Адиль Турдукулов, коомдук ишмер: «Сооронбай Жээнбеков элдин кызыкчылыгы үчүн иштесе, ага карата кандай гана каршылаштар топтолбосун, алардын планы ишке ашпайт»

— Адиль мырза, жакында эле экс-президент Алмазбек Атамбаев менен жолугуп чыктыңыз. Бийликте турган кезинде силерди кабыл алмак турсун, атыңарды уккусу келбей калбады беле. Жолугушууну өзүңүз сурандыңызбы же ал киши чакырдыбы?

— Атамбаев 30 жылдан бери активдүү түрдө саясатта жүрөт. Бийликте жүргөндө тилалчаак, акчаны жакшы көргөн жаш балдар же келесоо шопур, жансакчыларына бийликтин чоң бөлүгүн берип коёт да, оппозициядагы оор убактарда өзүнө каяша айта алган, оор салмагы бар саясатчылар менен эсептешип, саясый блок түзүүгө умтулат. Мен башынан бери Атамбаев Измирге барып кызынын тарткан сүрөттөрүн сатуу менен алектенип калбайт деп айтып келгем. Ал саясатта өзүнүн атын реабилитациялоого бүткүл күчүн, топтогон акча, тажрыйбасын жумшап жатат. Ошон үчүн ал буга чейин атын уккусу келбеген саясатчылар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, консультация жасап жүрөт. Биздин жолугушуубуз да ошол нуктагы кадыресе көрүнүш. Баары эле Атамбаев менен жолугушайын дейт, жолугат, бирок ачык айтпайт. Анткени, көбү коркок. Атамбаевге карата Башкы прокуратура, УКМКдан эч кандай күнөө коюлбагандан кийин бийликтин да ага карата кылмыш иш ачууга негиз жок экенин билгизет. Ошондуктан бул жолугушууда да эч кандай кылтык издөөгө негиз жок го дейм.

— Экс-президенттен Адиль Турдукулов курч маек алып чыкмай болуптур деген сөздөр болгон болчу. Ал киши өзү даярдаган эмес, сиздин курч суроолоруңузга жооп бергенден тайсалдадыбы?

— Ачык айтыш керек. Атамбаев өз колу менен түзгөн «Апрель» жаңы форматтагы телеканал боло алды. НТС, “Сентябрь”, 5-каналдын эң алдыңкы жетишкендиктерин ого бетер өркүндөттү. Азыркы бийликтин шайын жакшы эле кетирип жатат. Бирок алардын журналисттери Атамбаевден маек алганы чоң ката. Анткени, алар ага көз каранды журналисттерден кандай суроо узатса дагы ишенимдүү угулбайт. Ошондуктан Атамбаев көз карандысыз журналисттерге интервью берсе туура болмок. Ал мен боломбу, же “Жаны Ордонун” журналисти болобу бул экинчи маселе.

— Жолугушуудан кийинки маегиңизде ал киши күрөштөн качпай турганын айтыптырсыз. Атамбаев кайсыл ресурска таянып жатканын байкадыңыз?

— Бул нерсе кайрадан эле жаңы шайланган президенттин саясатына байланыштуу. Эгерде Сооронбай Жээнбеков жаңы саясый барак ачып, кас, душман кылып, өзгө-жатка же “меникилер” деп бөлбөй, кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн иштесе, ага карата кандай гана каршылаштар топтолбосун, алардын планы ишке ашпайт. Бирок акыркы жылдагы экономикалык жыйынтыктар жакшы эмес, кооптуу. Себеби 2018- жылы Борбордук Азия мамлекеттеринин ичинен ички дүң продукциянын өсүү темпи боюнча Кыргыз өлкөсү эң артта калды. Буга Кыргызстандын тышкы инвестициянын көлөмү 30 пайыз азайганы себеп болду. Бул болсо мыйзам иштебей жаткандыгы, соттор баягы бойдон аткаруу бийликке көз каранды экендигинин белгиси. Эл бир жылдан ашык жаңы келген бийликтен алгылыктуу иштерди, идеяларды күтүп жаткан. Бирок андай болбогондуктан өкмөткө жана алардын демилгелерине карата нааразычылыктар өсүп жатат. Мисалы, жаңы кодекстер, коомдук транспорттун баасы, Кытай маселеси анын далили. Аны өз кызыкчылыгына колдоно турган ички саясый күчтөр жок эмес.

— Азыркы Өкмөт тууралуу алгылыктуу сөз айтылбай калды. Абылгазиев отставкага кетсе, анын ордун кайсыл татыктуу кадр ээлеши мүмкүн?

— Менимче, президент, парламент менен биргеликте өкмөттү алмаштырышы керек. Бирок жаңы өкмөт түзүлүп, бийлик бутактарындагы тең салмактуулук сакталбаса, коррупциянын деңгээли азыркыдай бийик болуп кала берсе, эч нерсени өзгөртпөйт деп ойлойм. Жаңы өкмөт башчы оор салмактуу саясатчы болсо, президент жана парламенттин үстөмдүгүнө туруштук бере алат эле деген үмүт бар. Анткени азыркы премьер өзүнө жоопкерчилик алгандан качып жатат. Мындай өз көлөкөсүнөн корккон өкмөт бизге албетте кереги жок.

— Кийинки Өкмөт деле азыркыдай болуп жетеленме саясат жүргүзөбү?

— Жетеленме эмес өкмөт келиш үчүн көз карандысыз, күчтүү, президенттен, УКМК, прокуратурадан коркпогон парламент болуш керек. Бирок бул 2020-жылга такалып, жаңы парламенттик шайлоого байланыштуу. Ошондо шайлоочулар кыска ойлоп, миң сомго алданбай, терең ойлонуп мекенчил күчтөргө добуш бериш керек.

— Жээнбеков дагы жөн жатпайт да. Ал мурунку бийликке окшоп өзүнө берилгендер менен тегерегин курчабаганы менен элдин ишенимине кирүү аракетин көрөт. Дегеле, Жээнбековдун президент болуп келгенден берки артыкчылыгы кайсыл иштери
болду?

— Бир жылда саясый жактан Сооронбай Жээнбековдон оң кадамдар жасалды деп эсептейм. Ал мурунку президентке караганда бүт саясый күчтөр менен ачык диалог түзгөнгө аракет кылганы кубандырат. Экинчиден, өзгөчө тышкы саясатта коңшу
мамлекеттер менен мамилени турукташтырып саясат жүргүзгөнү деп айтсак болот. Үчүнчүдөн ал коррупцияга каршы күрөшүү ишин баштады. Бирок ошол коррупцияга каршы күрөшүү канчалык негизде саясый өңүттө болбой, чыныгы коррупциялык схемалар бузулабы же бузулбайбы, бул дагы деле суроо бойдон. Төртүнчүдөн, аймактык балансты түзүүгө аракет жасаганы жакшы иш болуп саналат. Бешинчиден, массалык маалымат каражаттарына карата жеңилдетүү, доо арыздарды алып, сөз эркиндигине басым болбогону жакшы жөрөлгө. Кадрдык маселелер дале суроо бойдон калууда. Айдоочу же жан сакчылар орчундуу орунга коюлган жок. Бирок кээ бир дайындоолор ачык эмес жана түшүнүксүз болууда. Мисалы, Ош жана Бишкек шаарынын мэрлеринин шайланышы. Кубанычбек Кулматов түрмөдө отурат, ал эми бул Сарыбашов Орусия жарандыгы менен Ош шаарынын мэри болуп эмне үчүн отурганы түшүнүксүз. 300дөн ашык жер тилкесин мыйзамсыз саткан Музафар Исаков шартуу түрдө кесилгени элдин кыжырын келтирип жатат. Бул жерде тандалма коррупция менен күрөш болуп жатат деген да ой келет. Жергиликтүү бийликтин өз күчүнө таянып, өз саясатын жүргүзгөнгө кудурети жетпегени өкүнүчтүү. Бул дагы реформаларга байланыштуу. Эгерде радикалдуу реформалар болбосо элдин радикалдык маанайы күчөй берет.

Маектешкен: Т.Токтоболотов

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *