Адил Турдукулов президенттик жарышка чыгабы?

 

Азырынча ушундай кептер тароодо. Бала күнүнөн тартып саясаттын миң түрлүү “оюн, интригаларынан” түшүнүгү терең Адил Турдукуловдун келечекте президенттик жарышка аттанаары тар чөйрөдө кызуу кепке айланууда. Кызыгы, чет жактагы тышкы күчтөр да каарманыбызга түз көз-карашта экендиги, булганбаган, анан калса, таза кадр экендигине токтолуп жатышканы чынбы? Бул эми азырынча күбүр-шыбыр кеп катары тароодо. А келечекте Адил мырза ажолук жарышка аттанса, эл жүгүн аркаласа неге болбосун? Жаштар жабыла колдоп, ага жол ачсак болот да, туурабы? Качанкыга чейин тээ Акаев, Бакиев доорунан берки жүздөрү жышылып, бүтүндөй өлкөбүздө эмес, кичи мекенинде кадыры жокторго тебелене беришибиз керек? Андан көрөкчө Адилдей жигиттерди колдоп алалы да.

Булак: “АЗИЯnews”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *