Адил Турдукулов: “Кадыржан Батыров маселеси боюнча Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев отставкага кетүүсүн талап кылабыз!”

Бүгүн, 22-сентябрда “Жаңы муун” кыймылынын лидерлеринин бири Адил Турдукулов билдирүү жасады:

“Тышкы Иштер Министрлиги тез түрдө, сепаратист К. Батыровго сөз берген үчүн ОБСЕдеги элчи Эрмек Ибраимовду расмий түрдө чакыртып алыш керек. Экинчиден, Бишкектеги ОБСЕнин өкүлчүлүгү ыкчам түрдө ТИМге чакыртылып, түшүндүрмө бериш керек Эрлан Абдылдаев бул элементардуу дипломатиялык процедураларды аткарбаса отставкага кетүүсүн талап кылабыз!”

Эсиңиздерге сала кетсек, Батыров 20-сентябрда Варшавада өткөн ЕККУ жыйынында сөз сүйлөп, Кыргызстандагы Конституцияны өзгөртүү демилгесине каршылыгын, өзүнүн өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу жаңы кылмыш ишинин козголушуна нааразылыгын айткан. Кыргызстанда аз улуттардын укуктары басмырланып жатканын да кошумчалаган.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *