Адам дүйнөсүн ачкан уста. Театр корифейи жана киноактер Советбек Жумадыловдун бейнесине сүртүмдөр

Ал алдына кандай гана милдет тагылбасын, ошол ролдун өтөөсүнө толугу менен чыгып, кудум ошол жаратып аткан кейипкеринин дал өзүнө айланып кете турган. Бул касиет, бул дарамет ага табияттан бүткөн. Мына ошонусу менен ал көрүүчүлөрүн арбап ала турган. Актёрлук кесип башка кесиптерден эмнеси менен айырмаланат? Анын татаалдыгы эмнеде жана түйшүгү канчалык? Оболу, Советбек Жумадылов мына ушуну тээ тереңден түшүнгөнү үчүн көптөрү жете албаган бийиктикке чыга алды.

Ал сахнаны жанынан артык көрө турган. Театр сахнасында туруп алдыда жаралчу образынын үстүнөн иштеп аткан чакта, бүтүндөй турпаты менен кейипкеринин кулк-мүнөзүнө, ички абалына сүңгуп кирип, психологиясын аңдай алган. Каарманынын кыймыл-аракетинен тартып кебете-кешпирине дейре чеберчилик менен кылдат баам салып, саамга көз алдына тарткан соң, анан бир топко ой чарпып, билек түрө каарманынын психологиясын ачууга киришкени айтпаса да түшүнүктүү…

* * *

Ташкенттеги театралдык институтту аяктап келери менен өмүрү өткүчө Кыргыз Академиялык драма театрында каражанын карч уруп эмгектенди. Адамдардын арзуусуна айланды. Актёрдук чеберчиликтин эң мыкты үлгүсүн көрсөтө алды. Ал жараткан жүздөн ашуун образдар ошол мезгилдердеги театр сүйүүчүлөрүнүн көңүлүнөн өчпөй, алигиче жүрөктөрүндө жашап келгенинин сыры эмнеде? Себеби, Жумадылов адам дүйнөсүн түгөлү менен түшүнүп, аң-сезимде жүрүп аткан өзгөрүүлөрдү аңдай билген. Адам баласынын ички ой-кыялын, кайгы-муңун, кубанычын, а тургай, күнүмдүк пендечиликте кездеше калчу куулук-шумдуктун, арамзалыктын, текеберчиликтин, карөзгөйлүктүн, зөөкүрлүктүн өзөгүн кармай билген касиети бар болчу. Мынакей, Жумадыловдогу артыкчылык, өзгөчөлүк, айырмачылык дал ушунда…

* * *

Касиеттүү көл кылаасында калган балалык күндөрүндө Советбек эр жетсем искусство дүйнөсүнө аралашып кетем деп эч капарына да келбеген чыгар!? Искусство, көркөм дүйнө, театр сахнасы, кино – Советбек үчүн тагдыр жолунда күтүүсүз келген буйрук болду окшобойбу!?

Советбектин балалыгынын изи азыркы Каракол шаарында калган. 7-классты аяктары менен мугалимдик кесипти тандап, педагогикалык окуу жайга тапшырды. 1948-жылы окуу жайды аяктап аткан чакта Ташкенттеги Островский атындагы театралдык институтка кабыл алабыз деген комиссиянын жарлыгын угуп калып, өзү курдуу курбалдаштары менен сынактан өтүп кетет да, искусствонун каалгасын ачып кирет.

Актёрлук кесипке ээ болгон соң, 1953-жылы Кыргыз Мамлекеттик драма театрына кабыл алынат. Өмүрүнүн акырына чейин, тактап айтканда, 48 жыл театрда иштеди. Ушул театрда ал жүздөн ашуун образдарды жаратты. Т.Абдумомуновдун «Ашырбайында» Ашырбай жана Солтобай, Айтматовдун «Бетме-бетинде» Мырзакул, «Кылым карытар бир күндө» Эдигей, Ш.Садыбакасовдун «Ак боз атында» Чарын, Б.Жакиевдин «Алтын аягында» Маке чал, Мамбетакуновдун «Омар Хаямдын махабатында» Омар Хаям сыяктуу образдарды жогорку чекке жеткирсе, “Манас” эпосу боюнча коюлган Жалил Садыковдун “Айкөл Манаста” Бакай, “Сейтекте” Семетейди ушунчалык ынанымдуу ача билген. Дүйнөлүк классикада кеңири таанымал Шекспирдин “Отеллосунда”  Отелло, «Ричард III» – Ричард, Гоголдун «Үйлөнүүсүндө» Подколёсин, Чеховдун «Алчалуу багында» Лопахин сыяктуу көптөгөн образдары менен эсибизде калды. Баарынан да, Фигерейдунун «Эзобунда» грек тамсилчиси Эзоптун образына ал канчалаган күч жумшады экен? Ал аткарган ар бир образга баам салышкан чет элдик театр сынчылары Жумадыловдогу эч кимдикине окшобогон актёрдук өзгөчөлүккө жогору бааларын беришкен. Көрүүчүлөрүнүн көңүлүн бийлеп, сахнада эчен ирет эл алкышына ээ болду. Диапазону кеңири артист трагедиялык да, комедиялык да жанрда чыныгы актёрдук чеберчиликтин үлгүсүн айкын көрсөтө алды. Бул саналып өткөн образдар Жумадыловдун театр дүйнөсүндөгү баа жеткис мурастары. Ал эми кинодо? Кино дүйнөсүн, тагыраагы кыргыз киносун Жумадыловдун ысымысыз элестетүү мүмкүн эмес. Кыргыз кинематографиясы тууралуу ойго жетеленгенде, Советбек Жумадыловдун элеси көзгө даана тартылат.

Кандай гана роль болбосун, ал ийинине жеткирип, өзү менен кошо керемет ааламга жетелеп кирген сапатына тамшанышкан кино ишмерлери аны театр жаатында эле эмес, кинематографияга да аралашса, эң бир баалуу өлбөс мурастар жаралаарын илгиртпей түшүнүшкөн. Кинематографияда ал 1955-жылы «Салтанаттан» баштап, «Токтогул», «Жоро», «Алымкан» тасмаларына катышып, андан кийин Төлөмүш Океевдин «Бакайдын жайытында» айланасына көп учурда кайдыгер карап, өз турмушуна нааразылык көрсөткөн Алымдын образын алып чыкты. Айрыкча, көпчүлүк көрөрмандар Жумадыловду эл эсебинен кун көргөн пайдакеч, букара журтту бийлеп, акыры өз абийири алдында төшүн окко тоскон Жарасбайдын жана элди туура эмес жолго үндөп, жеке кызыкчылыгын көздөгөн залим, куулук-шумдугу башынан ашкан митайым Байзактын образдарына жогору бааларын беришти. Алым, Жарасбай, Жекшенкул, Байзак, Абдилхан, Бостон өңдүү образдар – Советбек Жумадыловдун кинематографиядагы жетишкендиктери.

Чыныгы актёрлук чеберчиликтин жеткен чеги – бир нече секунддук ирмемде эпизоддук роль аркылуу болсо да, көрүүчүнүн жүрөгүнөн түнөк таба алгандыкта. Театрда да, кинодо да ал оң жана терс, мейли трагедиялык, мейли комедиялык жаатта болсун, каармандарынын ички дуйнөсүн ийне-жибине чейин өздөштүрө алган күчкө ээ эле.

Ал эми Советбек Жумадыловдогу дагы бир баса белгилей кетчү өзгөчөлүк – орус тилдүү фильмдерди кыргызчалатууда жүздөгөн тасмаларга үн коштоо чеберчилигинин эң бийик үлгүсүн көрсөткөндүгүндө. Радио жана теледе прозалык чыгармаларды кемелине келиштирип, чырайына чыгарган, көркөм окуунун эң мыкты устасы да боло алды.

* * *

Токсонунчу жылдар… Өлкө эгемендикке жеттик деген менен элдин жонунан кайыш тилинген замана.
Театр аңгырап, кино тартылбай, эл башкаргандар элдин атынан сүйлөп, бирок, өз көмөчүнө күл тартып күйгүзгөн оор мезгилдер.. Зээн кейиткен ошол оор жылдар оюнда көркөм дүйнөдөн башканы элес албаган Жумадыловдун көңүлүнө канчалык бүлүк салды экен? Тирилик камын көрөм деп эл сыңары ал кандай азаптарга батты? Спектаклдер бая илгеркидей удаама-удаа коюлбай, же киного тартылуу үчүн сунуштар түшпөй, сунуш түшкөнү менен киного каражат табылбай эсти энгиреткен күндөр. Бул аз келгенсип, өмүрлүк жарынан ажырап карайлады.

Эл менен кошо кыйналган, эл менен кошо кайгырган оор күндөрдө күйүттүн күүсүн жандырам деп арга таппай, жарык издеген сааттар… Ошондой оор күндөрдүн он жылга жакынын өткөргөн Жумадыловдун жүрөгү акыры кайда барбасын, адам баалуулуктарынан кеп салгандын ордуна, көр дүйнөдөн кеп салган мерез жандардын канчасына кабылбады дейсиң!? Акыры жыгачты курт жегендей, адамды дарт жеп, аттиң дүйнө, бир көргөн түш сыңары эзелки учурдагыдай маданиятка маани берилген замандар закым болуп учканын эстеп, оор онтогон чыгар Советбек ага!? Көзү тирүүсүндө эле дүйнөлүк театр сынчыларынын баамына урунуп, кино ышкыбоздорунун сүйүктүү инсанына айланган корифей, ак-караны айыра тааныткан адам дүйнөсүнүн чыныгы устасы болгон Советбек аганын жүрөгү мындан аркы оор сыноого чыдай албадыбы, же жазмыш аны ошол саам капилеттен тирүүлүктөн түбөлүктүүлүктү көздөй ээрчиттиби айтор, 2001-жылдын 24-март күнү калкы кайгырса кошо кайгырып, күлсө кошо күлө билген, элим деп ичтен эзилген уулунан журтчулук ажырады да, калды.

Суроо туулат? Эми мындай уул, мындай талант дагы качан жаралар болду экен? Деги, тирүүлүктө адам адамды кадырлай алабы? Айтор, ар ким өз арбайын сокту дегендей, анын дүйнөсүнө түшкөн дүрбөлөңдү эч кимибиз көрө албадык. Сезе албадык…

Биз анын кайгысына ортоктош болуп, жан дүйнөсү жалгыздыктан жанчылып, жабыр тарткан сааттарында жөлөй албадык. Мына ушул арман. Ушул өкүт… Себеби, эртеңкисин ойлогон улут мындай шалаакалыкка, мындай кайдыгер мамилеге эзели жол бербеши керек эле деген ой ар бирибизди эбак түйшөлдүрүүгө тийиш болчу.

Булак: “Де-факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *