттүрөм” деп айткан деген сөздү айтып жүрүшпөйбү. Ушул сөз сиздин оозуңуздан
чыкканбы?

— Муну ар шайлоодо көтөрүп чыгышат. Шайлоо сайын көтөрүп чыкканы “Жанышка чапан жапты” деген дагы бар. Жанышка чапан жапсам бирөөнүн чөнтөгүнөн акча алып жаптымбы?! Эми Текебаевди 60 жашка чыгышы менен куттуктады деп жаза башташат. Мен куттуктасам сенден тыйын алып куттуктадымбы? Же мамлекеттин бюджетинен тыйын алып куттуктадымбы? Мамлекеттик саясат менен жеке инсандын кандай тиешеси бар? Бул сасып-ирип кеткен товар сыяктуу. Улам-улам таңуулап, ооз тийип көрсөңөр дей берет. Ушуну жазгандар менен соттошуп, соттон жеңип алгам. Карандай калп экени далилденген.

— Абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев сиз тууралуу жеке пикирин айткан маектен соң Мадумаров менен Текебаев биригиши мүмкүн деген пикир жаралды. Буга чейин саясий талаада эки көз карашта жүргөн саясатчы биригиши мүмкүнбү?

— Менде биригүү деген сөзгө көңүлүм көк таштай калган. Айрыкча кыргыз саясатында арам ойлору менен келишип, мени көп күйдүргөн учурлар болду. Буга коомдун дагы жоопкерчилиги бар. Себеп, билбей туруп эле “Бирик” деп кыйкыра беришет. Менимче, эми кимдин-ким экенине көздөрү жетишти го. Талдап, анализдегенге мүмкүнчүлүк түзүлдү. Өмүрбек Чиркешовичтин берген маегин окуй электе, ар тараптан чуулдашып кетишти. Бир жерде олтурат элем, телефонум тынбайт. Бирөөсү “Ушинтип
айтыптыр, сиз кандай дейсиз?” деп сурайт. Ушунчалык көп телефон чалуулар болгондон кийин ошол маекти таптырып окудум. Текебаев өзүнүн жеке пикирин айтыптыр. Антип айтканга анын укугу бар. Мен 20 жылдан бери Текебаевди чыгаан, чанда чыга турган саясатчы деп айтып келатам. Жагабы, жакпайбы Текебаев деген фамилия соңку кыргыз тарыхында өз орду бар. Текебаевдин жасаган иштеринин кээ бирөөлөрү Кыргызстанга катуу зыян келтирген болсо, кээ бир мыйзамдары өлкөгө пайда алып келди. Жалаң эле мыкты, туура иш аткарды деген киши болбойт. Бааны тарых берет. Текебаев кесиби боюнча физик, мен тарыхчы. Тарыхта элдин дүйнө кабылдоо философиясы деген түшүнүк бар. Маселен, бизди 50 жыл бир жерге камап койсо дагы япон, немец, француз, англичан боло албайбыз. Генибизде, каныбызда кыргыз деген бар. Дүйнөнү кыргыз катары тааныйбыз. Ошон үчүн бөтөн мамлекеттердин башкаруу формалары биздин мамлекетке туура келбейт. Биз аны кабылдай албайбыз. Буга бир эле мисал. Кечээ жакында түкүрүккө каршы болуп бир жигит түкүрдү эле, эми кечирим сурап, 5500 сом айып пулду төлөш
үчүн тыйын керек болуп жатат. “Азамат экенсиң, биз сени менен! Туура кылдың! Биз колдойбуз!” деп интернетте
олтурган бүтүндөй интернет баатырлары. Франциянын борбору Парижде элдерге полиция зордук-зомбулук көрсөтүп, көздөн жаш агызуучу газ колдонуп койгону үчүн бир жигит полицияга катуу каршылык көрсөтүп, көпүрөдөн нары сүрүп өткөрүп койду. Көрсө, Франциянын бокс боюнча чемпиону болгон жигит экен. Ал өзү чыгып “Мен туура эмес кылдым. Полиция дагы туура эмес кылды. Мен башкаларга жакшы үлгү көрсөткөн жокмун. Муну мойнума алам” деп кечирим сурады. Ага 70 миң евро айып пул салды. Эл түнү менен таң аткыча 147 миң евро топтоп алып келгенде, ошол жигит кайрадан “Токтоткула, айып пулга төлөй турган акчадан 2 эсе ашып кетти. Мен ыраазымын” деп суранып элди токтотту. Мына ушул коом, мамлекет, биримдик. Ушул жигит биздин таламыбызды талашып, 70 миң евро айыпка жыгылды, акчасын биз беребиз деп түнү менен чогултушту. Кыргыз коомчулугунда ушундай болсо “Ажеп болуптур, жатсын ошол жерде” деп айтылат. Биздин талабыбызды талашты эле, биз үчүн күйүп кетти деген сезим жокко эсе. Элдин талабын талашып катуу азап чегип жатсаң дагы келип алыңды сурап койгонго жарабайт да. Дагы бир мисал, 1998-жылы Аскар Акаевич Ошко барып чоң жыйын өткөрдү. Облустун ошол кездеги актив деген “азаматтарын” жыйнаган. Ошол жерде Аскар Акаевичтен кыйкырып катуу талап кылышкан. “Улуу урматтуу Аскар Акаевич, Абсамат Масалиев менен Адахан Мадумаров экөөсүн эле камасаңыз эл тынчыйт. Карап олтурбастан камаңыз!” деп кыйкырышкан. Ошолордун бирөөсүнүн көзү өтүп кетти. Аллах акыретин берсин. Калгандарынын баары тирүү. Алар азыр да ошол күндү көрүп жүрүшөт. Бүгүн да дал ошондой жыйындарга катышышат. Бет, уят барбы? Жок. Акаевге “Он миңдеген завод, фабрикалар жарыбаган акчага кетип баратат, менчиктештирүү деген саясатыңызды токтотуңуз!” деп каршы чыгып жүргөнүбүздө, күн-түн КТРКнын “Ала-Тоо” программасынан чыгып, бизди жерден алып жерге сабаган журналисттер тирүү жүрүшөт. Завод, фабрикаларды талкалаганга каршы чыгып койгону үчүн Мадумаровду чейрек кылымдан бери тепкилешет. Ушул жигит туура айткан деп бир аксакал чыгып айта албайт. Себеп, коркот. Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетишине
жаңгак уюлу шылтоо болгон, чындыгында башка маселе үчүн кетирген эле деп 90 депутат эмес, 3 орун басарымдын бирөөсү айтып коё алдыбы? Айтып коё албайт. Коркушат. Бизде ушундай коом.

— Текебаев “Экөөбүздүн идеяларыбыздын 90 пайызы дал келет” деп айтты. Сиз менен ал кишинин саясаттагы идеяңар эки башка эмеспи. Текебаев кайсыл идеяларды айтып жатат?

— Саясатта эмес, жалпы адамдык жашоодогу принциптер жөнүндө айтып жаткан болсо керек. Саясаттагы көз караштар боюнча, ал киши башынан эле парламенттик башкаруу керек деп айтып келет. Мен андай башкарууга түбүнөн каршы болуп,
президенттик башкарууну айтып келем. Мамлекеттин кожоюну болуш керек, өлкөдө жоопкерчиликти бир киши мойнуна алышы керек деп келатам. Ушул багыттан биздин көз караштарыбыз дал келбейт.

— Сиз мамлекетте тартип болушу керек деп келатасыз. Жаңы жылдан баштап жаңы мыйзамдар күчүнө кирди. Эми түкүрүп койгон кишиге эле 5500 сом айып пул салынат. Элди айып пул салуу менен тартипке чакырса болобу?

— Өзү тынымсыз тамеки тарткан, күн сайын мас болуп үйгө келген ата балдарына “Сен тамеки тартпа, арак ичпе” деп айта албайт. Ошол сыяктуу мамлекетте тартип болбогондон кийин коомдон тартипти талап кылыш бул- акылсыздык. Мамлекеттин
өзүндө, Өкмөттө, Жогорку Кеңеште тартип барбы? Жок… Жок… Миң жолу айтам жок. Анан кантип тартипти сакта деп талап кыла аласың? Бишкек шаарындагы көчөлөрдү карап көргүлө. Союздун учурундагы жалтыраган көчөлөрдүн изи дагы калган жок. Курулуштар жөө баса турган жерлерге чейин чыгып кеткен. Ким колунан эмне келсе ошону жасап жатат. Жапайыга айланып кеткен шаарда түкүрүп койдуң деп айып пул салыш — ​бул күлкүлүү көрүнүш. Ал жерлерде түкүрүп эмес, башка нерселерди дагы жасап жүрсө болот. Бишкекти бөлүп өткөн кичинекей канал бар. Ошонун ичин биринчи карачы айланайын. Мектептин, бала бакчанын тушунан өткөн арыктардын ичин карап көргүлөчү. Кум толуп, ирип-чирип, анын ичинде эмнелер гана жок. Иттин өлүгүнөн бери жатат го. Шаардын кебетеси ушул да, анан түкүрүп койдуң деп 5500 сом аласыңбы?
Маданият, тартип, талап күчтүү болушу керек. Бирок, бийлик өзү ошого үлгү болушу шарт. Баласын ичпе деп айтыш үчүн ыйманы бар, зыңкыйып кийинип таза жүргөн, арам оокатка барбаган кишинин укугу бар. Өзү кайсыл жерде олтурганын билбеген, бир нерсе деп айтайын десе тили булдуруктап калган ата баласына ичпе деп айта албайт. Ушул сыяктуу бүгүнкү Өкмөт элден талап кылганга моралдык укугу жок. Адам канчалык сабатсыз болсо, мыйзамдар ошончолук келесоо болот. Макул, бирөө түкүрдү дагы аны 5500 сом төлөттү. Жанындагы киши чимкирсе эмне кылат? Чимкиргенге айып пул сала турган болсо “Кайсыл мыйзамдын негизинде салып жатасың?” деп айтат. Ал нерсе мыйзамда жок. Түкүрүк меники эмес деп далилдей турган болсоң, лабораторияга алып барып текшертиш үчүн 7000 сом керек экен. Байыркы Римде Марк Туллий Цицерон деген аябай күчтүү оратор, акылман, сенатор болгон. Ошол киши “Империянын кыйрашы канчалык жакындаган сайын мыйзамдары ошончолук акылсыз болуп жаралат” деп айткан. Түкүрүккө 5500 сом деп кайсыл акылман ойлоп тапканын билбейм. Туура, мыйзамды бузган киши катуу жазаланышы керек. Жазаланган киши дагы ошого ыраазы болуп, катачылыгын мойнуна алышы зарыл. Бизде эң көп акча берип жумушка кирген тармак бажы кызматы болчу. Азыр МАИ кызматына же болбосо милицияга кирүү өтө
баалуу болуп калат. Себеби, 17500 сом төлөгөн жакшыбы же 3000 сом берип коюп кете берген жакшыбы? Эми бажы кызматкерлерине караганда МАИ кызматкерлери бат байый турган болот. Айып пулду адам аралашпай, Европадагыдай аппарат чечип жатса мен дагы баракелде деп кол чабат элем. Тилекке каршы бизде адам чечип жатпайбы.

— Азыр кыргыз саясатында мурунку президент менен учурдагы президенттин тиреши негизги тема болуп турат. Атамбаев бийликтен кеткен киши. Ал канчалык аракет кылбасын, кайра бийликке келе албайт. Жээнбеков убактысын кеткен киши менен
кармашам деп өткөрбөстөн, өз ишин мыкты аткара берсе, коомчулук Атамбаевди өзү эле саясаттан сүрүп чыгарып коёт беле?

— Сөзсүз түрдө. Дагы бир “Алдыңдагыга эмнени көрсөтсөң, артыңдагыдан ошону көрөсүң” деген философияны унутпаш керек. Булардын 8 жыл өмүрү бир гана сөз менен өттү. Көчөдө баратып мүдүрүлүп кетсе дагы Бакиев мүдүрүлттү, көчөдө чырак жарылса да Бакиев жарды, чөп чыкпай калса Бакиевдин кесепетинен чыкпай калды деп 8 жыл кошок кошкондой кыйкырып жүрүштү. Эми алдынан өздөрү ошону көрүп жатышат. Жээнбеков дагы өзүнүн башына келгенде мындан да катуураак нерсени көрүп калышы мүмкүн. Себеп, бул өзгөрүүсүз кала турган философия. Ким кара ниеттик менен жумуш жасап жаткан болсо, өзүнүн кара башына тиет. Ушундан такыр сабак албай коюшту. Тарыхта кеткен кишинин артынан эч кандай сөз айтпаган, өзү дагы керемет абийири менен кеткен Абсамат Масалиев. Бишкекте жөө басып жүрөт эле. Ар бир киши келип саламдашып, ошол кишинин жумушсуз калганына ичи ачышат болчу. Себеп, ал өзүнүн алдындагы кишиге эч кандай жаман сөз айтпады. Акаевдин кемчиликтерине дагы акаарат келтирбей, маданияттуу сөз менен айтып койчу. Артында ошончолук кадыр-баркка ээ
болду. Андан кийин Аскар Акаевич келди дагы, өзү Борбордук комитеттин билим боюнча бөлүм башчысы болуп туруп, партиянын дарегине эмне деген акаарат сөздөрдү айтты. Аягында эмне болгонун көрдүңүз да. Ошол кишинин кол астында өсүп келгендер, 2005-жылы бийлик алмашкандан кийин Акаевдин дарегине катуу сөздөрдү айтышты. Ошол мезгилде “Жарадар болгон арстандын үстүнө чөөлөр чыгып ойносо жарашып калыптыр” деп айткам. Акаев дегенде ордунан тура калып чоочуп кеткен кишилер анын дарегине өтө жаман сөздөрдү айтып башташты. Натыйжада, алар дагы ошол күндү көрдү. Эгер сен
ушунчалык кыйын болсоң эскини тыткылай бербей, ишиң менен далилде. Өткөндү токтот, жаап сал дагы жаңы баракты ачып кет. Өзбекстандын президенти Каримовдун дарегине бир сөз айтпастан, андан мыкты жетекчи экенин далилдегиси келип жатат.

— Атамбаев менен бирик же болбосо Жээнбеков менен иштеш деп ортого түшкөн чабармандар эшик каккылап жатышабы?

— Андай адамдар жок эмес. Жеке керт башынын пайдасын издеп келгендер дагы бар. “Мен тигил кишини көндүрөм” деп келгендер эшиктен кантип салам айтып келсе, ошондой алик алып чыгышат.

— Бүгүнкү бийлик иштешүүгө чакырса, идеяларды ишке ашырууга шарт түзсө неге иштешүүгө болбосун? Ийри олтуруп түз кеңешели дегенге дагы макул эмессизби?

— Мен жеке кишиге өмүрүмдө кызмат кылган эмесмин, мындан кийин да кылбайм. Кызмат кылганга даярмын, эгер идея туура болсо. Кеп кызматта эмес, идеяда. Өткөн жылы элетти көтөрөбүз деди. Элет көтөрүлдүбү? Элет көтөрүлүп жаткан болсо
эмнеге өткөн жылдарга караганда эки эсе көп киши элетти таштап Россияга чыгып кетти? Былтыркы жылга караганда быйыл сырттан акча которгондор 7 пайызга көтөрүлдү деп айтып жатышат. Ага сенин кандай эмгегиң бар? Сен ошол үчүн ыйлашың, уялышың керек. Себеп, өлкөнү таштап кеткен кишилердин саны көбөйдү. “Кыргыз мамлекети кожоюну бар, адилеттүү мамлекет болот. Кыргыз мамлекетинде жемкорлук деген болбойт. Сабатсыздар мамлекеттик бийликтен четтейт” деген ураанды ташта, мен алдыңда турам. Мага караштуу, менин тууганым деген күч алып, кимдерди гана чогултпай жатат. Жек көрсөңөр дагы айтайын, мамлекет жоголуп баратат. 2010-жылы бул Конституцияңар Кыргызстанды туңгуюкка алып барат деп айткам. Адамдардын көз жашы токтобой, күйгөн үйлөрдүн түтүнү өчпөй жатып өткөргөн референдумуңар арам дегем. Жалгыз ушуга жакпай жатат деп кыйкырышкан. Туңгуюкка алып келгенин 2016-жылы тарых далилдедиби. Андан ары баса албай калдыкпы. Анан шашылыш түрдө референдум менен Конституцияга өзгөртүү киргизди. Ошондо бул мамлекетти жогото турган
Конституция дегем. Мамлекет жоголуп баратат. Муну мамлекеттик түзүлүштү, саясатты түшүнбөгөн сабатсыздар сезбей жатат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанды сактап калуунун бир гана жолу калды. Бул жалпы элдик ишенимге ээ болгон Өкмөттү кураш керек. КСДПнын же Жээнбековдун ишенимине ээ болгон эмес, улуттук ишенимге ээ болгон Өкмөттүн курамы куралышы зарыл болуп турат. Ошолор гана күн-түн дебей иштеп, өлкөнү саздан көтөрүп чыгып кетпесе эле ишибиз өтө начар. “Иши начар болуп калды” деп алакан ушалап олтура берсек деле болот. Бирок, биздин мамлекет бирөө гана, башка мамлекетибиз жок. Муну жоготуп алсак башка мамлекет таба албайбыз.

— Азыркы бийлик коррупция менен күрөшүп жатпайбы?

— Коррупциянын башында өздөрү турган азаматтар коррупция менен өмүрүндө күрөшө албайт. Бүгүнкү күндө деле коррупция гүлдөп жатат.

Маектешкен Наралы Асанбаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *