Адамзатты глобалдык катаклизмдер күтүп турат

Жакынкы 100 жылда адамзатын күтүп турган коркунучтардын арасында биринчи орунда глобалдык жылуулануу жана ага байланышкан кубулуштар турат. Мөңгүлөрдүн эришинен улам кургак жерлердин аянты кыскарып, жээк линиясы жыл сайын үч-төрт чакырымдан жылып отурат. Окумуштуулар бул ылдамдык өзгөрүп, жакынкы он жылдыкта муз катмары кыйла тез темп менен ээрий баштайт деп болжошот. Ага парник газынын көбөйүүсү кошул-ташыл болот. Мунун натыйжасында 2100-жылы океандын деңгээли 2 метрге чейин көтөрүлүшү мүмкүн.

«Лента.рунун» жазганына караганда, суунун деңгээли жогорулашынан тропикалык пляждар жоголуп, кыртыштын, таза суунун сапаты төмөндөйт, дыйканчылык жүргүзүүгө шарттар начарлайт. Океандын деңгээли 40 эле сантиметрге жогорулаган учурда азыр 7-10 млн. киши жашап жаткан Бангладештин жерлеринин 11 пайызы суу астында калат.

Суу ташкындары көбөйүп, океан аймактарды улам көбүрөөк каптай баштайт. 2030-жылы эле тропик өлкөлөрүндөгү табигый кырсыктар эки эсеге көбөйүп, көп аралдар суу астында калат. БУУнун эксперттеринин пикири боюнча, деңиз деңгээлинин жогорулоосунун мурдагы деңгээли сакталып турганда деле 2100-жылы адамдар Мальдивини, Полинезия аралдарын калтырып кетүүгө туура келет.

Нью-Йорк, Лондон, Венеция сыяктуу суу жээктериндеги шаарларды дамбаларды куруу, же калктын бир бөлүгүн көчүрүү менен гана сактап калууга болот.

Астроном Фрэнсис Дрейк менен математик Брэндон Картердин божомолу боюнча, дагы 10 миң жылдан кийин адамзат цивилизадиясы кайсы бир себептерден улам жоголот, анткени, технологиялык жактан өнүккөн цивилизациянын доору бүтөт. Изилдөөчүлөрдүн пикири боюнча, азыркы адам Homo sapiens тарыхынын орто ченинде турат.

Адамзат үчүн кооп туудурган экинчи коркунуч глобалдык салкындоо менен байланыштуу. Адамзат даты 50 миң жылдан кийин аман калган күндө деле ал жаңы муз дооруна туш болот. Жердин айлануу огунун кыйшаюусу улам өзгөрүп турат, бул болсо муз доорлорунун мезгилине таасир этет. Муз доорлорунун аралыгы жүз миң жылга созулат.

Дагы 300 миң жылдан кийин жер шары диаметри бир чакырым келген ири астероид менен кагылышууга тийиш. Окумуштулар дагы миллион жылдан кийин 75 миң жыл мурдагы Тоба вулканындай ири вулкан атылып, үч миң кубкилометрден көбүрөөк кайнак тек агып чыгарын болжошот. Тоба вулканынын атылышынан айбанаттардын кээ бир түрлөрү жоголуп, адамдардын популяциясы кескин азайган болчу.

Бирок, бактыга жараша жогорудагы катаклизмдер адамзатынын толук жоголуусуна алып келбейт.

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *