Адамзаттын жашоо маңызын изилдеген философ Томас Гоббс тууралуу кызыктуу маалыматтар

“Ара төрөлсө да 91 жашка чыккан”

Томас Гоббс XVII кылымдагы эң ири англиялык философ. Ара төрөлгөн. Испан армиясы Англияга жакындап келе жатат деген кабарды угуп тынчсызданган энеси аны эрте төрөп коёт. Бирок Кудай кубат берип ара төрөлгөн бала 91 жашка чыгып, өзүнүн акыркы күнүнө чейин акыл-эси тунук жана интеллекти бийик бойдон жашап өткөн. Оксфорддо билим алган. Ал кийинчерээк өзү мойнуна алгандай, убактысын көп учурда китеп дүкөндөрүндөгү географиялык карталарды карап, белгилүү деңиз саякатчыларынын басып өткөн жолдорун байкап, үйрөнүү менен өткөргөн.

Гоббс ошол кездеги Мерсенн, Гассенди, Декарт сыяктуу эң көрүнүктүү ойчулдар менен тааныш болгон. Бир убактарда Ф.Бэкондун катчысы да болуп иштейт. Гоббско ошондой эле Галилей менен Кеплер да чоң таасир көрсөтүшкөн.

Галилей менен ал 1637-жылы Италияда жолугушкан.

“Гоббс адамдын жашоо философиясы жөнүндо көп ойлончу”

Адам маселелери дайыма Гоббстун чыгармачылыгынын борборунда турган. Ал «Дене жөнүндө», «Адам жөнүндө», «Гражданин жөнүндө» трилогия жазууну ойлойт, бирок муну ал акыркы бөлүмүнөн баштап жаза баштайт, ал 1642-жылы жарыяланат. «Дене бой жөнүндөгү» трактат 1655-жылы, «Адам жөнүндөгү» трактат 1658-жылы басылып чыгат. 1651-жылы ал өзүнүн эң көлөмдүү чыгармасын, өмүрүнүн башкы эмгеги — «Левиафанды» жарыялайт, китептин алгачкы баптары жалпы философиялык маселелерди камтыган, ал эми калган бөлүгү коомдун мамлекеттик жана социалдык түзүлүш маселелерине арналган.

“Мекенинде тынчтык орносун деп аракеттенген”

Гоббсдун көз карашы XVII кылымдагы англиялык буржуазиялык революциянын таасири астында калыптанат. Өзүнүн көз карашы боюнча ал монархиячыл болгон жана 1640-жылдан 1651-жылдарга чейин Францияда эмиграцияда жүрөт. Бирок Англиядагы граждандык согуштан кийин Лондонго кайтып келип, Кромвелдин саясатын идеологиялык жактан негиздөөгө аракеттенет. Ошол кездеги улуу окуяларга жакын болгондуктан жана өзүнүн мекендештерине тынчтык жана коопсуздук каалап, өзүнүн бардык жөндөмдүүлүгүн коомдун проблемаларын чечүүгө жумшоону чечет.

“Гоббс ар тараптуу философ болгон”

Гоббсту кандайдыр бир белгилүү философиялык багытка таандык кылуу кыйын. Бир жагынан ал эмпирик, а экинчи жагынан математикалык усулдун тарапкери болгон. Бул усулду ал накта математикада да, ошондой эле билимдин башка тармактарында, баарынан мурда «саясий илим» жагында колдонгон. Буга ал адамдар үчүн бейкут абалды орнотууга жана аны кармап турууга өкмөткө мүмкүндүк берүүчү коомдо жашап турган адамдар жөнүндөгү билимдердин жыйындысын таандык кылат. Анын философиялык көз караштарынын өзгөчөлүгү, негизинен өзүнүн италиялык замандашы Галилейдин физикадан алып келип чыгарган усулун колдонгондугунда болчу. Адамзаттын кумары менен шыктарын физикалык кыймылдардын жана алардын себептеринин негизинде талдоого болгон аракетин жумшаган.

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *