Адам сүйлөгөн сөзүнөн билинет…

Аликбек Жекшенкулов, коомдук ишмер:

“Мамлекеттик ишмер чындыкты айтышы керек. Унчукпаганы – алдаганы” деген сөз азыр актуалдуу болуп турат окшойт.

  • Азыр чындыкты айтыш мамлекеттик ишмерлерге кыйын болуп калды, анткени айткан сөзү менен жасаган иштери дал келбейт. Дегеле бүгүнкү күндө коомубуз чындыкка, адилеттүүлүккө муктаж. “Унчукпаганы – алдаганы” деген сөзгө мен кошула албаймын, анткени бүгүнкү саясий абалды карасак, саясатчылар пендечиликке алдырып элдин келечегин ойлобой бири-бирин жамандап, калп айтып, сатып, алдап жаткан кези. Мындай учурда акылдуу кишилер эч жакка аралашпай, унчукпай өздөрүнүн иштери менен алек, ошол үчүн сиз айткан сөз бир жагынан актуалдуу бойдон калууда.

Эркингүл Иманкожоева, экс-депутат:

“Эрди эр кылчу да аял, жер кылчу да аял” деген сөзгө кандай карайсыз?

  • Кыргыз элинде айтылган сөз, макал-лакаптар таамай айтылып келген. Аялдан эркектин өсүшү, өнүшү, бактысы көз каранды. Аял киши, эркектин жаманын жашырып, жакшысын даңазалап турса, бул чоң ийгилик. Бирок эркек да ошондой аялдын баркын билиши керек. Үйдө баары жайында, тамагы жасалуу, балдары багылуу, үйүндө күлкү болсо кантип эле эркекке жакпасын. Жогорулардан башка да негизи эки жактан тең сүйүү болуш керек. Ал эми аял киши көпчүлүктө элдин көзүнчө эркекти уят кылып, шылдыңдап, басынтып турса анда жигиттин сынганы ошол.

Асан Жакшылыков: акын, драматург:

“Чоң акындар чыгыш үчүн чоң аудитория керек” деген ойго кошуласызбы?

  • Эң биринчи акын акын болуп чыгыш үчүн ага тубаса берилген таланты болушу керек. Таланттан тышкары эл менен тагдырлаш болушу зарыл.

Кубатбек Кожоналиев, генерал:

“Адилет соттун кылычында кын жок” деген сөз азыркы учурда көптөгөн сотторду ыңгайсыз абалга калтырса керек?

  • Ошондой болсо гана, эгер бул сөз сотторго таасир берсе эмгиче кылмышкерлердин баары жазаланбайт беле. Президент Жогорку соттун мүчөлөрүнүн коррупцияга тиешеси бар экенинен шекшигенин билдирбедиби.  Эгер президент өзү   шекшип жатса анда калганын айтпай эле коелу.

Эгемберди Эрматов, Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы:

“Капаста булбул сайрабайт” деген сөздү азыркы заманга ылайыктасаңыз?

  • Бардык кырдаалда, бардык деңгээлде, бардык коомдо бул сөз өз күчүн, маанисин жоготпой кала берет. Бул сөз көбүнесе чыгармачыл адамдарга тийиштүү. Жан дүйнөнүн эркиндиги болмоюнча көмөкөйдөн көлкүлдөгөн эргүү чыкпайт.

Мукар Чолпонбаев, коомдук ишмер:

“Президенттин далдаасында бирөөлөр жүрөт, алардын кимдер экенин билиш үчүн көрүнөөгө чыгарыш керек” деген сөзгө кошулат белеңиз?

  • Президенттин далдаасында жүргөндөрдү билүү анча деле актуалдуу эмес деп ойлойм. Анткени чечимдерди кабыл алууда президенттин гана укугу бар, ошондой эле далдаасында жүргөндөрдү да өзү гана тандап алат. Чыгыштын сөзү боюнча “досуңдун ким экенин айтсаң, сенин ким экендигиңди айтам” дегендей, президентибиз кандай адам болсо тегерегине ошондой адамдарды чогултуп алат. Өзү таптаза болсо, бардык маселелерди өзү чечип жатса, тегерегине булганыч адамдарды топтоп алса, демек өзү ошолорго татыктуу да.

Даярдаган Гүлмира ШАРШЕЕВА

Булак: Фабула 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *