Адил Турдукулов, “Сөз эркиндигин коргоо” комитетинин төрагасы: “Атамбаев өз максатына жетиш үчүн баардык нерсеге даяр турат”

— Адил мырза, саясатчынын тагдыры кызык болот эмеспи. Кечээ эле Алмазбек Шаршеновичке ийиле жүгүнүп, колдоп жаткандар бүгүн эчтеме болбогонсуп, ал кишиден оомат ооп кетери менен туш келди сындай башташты. Экс-президент өзүнө карата айтылган түмөн сындарга неге жооп узатпай жатат? Адатта ал мындайларга чыдабай, “бир жарылып”, төгүлө жооп узатчу эле го, сиздин оюңуз кандай?

— Бул эми кыргыздын ноу-хаусу (өзгөчүлүгү). Жаңы келген бийлик өткөн бийликтин каталарын айтмайынча, көзгө сайып, кашкайта чындыкты көрсөтмөйүнчө жөн туралбайт. Алардын, тагыраагы, эскилердин фонунда жаңы келгендер өзгөчө бийигирээк, агыраак бололу деген максаттары болот окшойт. Мындай көрүнүш буга чейин тээ Исхак Раззаковдон баштап ошондой болуп келген. Бирок, Сооронбай Жээнбеков аны Атамбаев кандай гана өзгөчө кадр маселесинде, коррупцияга каршы күрөшүү жаатында сындабасын, элдин астында кайым айтышууга түшкөн жок. Кептин ток этери, майдаланбады. Бул анын адамгерчилик сапаты бийик экенин сыпаттайт жана бул жаңы саясый салттын түптөлүшүнө жол ачат. Ал эми Атамбаев президент болуп турганда прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, азап жеген саясатчылар, ошол убакта Алмазбек Шаршенович аларды кандай гана жерге киргизип, “коррупционер” деп канча жолу айтпасын, ага ошол убакта татыктуу жооп кайтарууга жарабагандар азыр “баатыр” болуп, көлөкөдөн чыга калгандар, тескерисинче, өздөрүнүн адамгерчилик, жигитчилик сапаттары жок экенин сыпаттайт. Мындайларга “кайран пенделер” деп гана айткың келет. Сөз жок!

— Эгерде бүгүнкү бийлик Атамбаев жана анын бир кездеги айланасындагыларга карата “кас саясатын” токтотпосо, Алмазбек Шаршенович кечээки душмандары менен болсо да биригип, өзүн коргогондой кадамга барабы? Ал кишинин “душманды доско айландырыш керек” деген сөзү бар экенин биздин шеф Аслан Сартбаевден угуп калганым бар эле…

— Өзүң билесиң да Калыгул, биз Аслан экөөбүз Атамбаевдин мүнөзүн жакшы билебиз. Ал кандай гана оор кырдаал болбосун мокоп калбайт, өз максаттарына жетүү үчүн баардык нерсеге даяр. Бирок, азыркы учурда “кечээки душмандар” аны менен союздаш болобу? Маселе ушунда. Бул нерсе кайрадан эле жаңы шайланган президенттин саясатына байланыштуу. Эгерде Сооронбай Жээнбеков жаңы саясый барак ачып, кас, душман кылып, өзгө-жатка же “меникилер” деп бөлбөй, кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн иштесе, ага карата кандай гана каршылаштар топтолбосун, алардын планы ишке ашпайт.

— Бишкек ТЭЦиндеги абалга адилеттүү баа берилеби? Эгемен өлкөбүздүн тарыхында акча жегендер эмес, Аксы окуясында адам өлтүргөндөр жазаланбай калганын эске алганда, ТЭЦтеги абал деле көз будамайлоо менен жабылып калбайбы?

— ТЭЦ бул энергетика тармагындагы бир гана бөлүк. 2011-жылдан бери карай Кыргызстандын энергетика тармагына сырттан келген насыялардын, инвестициялардын көлөмү бир миллиард доллардан ашкан. Бул акча кайда, кантип жумшалганы белгисиз бойдон. Ошол эле энергетика бөлүштүрүүчү компанияларда баягы эле шылуундар. Эң кубаттуу делген “Түндүкэлектр” ишканасында бул тармакта тыңгылыктуу иштебеген, баягы эле Ширшовдун кадрлары бири-бирин алмаштырып отурушат. Муну формалдуу түрдө жетектеген мамлекеттик мүлк фонду эмнеге керек экени дагы белгисиз бойдон. Ошондуктан, бул жерде системалык түрдө иликтөө жүргүзүлүп, күнөөлүү адамдар жоопкерчиликке тартылышы керек. Ошону менен Сооронбай Жээнбековдун коррупция менен күрөшү сөз, кагаз түрүндө эмес экенин тастыктай алат. Эгерде биздин экономиканын күрөө тамыры болгон энергетика тармагы тазаланса, анда башка тармактар дагы тазаланат да.

— Катуу кетсем кап этпестирсиз, жеке өзүңүздүн учурда кызмат көзүңүздөн учуп эле жатат да ээ? Жигитчилик мүнөзүңүз бар го, бул жагын жымсалдабай ачык айтсаңыз? Эгерде чет өлкөлөрдөгү элчилик кызматтарыбыздан катардагы кызмат сунушталса деле ойлонбой бара берет белеңиз?

— Кычыктанып, тийишкен сапатың калбайт да иним. А эмнеге мени анда бир гана элчиликке жарайт деп эсептейсиң? Сенин логикаңа кулак түрсөк, байкең дипломатия тармагына жараган, ушул тармактагы иштер гана колунан келген кадр болуп калабы? Түпкүлүгүндө андай деле эмес. Мен мүнөзүм боюнча мамлекетчил адаммын. Эгерде мен салым кошо ала турган тармак болсо, таза, чын дилим менен иштеп берүүгө даярмын. Бирок, мунун арты кандайдыр бир саясый соодалашуу болбош керек, ар бир кызматка профессионалдуулук негизде гана адамдарды дайындоо багытталса. Жансакчы, катчы, айдоочуу өлкөнү башкарган доор Атамбаевдин мезгили менен бүтүшү зарыл. Эми элчилик жөнүндө сөз кылып калдың, мага акыркы жылдары Европа, Корея, Казакстанда элчиликте иштеп кетүүгө сунуштар, керек болсо, менин макулдугум жок дайындоолор да болгон. Мен буга макул болгон жокмун. Аны өзүң жакшы билесиң. Эгерде кызмат үчүн ошол эле элчиликтерге кетүү боюнча үзүлүп түшсөм, мен эчак алдыма келген ооматты аркалап, кете бермекмин. А бирок, ички саясат оңолуп, туура нукка түшпөсө, сырткы саясат эч качан оңолбойт. Азыр элчиликтер да ар кандай. Кээ бирлеринде  өлкөгө караштуу формалдуу гана иштер болсо, башка мигранттар көп иштеген өлкөлөрдө иш да көп. Буга чейин элчиликке көп учурда дипломатиялык, мамлекеттик иште тажрыйбасы жок кадрлар дайындалчу. А чынында элчилик кызмат министрлик менен тете иш. Ошого жараша саясый салмагы бар инсандар дайындалышы керек. Жеке өзүм ошондой салмакты топтой алдым деп ойлойм.

— Өткөн бийлик тушунда бошко кеткен бир топ жылдык дооруңуздан сабак алып, бул бийликке ийменүү менен иштешүү оюңузда барбы?  

— Жээнбеков биз талап кылган сөз эркиндигине башка мамиле жасады. Ошого улай эми дагы да үмүт жаратып, саясый туткундарды дагы абактан чыгарат деп ишенебиз. А эң негизгиси, коррупция менен күрөштү ал айныгыс түрдө жүргүзөт деп үмүттөнөбүз. Бул жаатта ага биринчи “тест” Бишкек ТЭЦи, анын айланасындагы иштер болот го. Андан кийин Кумтөр, бажы, контрабанда, жерлерди трансформациялоо маселелер каралышы керек. Албетте, эгерде бул нерселер кагаз түрүндө калбаса, чечкиндүүлүк менен саясый эркин көрсөтсө, Жээнбековдун саясатын колдойбуз жана ага түрткү болобуз.

— Фонд ачып же комитет түзө коюп, “аты улук, супарасы курук” ар кандай бирикмелерге мүчө болгонду токтотуп, карааныңызды көрүнгөн жерден пайда кылбай, парламенттик шайлоого барсаңыз болот беле? Же ага капчыгыңыздын жукалыгы жол бербей жатабы?   

— Биздин “Сөз эркиндигин коргоо комитети” жеке менин оюмча Жогорку Кеңештеги кээ бир фракциялар жасабаган иштерди кылды. Мен муну ачык эле айталам. Ага сөзсүз түрдө бул комитеттин түзүүчүлөрү – Замира Сыдыкова, Бегалы Наргозуев, Нарын Айып жана Равшан Жээнбековдун эмгектери зор. Биз демократия, акыйкаттуулук жана адилеттүүлүк принципке гана таянып, иш алып барып жатабыз. Саясый кызыкчылык менен конъюнктурага алданып, иш кылган эмеспиз. Ал эми мени алдыда көптөгөн кызматтар күтүп турат. Эң негизгиси, ал кызматтарга жетүү эмес, элдин ишенимин актап, таза иштеп, акыйкат жолунан кайтпоо. Атам ошондой жолду басып өтүп, мени да ошондой кылып тарбиялаган.

Калыгул Бейшекеев

Булак: ”Азия Ньюс”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *