Адил Турдукулов, КСДП саясий кеңешинин мүчөсү: “”Автомаш-Энерго” ишканасында мыйзам бузууларды прокуратура Атамбаев бийликте турганда көрбөй, азыр көрүп калганы кызык”

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу, КСДП саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукуловго кайрылып,  саясат тууралуу учкай маек курдук.

-Адил мырза, Алмазбек Атамбаевдин баласы Сеидбек Атамбаевге 75 пайыз үлүшү таандык “Автомаш-Энерго” ишканасы тинтилип, Биринчи Май райондук соттун чечими менен документтери алынды. Сиз Алмазбек Атамбаев бийликте турганда “Автомаш-Энерго” ишканасында мыйзам бузуулар болгонун айтып да, жазып да келдиңиз эле. Бул тууралуу бүгүн кандай ойдосуз?
– 2013-2014-жылдары “Автомаш-Энерго” компаниясында мыйзам бузуулар тууралуу айтып, жазып келгеним ырас. Бирок, анда буга көңүл бурулган эмес. Азыр эми бул маселени ыйгарым укугуна жараша Финансы полициясы иликтебей, Аскер прокуратурасы текшерип жатканы кызык.

– Ал жылдары Сеидбек Атамбаевдин атасы Алмазбек Атамбаев бийликте турган да?

– Мен дал ошону айтайын деп атам. Сегиз жылдан бери Алмазбек Атамбаев бийликте турганда ушул эле прокуратура органдары мыйзам бузууларды көргөн эмес. Азыр ал киши президенттиктен кеткен соң, анын жакындарына караштуу ишканалардан ар кандай мыйзам бузууларды таап чыгышууда жана чыга берет.

– Демек, соттор дагы деле бийликке көз каранды дейсизби?

– Ооба, дагы деле көз каранды. Мисалы, мына Конституциялык палата Жогорку Кеңештин Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыраткан чечимин мыйзамдуу деп тапты. Бул эми күтүлгөн эле нерсе болчу. Ошентсе да үмүт бар болчу мыйзамдуу чечет деген. Себеби, мыйзам боюнча бул чечим туура эмес, бул тээ башынан эле айтылып келген. Мыйзамды так, туура аткарбаганы менен Конституциялык палата Ак үйгө көз каранды экендигин билдирип койду, бийликтин буйругун аткарды. Парламент деле бийликтин буйругун аткарды да. Азыркы депутаттардын деңгээлин көрүп жатпайлыбы, “элита чимкириктери” отурат. Парламент негизи элдин күзгүсү, эл өкүлү. Алар бийликтин эмес, элдин талабын караш керек болчу. Мына дагы эле парламетке келебиз деп жанталашып, эмитен партияларын жана өздөрүнө үгүт жүргүзө баштады. Ушундай улам шайлоо таза өтөөрұнө деле көз жетпей калды. Бирок, биз ага жол бербешибиз керек! Шайлоону таза, татыктуу өткөрүп алышыбыз зарыл!

2020-жылы 4-октябрда боло турган парламенттик шайлоодо 9% босогону өзгөртпөй калтырууга, саясый атаандаштыкта күч сынашууга чакырган саясатчылар да болууда. Айрымдары 4 пайызга түшүрүүгө үндөөдө.  Шайлоодогу добуш топтоо босогосундагы чекти ылдый түшүрүү боюнча кандай ойдосуз?

– Негизи парламенттик шайлоодогу добуш топтоо босогосунда чекти ылдый түшүрүүдөн коркпош керек, керек болсо нөлгө түшүрүү керек! Анткени парламентке өтүү оңой-олтоңго турбайт. Албетте, парламентке татыктуу, мыйзам жазганды билген жана өкмөт, президент, аткаруу бийликтин үстүнөн көзөмөл жүргүзүп, аны так аткаруу милдеттемелерин билген депутат келсе деп ойлойбуз, Ошону түшүнбөй жаткан азыркы парламенттин бечелдиги болууда. Алар кайра эле парламентке келгенди каалап жатышат. Эски «чимкирик» депутат эмес, жаңы элита келсе жакшы болот эле.

– Тилекке каршы, жаңы элита каймана ат менен таанылган болгон Кайрат Кыргыз, Чыпалакка окшогондор болуп жатпайбы. Алар депутаттыкка аттанып жатканын жар салышты… Парламенттин деңгээли түшкөндөн түшүп баратат. Кандай дейсиз?

– Эми парламенттин деңгээлин  Чыпалак же Кайрат Кыргыз түшүргөн жок да, азыркы “чимкирик” депутаттар түшүрүп койду.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *