Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Адамкул Жунусов кулкунунун айынан куурамай болдубу?
САЯСАТ

Адамкул Жунусов кулкунунун айынан куурамай болдубу?

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы Адамкул Жунусов алыскы Азербайжандан кылтакка илинди. Эсиңерде болсо, тээ ала жайда бул эргул өзүнө таандык катар-катар дүнүйө-мүлкүнүн баарысын арзанына карабай шашылыш сатып жатканын, андыктан күч органдарыбыз кылтакка илип калуусун жазганбыз. Жыйынтыгы биз айткандай төп келип, экс-бажычы бар дүйнөсүн сатып алып чет өлкөгө баса берген соң түштөн кийин биздикилер айкырып-кыйкырып, «жок издедик» болуп калышкан. Биздин күч органдарыбыздын кашаңдыгынын кесепетинен эл аралык Интерпол 5 ай убара тартып, акыры жемкорлукка шектүү жараныбызды кылтакка илип беришти. Эми бийлик Интерполдун мээнетин актап, тергөөнү адилеттүү жүргүзүү менен экс-бажычынын жеп-ичкенин тастыктап, казынага төктүрсө болду. Болбосо, мындайларың абийирсиз сотторубуздун «тамагын майлап», чыга бериши текейден арзан иш болуп калды го?

Булак: «Азия ньюс»

 

Өзбек презимденти Шавкат Мирзиёев БУУнун Башкы Ассамблеясында өзбек тилинде сүйлөйт

Кайдыгерликпи же укуктук караңгылыкпы?

Таластын губернатору коррупционерби?