Адиль Турдукулов, саясатчы: “Сегизбаев менен Жолдубаева качып кеткенге чейин укуктук баа берилип, жазага алынышы керек”

— Адиль мырза, 17-мартта мурунку президент Алмазбек Атамбаев Аксы окуясын эскерүү максатында элди чогултуп, өзү бир сааттан ашык сөз сүйлөдү. Сиз да ошол жерде болдуңуз. Атамбаевдин айткандары чектен чыгып кеткен жокпу?

— Албетте кээ бир сөздөрү чектен чыкты. Бул жерде Атамбаев карапайым жарандын кулк-мүнөзүн жакшы билген, психолог катары ар бир элге карата кайрылуусунда ошондой, эл талкуулай турган, анча “маданияттуу эмес” сөздөрдү кошуп коёт. Ошондой калемпир сөздөрдү башка айтылган сөзү да орчундуу болуш үчүн кыпчып кетет да. Мисалы, азыркы бийликти тарифтерди, айып пулду көтөрүп бюджетти толтурбай, ууруларды ордуна койгула деген талабы да элге жетти. Мен бул сөзгө кошулам.

— Депутаттарды “чимкирик” деп атады. Азыркы чакырылышты Атамбаев өзү көзөмөлдөп, каалаган адамын алып келбеди беле. Бүгүнкү “чимкирик” атка конгон депутаттарды Атамбаевдин шинелинен чыккандар десек туура болобу?

— Атамбаев өзү түзгөн КСДП фракциясына жоопкер. Ага далил фракциянын 38 депутаттарынын ичинен үчөө гана — ​Кодуранова, Карамушкина, Мадеминов жанында калышты. Калгандары сатып кетишти. Азыр анын буга абдан өкүнүп жатканын көрүп жатабыз. “Эмки партиялык тизме башкача принципте түзүлөт” деп, Атамбаев убада кылып жатат. Калган 5 фракция үчүн ошолорду түзгөндөр жоопкер. Бир жыл мурун “Бир Болдун” депутаты, Акаевдин аспиранты Кубанычбек Жумалиев жаңы түндүк-түштүк жолуна Атамбаевдин атын коюш керек деген демилге менен чыккан болчу. “Ата-Мекендин” депутаты Сайдулла Нышанов болсо Атамбаевге баатыр наамын бериш керек деп талап койгон. “Өнүгүү” фракциянын депутаты К. Жолдошбаев болсо, депутаттардын “маршруткада” жүргөнүнө уялгандан башка, улуттук деңгээлде олуттуу нерселерди сунуштаганга жарабайт. Парламентте көбүнесе мандатын сатып алган, ошондуктан элдин астында эч кандай жоопкерчиликти сезбеген депутаттар отурат. Парламент олигархтардын борбору болуп калган, ал жакка элдин көйгөйүн эмес, өз капчыгын толтуруга жана бизнесин калкалоо үчүн депутат болгону барып жатат. Эгерде адилеттүү шайло өтсө 2020-жылы муну өзгөрткөнгө шанс бар.

— Сиз эскерүү митингинде сөз сүйлөп, эки революция максатына жеткен жок деп айттыңыз. Революциянын максатын ишке ашырууга Атамбаевде бийликте турган учурда мүмкүнчүлүк бар эмес беле?

— Ооба, мүмкүнчүлүк бар болчу, бирок аны аткарган жок. Буга мурунку жана азыркы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин жоопкерчилиги да чоң. Анткени, Текебаев парламенттин трибунасында, “өлкөнү башкарууну биз, Жогорку Кеңеш колубузга алышыбыз керек” деп айтканда, аны күн карама депутаттар колдогон эмес. Атамбаевдин эң башкы жетишкендиктеринин бири — ​Борбор Азия мамлекеттеринин тарыхында биринчы жолу бийлик өткөрүп бергендигинде. Президенттик мөөнөттүү өткөрүп берүү эки революциянын эң башкы талаптары болуп келген. Бул дагы демократиянын эң башкы белгилеринин бири. Биздин азыркы талабыбыз бул салтты улап 2023-жылы, 4 жылдан кийин Сооронбай Жээнбеков бийликти тынч жол менен адилеттүү шайлоо аркылуу өткөрүп бериш керек. Экинчиден биз оппозиция, конструктивдик күчтөр биригип парламентаризмди аягына чейин орнотушубуз керек. Бул негизги максат.

— Абдил Сегизбаев, Индира Жолдубаева камалышы керек деп айттыңыз. Алар буйрукту аткарганы үчүн камалышы керекпи?

— УКМК, Башкы прокуратура кандай гана президент келбесин, саясый куугунтуктун башкы куралы болуп келген. Салянова мыйзам нугунда ишти жүргүзө баштады эле, ага карата саясый куугунтук жүрдү. Абдил Сегизбаев жарандык коом өкүлдөрүн жана оппозицияны каралоо жагынан мурунку бийликке мыкты кызмат кылып бергени үчүн УКМКга жетекчи болуп дайындалган. Ал жакта мурдагы иштерин атайын кызматтын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу аркылуу мурдагыдан дагы ашыра иштеп берди. Жолдубаева болсо прокуратура системасында бир да күн иштебей туруп, анын башында туруп калды. Экөө тең мыйзам эмне экенин унтутуп коюшуп, биринен бири ашып оппозицияга саясый куугунтук жүргүзүп, сөз эркиндигин муунткан. Ошондуктан экөөнө тең, алар качып кеткенге чейин укуктук баа берилип, жазага алынышы керек. Бул азыркы УКМК жана Бакшы прокуратураны башкарып тургандарга, сотторго да маанилүү белги, сигнал болот эле.

— Оппозицияны бириктүрүү Атамбаевдин колунан келеби? Кайсыл негиз менен ал кишинин тегерегинде саясатчылар топтолушу мүмкүн?

— Бул нерсе кайрадан эле жаңы шайланган президенттин саясатына байланыштуу. Эгерде Сооронбай Жээнбеков жаңы саясый барак ачып, кас, душман кылып, өзгө-жатка же “меникилер” деп бөлбөй, кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн иштесе, ага карата кандай гана каршылаштар топтолбосун, алардын планы ишке ашпайт. Бирок акыркы жылдагы экономикалык жыйынтыктар жакшы эмес, кооптуу. Атамбаевдин болсо бийликте жүргөнгө караганда, оппозициядагы тажрыйбасы мол. Бийликке кандай үлгүлүү оппозиция болорун ал Акаевдин жана Бакиевдин маалында жакшы көрсөтүп келген. Бирок ал убакка караганда азыр Атамбаевдин идеялык саясый платформасы да бар — ​ал парламентаризмди куруу. Ошол идеяны колдогондор КСДПнын тегерегинде топтолот, жана эмки жылы шайлоого катышат.

— КСДП “Форумда” расмий түрдө оппозицияга кеткенин билдирди. Парламенттеги КСДП бийликте кала берерин айтышты. Атамбаев баштаган КСДП бул процессте канчалык таасирдүү болот?

— Бул ойлонулган кадам болчу. Анткени эми бийлик кандай гана жол менен КСДПны бөлбөсүн, бул элдин көзүнчө оппозицияга карата басым катары кабыл алынат. КСДП фракциянын депутаттарынын көбү Атамбаевди чаңганы менен бийликке жакшы көрүнүп, аларга жагынайын деп, эмки шайлоодо бийликчил партияга кошулуп калабыз деген пландары бар. Бирок бул ишке ашпайт Анткени чыккынчыларды эч жерде жактырышпайт.

Маектешкен: Темирлан Токтоболотов

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *