Адиль Турдукулов, активист: «Атамбаев азыр кыйынмын деген саясатчыларга караганда эң мыкты оппозиционер болчу»

 

— Адиль мырза, Өмүрбек Текебаев камалганда митингге чыккандардын эң эле активдүүсү болуп жүрдүңүз эле. Мөөнөтсүз деп жарыялап жаттыңыз эле дайыныңыз жок болуп кетти. Бир эле күндүк митинг беле?

— Деги эле шаарда митингдерди өткөрүү өтө кыйын. Борбордо жашагандар мындай процесстерге абдан кайдыгер мамиле кылышат. 2010-жылдан бери өткөрүлгөн митингдердин эң көп адам чогулганы ушул болду окшойт. Ал жерде жеке адамга байланыштуу митинг болгон жок. Ошол жерден митингди биз бир гана адамга эмес, кеңири сөз эркиндигине басым күчөп жатканын айтып жаттык. Биз ал жерге Текебаевди коргогон үчүн барган жокпуз, саясый куугунтук күчөп жатканын, президенттик шайлоо боло турган жылда эч кандай мыйзамга дал келбеген Орусиялык шылуундун көрсөтмөсү боюнча биздин көрүнүктүү саясатчыны камаганы туура эмес иш болгонун айттык. Анткени эмкиде башка жарандарды камабайт деп эч ким кепилдик бербейт.

— Ошол митинг учурунда Болот Шер кабинетинде силерди “Эмне митингде жүрөсүңөр, китеп окубайсыңарбы?”деп тилдегенин уктук. Ушул чынбы?

— Ал жерде бизди тилдеген эмес. Бирок, менимче “Ата-Мекен” партиясында бир эле лидер бар экени белгилүү болуп калды. Өмүрбек Текебаев жок партиянын координациялык жагы алсырап калганы түшүнүктүү болду окшойт. Ошондуктан биз нукура демократиялуу партия түзөлү десек анда бир лидерге байланбаш керек. Демократияны сыртка лозунг катары айтпай, ички түзүмдү дагы демократиялык принципте сакташым керек деген ойдомун.

— Сөз эркиндиги, демократия муунтулуп жатат деп Текебаев камалаары менен айтып чыктык. Кыргызстандагы сөз эркиндигин жалгыз Текебаевдин эркиндиги менен ченелбайт да туурабы?

— Туура, ченелбейт. Бул тема боюнча жер-жерлерде жолугушууларды өткөрүп келдик. Андан тышкары саясый куугунтук болуп жатат. Бир жыл мурун 9 саясатчы камалган. Ошондуктан сөз эркиндиги комитети дагы алардын укугун коргоп келе жатабыз. Мунун айынан ар кандай митингдерди уюштуруп келе жатабыз. Бийликке таасир этүүгө бизде митингден башка таптакыр айла жок.

— Кыргызстандагы сөз эркиндиги менен демократияны басмырлап 1937-жылга кайтып бара жатабызбы деген сөздөр чыгууда. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?

— 1937-жылы көптөгөн биздин кыйындарыбыз мыйзамсыз соттолуп өлтүрүлгөн болчу. Азыр өлтүрүүгө жеткен жок, бирок далилсиз соттолуп жатат. Соттолгондо да мойнуна өтө чоң күнөө коюп жатышат. Мисалы, азыр абакта жаткан саясатчыларды 20 жылга чейин кесүү аракеттери болуп жатат. Бул өлтүрүүгө барабар. Ал адамдарга азыр төңкөрүш жасаганга аракет кылды деп айыптап жатышат. Бул абдан оор күнөө. Анткени Талгарбеков, Кадыров, Асанов менен кызматташып жүргөнбүз. Алар чагымчыл радикалдуу нерсеге багыт албастан абдан курч пикирлерди айтып келишкен. Ошол курч пикирлерге Атамбаев кол алдындагы укук коргоо органдарынын колу менен аларды камап жатат, бул саясый куугунтук болуп эсептелинет.

— Азыр сиз атап өткөн саясатчылардын дарегине кечээ президент элчилердин алдында бир топ сындарды айтты. Сындарды кандай кабыл алдыңыздар?

— Кыргыз элинде илгертеден ажолор кечиримдүү, айкөл болуп келген. Майда нерсеге көңүл бурбай, стратегиялык багытка элди үндөп, тескерисинче духун көтөрүүгө аракет кылуусу зарыл. Бирок биздин президентибиз майда-чүйдө нерселерге аралашып, жалаа жапканы абдан туура эмес нерсе. Анткени баардык бийлик азыр президенттик институттун тегерегинде топтолгон. Анын айткан сөздөрүн түздөн-түз көрсөтмө катары бааласак болот. Укук коргоо органдары «хоп майли» деп кабыл алып куугунтуктоо жүргүзүшүнө өбөлгө түзөт деп ойлойбуз.

— Эгер ушул бийликти алмаштырып жиберсек эле сиз атап кеткен каталардын баары жоюлуп бейиште жашап калабызбы?

— Бейишти дароо кура албайбыз. Бир эле адамга баарын оодаруу дагы каталык болуп эсептелинет. Өзгөчө жаңы кабыл алынган баш мыйзам кийинки президент ким гана болбосун дал ушул система менен бараарын аныктап койду. Ошондуктан биз Конституциялык кеңешти түзгөнбүз. Ал жерде саясый система бир адамга багытталбай, элдин кызыкчылыгына иштей тургандай кылууга аракет кылып жатабыз. Биз чыныгы парламенттик мамлекет түзүүгө аракет жасайбыз. Анткени 2010-жылдан бери парламенттик өлкөдө жашайбыз дегенибиз менен эч качан андай эмес. Парламенттик мамлекетте эл эч качан президентти шайлабайт. Укук коргоо органдары бир адамга эмес, коомго жана парламентке баш ийет. Андай система бизде түзүлгөн жок. Ушундай система түзүүгө биз аракет жасашыбыз керек.

— Кийинки президент келсе деле өзүнө ыңгайлаштырып Конституцияны өзгөртүп алсачы?

— Буга атуулдук коом каршы турушу керек. Оппозиция алсыз болгондуктан ошондой жолду түзүп берип жатабыз. Өзүбүздүн потенциалыбызды түзгөнгө күчүбүздү топтошубуз зарыл. Ошондуктан өзүбүздүн амбициядан арылып, улуттук деңгээлде көтөрүлгөн маселе менен алектенсек болмок.

— Сиздин оюңузча азыркы оппозиция алсызбы?

— Алсыз десек деле болот. Экинчиден эл деле эки революция болду, эмне чыкты деп тажап калат экен. Анын үстүнө стабилдүүлүк керек дешет. Бирок азыркы учурда стабилдүүлүктөн өйдөрөөк улуттук кызыкчылык менен жашайбызбы, жокпу ушул суроону кабыргасынан коюш керек. Анткени тышкы саясатта болобу, ички саясатта болобу азыркы бийликтин бир дагы аброю калган жок. Россия менен биргелешкен ГЭСтер боюнча проектилердин бири дагы курулган жок. Мындан абдан чоң үмүт бар эле. Электр энергияны өзүбүздүн муктаждыкка эмес, экспортко дагы жумшайбыз деген максаттарыбыз бар болчу, анын бири аткарылбады. Мигранттардын саны азайган жок, көбөйүүдө. Бул жумушсуздуктун белгиси. Биздин Кыргызстандагы ЖОЖдорду бүткөн студенттердин 9%и гана өз кесиби менен жумуш таба алат экен. Бул билим сапатынын төмөндүгү. Тышкы мамлекеттердин бири менен дагы туруктуу мамилебиз жок. Азыркы жаңы Конституция боюнча баардык багыттарды президент аныктайт экен. Муну дагы катасы катары кабыл алсак болот. Уланта берсек көп эле.

— Сиз Алмазбек Атамбаев менен тыгыз иштешип калгансыз. Учурда президентибиз дайыма ачуулуу жүргөн адамдын элесин калтырып жатат. Сиз менен иштешип жүргөндө мүнөзү кандай эле?

— Азыр кээ бирөөлөр эмоцияга бат алдырат, президенттик тактыга туура эмес келип калды деп айтып калышат. Мен антип ойлобойм. Ал чыныгы оор күрөштүн натыйжасында, көчө оппозициясынын арасында жүрүп, тер төккөн. Ошондой сыноолордун баарын көтөрдү. Мен көрүп жүргөндөн биринчи күнү Текебаев менен чырылдашса, үчүнчү күнү Сариев менен ызылдашып эле жүрчү. Азыркы кыйынмын деген саясатчыларга караганда Атамбаев системалуу күрөш жүргүзүп келген эң мыкты оппозиционер болчу деген ойдомун. Эмнегедир ал президенттик такка келээри менен баардык күчүн оппозицияда жүргөн убагына таштап койгондой сезилет. Чыныгы реформа жасап, убадаларды аткара турган убакытка келгенде эмнегедир бирин да жасабай алсыз президент экенин көрсөтүп койду. Күчтүү оппозиционер болгон, бирок мыкты президент боло алган жок.

Булак: “Жаңы ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *