Эшимбеков Нурадил, Стамбулдагы кыргызстандык жаран: “Биздин элчилик менен консулдук алсыз экен, өз жаранын коргой алышпаганын жонтерим менен сездим”

Иллюстрациялык сүрөт

Стамбул шаарынан Эшимбеков Нурадил деген ысымга берилген кыргызстандыктын паспортун Түркия бийлиги камоого алды. Бул тууралуу өзүнүн Instagramдагы баракчасына пост калтырды. Анда ал жасалма паспорт алып жүргөн деп аны күнөөлөшкөнүн, паспорту анык экенин, анын аркасы менен беш жылдын ичинде ар кыл өлкөлөрдү кыдырганын жазган.

Мен Москва-Дубай рейси менен учуп, Стамбул аркылуу транзит кылмак элем. Стамбулга учуп келдим. Киргизишти, бардыгы ойдогудай эле. 15 сааттан кийин Дубайга учмакмын. Каттоодон өтүп жаткам, паспорт көзөмөлүнөн жасалма паспорт экен деп кармап алышты. Бул 9-сентябрда болуп жатат. Бир суткадан кийин колума кишен салышып, сотко алып барышты, сот паспортумду бир айга камакка алды. Соттон кийин Кыргызстандын консулдугуна барып, абалды түшүндүрдүм. Бир жумадан кийин консул мени жоопкотуп, кийинки аптада өз паспортумду колума аларымды, камактан чыгарышарын айтты. Анан учуп кете берсем болот экен. Бирок ал менин ишим менен ким алек болорун билбейт эле, анткени прокурор дайындала элек болчу, сотту 15 күндөн кийин дайындашты. Эки жума мурун, андан соң мен консулдуктун кызматкерлери менен бирге дайындалган прокурорго бардык. Паспорттун анык экенин тастыктаган күбөлүктү көрсөттүк, бирок бул жетишсиз болуп чыкты. Өз экспертизасын өткөрмөй болушту. Макул, күтүп турайын дедим, бирок андан бери эки жума өттү, ушул жумада менин ишим боюнча прокурор алмашканын айтышты, эми канча күтөм, эч белгисиз. Стамбулда бир айдан бери жатам, ишим токтоп турат, мен эмне кыларымды билбейм?! Биздин элчилик менен консулдуктун колунан келбей жатат, алсыз экен, өз жарандарын коргой алышпаганын өз жонтерим менен сездим!” – деп жазган Нурадил.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *