Адил Турдукулов, УОКтун мүчөсү: “Атамбаевдин жан-жөкөрлөрү кайрадан эле эскиче аңдымай, компромат топтомойго өтүштү”

“Азыркы бийликтегилер ѳздѳрү оппозицияда туруп, мурдагы президент Курманбек Бакиевди “электр энергиясынын баасын кымбаттатты” – деп бийликтен кетиришкен.   Анда азыркы өлкө башчыбыз, “Эмне үчүн супер арзан энергия мынчалык болуп жатат” – деп, таң калган болчу”, – деген жарандык активист Адил Турдукулов “Майдан.kg” гезитине берген маегинде.

-Адил мырза, Өкмөт айрым аракеттери менен элди кыйнап, кырдаалды кыйындатып жаткан жокпу?

– Сариевдин өкмөтүнүн антикризистик программасы жок.  Азыр расмий маалымат боюнча элдин 3/1 бөлүгү 2.5 миң сомдук киреше менен тиричилик кылып жатат. Орто айлык акы 228 доллар, биздин артыбызда бир гана Тажикистан, ал эми жумушсуздук боюнча КМШ өлкөлөрдүн ичинен биз эң арттабыз. Мигранттардын бизге жиберген акча каражаттары акыркы жылы жарымына тете кыскарыптыр. Бизге келген товарлар, өлкөдөн экспорттолгонго караганда 3 эсе көп экен. Биздин тышкы карызыбыз 2009-жылы 2.5 млрд. доллар болсо, азыр 3.5 млрд. долларга жетиптир. Бизде азыр тышкы карыз өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн 60 пайызынан ашты, ошонусу менен улуттук экономикадагы коркунучтуу чекке жетти. Мамлекетибиз дефолт деп жарыяланып, аны менен соода-экономикалык алака түзүүгө эч ким кызыкдар болбой, инвестор дагы келбейт. 2014-жылдын башында 1 доллар 50 сомго жетсе, азыр  1 доллар  75 сом болду.  Улуттук банктын 800 млн. доллар интервенция кылганы эчтекеге жарабады.

– Электр энергиясы кымбаттаса эл толкушу мүмкүнбү?

– Азыркы бийликтегилер ѳздѳрү оппозицияда туруп, мурдагы президент Курманбек Бакиевди “электр энергиясынын баасын кымбаттатты” – деп бийликтен кетиришкен. Силерге Атамбаевдин 2009-жылы, КСДПнын жыйынында айткан сөзүн эстетип коеюн. Анда азыркы өлкө башчыбыз, “Эмне үчүн супер арзан энергия мынчалык болуп жатат” – деп, таң калган болчу. Андан ары сөзүн улай, “Ошол эле Казакстанда электр энергиясы чыгарган наркысынан 3 эсе эле кымбат. Токтогул ГЭС чыгарган электр энергиясынын 1кВт 8 тыйынга барабар болсо, аны элге 1.5 сомго сатып жатайын деп жатасыңар. Бул 18 эсе кымбатыраак экен. Тарифтерди көтөрүү – элге эң керектүү делген тамак-аш, кийим-кечиктин батыл кымбатташына да алып келет”,- деген.

Ошондо СДПК фракциянын депутаттары өз лидеринин сөзүнө шыктанып, төмөнкүдөй чечим чыгарган болчу.

1. Фракция тарифтерге бааны көтөрүүнү эл менен талкуулап чечим чыгарышын талап кылат.

2. Тарифтердин көтөрүүсү башка керектелүүчү товарларга кандай таасирин тийгизет деген, так эсептөө методологиясын талап кылат

3. Тарифтерди көтөрүүнүн ордуна коммерциялык жоготууларды жоготууну талап кылат.

4. Энергокомпанияларды жетектөөгө азыркы шылуундардын ордуна, таза билгич кадрлар тартылышы керек.

5. Биз өкмөттөн энергетика тармагына тартылган 350 млн. доллар АКШ кредит, гранттар кайда кеткени боюнча отчетту талап кылабыз.

Мен КСДПнын ошол жыйынындагы чечими менен толук кошулам. Бирок, өздөрү бийликке келип маселени чечүүнүн ордуна ого бетер туңгуюкка алып барып жатат.

А. Атамбаев бийликке келгенде көйгөдү түшүнгөндөй түр көрсөткөр. Өз оозу менен “Түндүкэлектр”ишканасы электрэнергиянын 1 кВт-саатын 18 тыйынга сатып алаарын оозанган. А бирок электрэнергия 70 тыйындан сатылып жатат. “Мындай рентабилдүүлүктү карап туруп кандай жоготуулар туурасында сөз кылууга болсун? Сыягы, энерготармакта дагы деле болсо Ширшовдук, Бакиевдик система иштеп жатат болуш керек…” деп күмодөнгөн эле эле президент.

Сүйлөгөн жагына келгенде го Атамбаев катырат. А бирок, энергетика проблемасын тарифти көтөрүү жолу менен чечкени кызык болуп жатат. Анан энерготармакка эл аралык донорлор тараптан кредиттерди, донорлорду тартуу далалатын кылууда. Эми ошол жагы деле укмуш болуп кеткен жери жок. Бир кызыкты мисал келтирейин . 1992-жылдан тартып Дуйнөлүк банктын Кыргызстанга берген грант, кредит түрүндөгү каржылай көмөгү 1 миллиард АКШ долларынан ашкан. Ал эми Энергетика министрлигинин берген маалыматы боюнча, эл аралык каржы уюмдары биздин энергетика тармагына 1991-жылдан 2010-жылга чейин дээрлик 370 миллион доллар беришиптир.

Бул эми бери жагы, 2011-жылдан бери карай Кыргызстандын энергетика тармагына сырттан келген кредиттердин, инвестициялардын көлөмү 743 миллион 450 миң долларды түзөт. Бул акча кайда, кантип жумшалганы белгисиз.

Бакиевдин бир жакшы жери “тезек тергиле” деп, элге ачык айткан. Азыркы өкмөт “терсеңер тергиле, тербесеңер тербегиле, бирок алдыда кандай болот билбейбиз”- деп жоопкерчиликтен качып жатат. Ошентип, бүгүн расмийлердин сөзүнө ишеним жоголду. Анткени, компаниядагы кадрдык даярдоолордогу коррупциялар мурдагы бойдон калган. Экинчиден, “жок эле колдонуучуларга” электр энергиясы ташылып жатат. Ошолордун негизинде 1,5 млрд. кВсаат жоготуулар болуп жаткандыгы тууралуу тастыкталган маалыматтар бар. Мындан сырткары текшерүүчүлөр тарабынан мыйзам бузуулар болгону нечен ирет катталган. Бирок, укук коргоо органдары унчукпастан отурат. Буга себеп, коррупциялык көрүнүш Ак үйдүн 7-кабатына жеткендиги.

Ошол эле энергетика бөлүштүрүүчү компанияларда баягы эле шылуундар. Эң кубаттуу делген “Түндүкэлектр” бул тармакта иштебеген, баягы эле “Ширшовдун” кадрлары бири-бирин алмаштырып олтурушат. Муну формалдуу түрдө жетектеген мамлекеттик мүлк фонду эмне керек экени дагы белгисиз бойдон.

Коррупция жалаң энергетикада гана эмес, бүт мамлекеттик системада жайылып, күчөп баратат. Ошондуктан элдик толкундоолор болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт.

– Казино иштетип бюджетти толуктоо аракетине кандай комментарий бересиз?

– Азыр Өкмөттүн кризистен чыгуудан элге салык киргизип, элдин кенчин сатуудан башка эч чара көрбөй жатат. Ошол эле энергетика тарифтерин бул жылы 21%, ал эми 2017-жылы 29% көбөйткөнү жатат. Биз 1 долларга саткан “Газпром” газды ар ай сайын 3-5% көтөрөйүн деп жатат. Элге унаага жана жашаган үйүнө камсыздоо шылтоо менен акча өндүрүп алайын деген амалы бар. Эң кирешелүү делген “Кыргыз темир жолдору”, “Кыргызтелеком”, “Кыргызпочтасы”, “Мегаком” ишканаларын сатуу жолу ойлонулуп жатат. Азыр белгилүүсү – “Мегаком” сатууга коюлду. Ал бир жылда 40 млн.$ кирешени алып келген ишкананы – бюджеттин тешиктерин толтуруш үчүн 300 млн .$ сатып жатышат. Мунун себеби – мамлекет бул ишкананы башкаруу учурунда, өзгөчө мамлекеттик сатып алуулар жактан көп бузууларды жасаган.

Акыркы 5 жылда бизди көп эле алдашпадыбы, “Талдыбулак”, “Жерүй”, “Жунда” сатылып иштеп башталганда эле “бизге алтын жаан түшүп баштайт” деп. Чынында биринде  жумуш токтотулуп, экинчисинде чет элдик инвесторлордон биздин жумушчуларга кысымы бүтпөйт, үчүнчүсү болсо финансылык махинациялар түгөнбөйт.

Казино боюнча деле ошондой. Бул азыркы бийликтин бир логикада иштебей жаткандыгынын белгиси. Отунбаеванын демилгеси менен ойлонулбай бүт казинолор жабылган болчу. Жыйынтыгында бүт казинолор көмүскөгө кетип, Казакстанга көчүрүлдү. Бирок кайра жанданып чыккандан кийин менин оюмча казинону Ыссык-Көл аймагында чектеп иштетиш керек. Ошондо бул областтын туристтик артыкчылыгы дагы өсөт.

– Сариев неден жаңылды?

– Сариев бүт күнөөнү өзүнө алып жатат. Чынында азыркы экономикалык кырдаалга биринчиден президент жоопкер. Анткени анын колунда парламент дагы, укук коргоо органдары дагы бар. Кризистен чыгуунун бир эле жолу бар – бул президентке жана парламентке көз карандысыз болгон өкмөттү түзүү. Алар 100 күндүн ичинде айлыкты жана пенсияны доллардын курсу менен бирге өсүшүн камсыз кылыш керек. Андан кийини банк менен микрокредиттик уюмдардан доллар менен алган кредиттерди сомдун курсу менен тең кылууну жоопкерчиликке алышы керек. Бул эң керектүү нерсе. Анткени, бүт алган кредиттер 94 млрд.сомдон ашат экен.

Президент  кандай катачылыктарга жол берип жатат?

– Биринчиден, Отунбаева менен Атамбаев башкарган Убактылуу Өкмөт дүркүрөп кеткен коррупция жана мародёрчулук үчүн, ошондой эле түштүктөгү коогалаңга керт баштары менен жооп беришет. Мына ушул кишилердин бири калбай люстрацияланып, буларды бийликке жолотпош керек.

Эң чоң катачылыгы, Атамбаевдин кадрларды дайындаганда анын адистигине басым жасабай, өздөрүнүн ишенген адамдарына чоң кызматтарды берип жатканы. Ошондой  эле саясый кугунтуук тандалып жүрүп  жатат. Бүт бийлик Атамбаевдин тегерегинде топтолгону, жана алар кандай гана коррупциялык иштерге аралашпасын, аларга карата кол тийбестиги. Президент өзү баш болуп журналист менен соттошуп, эки миллион сом утуп алып, ошону “төлө” деп коколоп, сөз эркиндигине шек келтирип жатат. 24-декабрда маалымат жыйынында Атамбаев “президент болбосом мен Орунбековду тумшукка бермекмин” дегени кол алдындагыларга “ошондой кылгыла” деп тымызын кол жаңсаганы эмей эмне…? Ал сөздөн кийин мына Турат Акимов сабалды. Атамбаев оппозиция болуп турганда, атайын кызматчылар анын үйүн аңдып, ал жерге кайсы кыздар кирип чыгып турганын элге көрсөтүштү эле. Азыр болсо эңшерилген абалга алып келгенин, коррупция күчөгөн жөнүндө айткан аргументтерибизге жооп таба албай Атамбаевдин жан-жөкөрлөрү кайрадан эле эскиче аңдымай, компромат топтогонго өтүштү.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1 миң 378 км., анын ичинен 320 км. такталган эмес. Кыргызстан менен Таджикистандын чек арасынын узундугу 971 км., анын ичинен 471 км такталган жок. Атамбаевдин учурунда бир дагы метрге коңшу мамлекеттер менен чек ара маселеси чечилген жок. Тескересинче, 2015-жылы жума сайын  жаңжал катталып жатат. Анткени, коңшу мамлекеттин башчылардын ортосунда дайыма, тыгыз, түз байланыш болушу керек. Бирок өкүнүчтүүсү, мындай ниет биринчи кезекте Атамбаевде жок.

2010-жылдан 2014-жылга чейин “Кумтөрдөн” 87 тонна алтын өндүрүлүптүр, акча менен санаганда – 3 млрд. 909 млн. долларга жетиптир. Бир эле суроо – бул акчаны Атамбаев менен Отунбаева кайда кетиришти?

Икрамжан Илмияновдун кадрдык саясатка кийлигишүүсү, Сапар Исаковдун “Манас” аба майданындагы жана көчмөн оюндары боюнча ачыкка чыккан иштери, Эркин Мамбеталиевдин күч органдарын колго мыкчыганы, Фарид Ниязов менен Абдил Сегизбаевдин эркин басма сөз менен оппозицияга тынымсыз чабуул коюп жатканы биз бандиттик-коррупциялык бийлик системасынын калыптанып жатканына күбө болуудабыз.

Үчүнчү революция болчу кырдаал Кыргызстанда жаралып калдыбы?

– “Кумтөр” маселеси мурунку жылдардай эле деле көйгөйлүү маселелердин бири эле, азыр деле ошол көйгөй чечилген жок. Парламенттик башкарууга жеттик. “Ушун үчүн революция жасадык” деп төш какканыбыз менен кайра эле “Конституцияны алмаштырабыз. Референдум кылабыз”- дегендер четтен чыгып жатат. Оппозиция алсыз эмес, күчтүү деп айткым келет. Анткени, Акаевдин мезгилинде деле, Бакиевдин мезгилинде деле “оппозиция жок, оппозиция алсыз”,- дешкен. Эки президент тең кантип бийликтен кеткенинин байкабай калышкан. Атамбаев жана анын тегерегиндегилер аларды туурап “оппозиция алсыз, оппозиция жок” дебей эле койсун. Себеби, башка президенттердин башына түшкөн күн күтүлбөгөн жерден мунун да башына түшүп калышы ыктымал.

Мамлекеттик кызматкерлер декларацияда кирешеси менен чыгашасын толук көрсөтөрүнө ишенесизби?

– Буга мен гана эмес, бир дагы кыргыз жараны ишенбейт. Мисалы биздин башбакан Сариевдин бир жылдык кирешеси 8 миң доллардан ашпайт экен, бир кичи там, унаасы болсо жок экен. Эми буга ким ишенет, айткылачы? Өкмөт мүчөлөрү, депутаттардын дагы декларация дегендик бул накта көз боемочулуктун, эки жүздүүлүктүн мисалы.

Менин анализим боюнча мамлекеттин чыгашаларын жарымынан көбү туура эмес жумшалып жатат. Албетте, муну кескин кыскартыш керек.

Мисалы мурунку жылы “жумуштук сапар” деген шылтоо менен 388 млн.сом коротулуптур. “Ар кайсы буюмдары сатып алуу” деген берене менен Жаштар министрлигинин 16 млн. 780 сом чыгышасы чыгыптып. Ал эми “тамак аш” берене менен Баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматы 3 миллиондон ашык сом короткон.

Мамлекеттик сатып алуулар өзүнчө сөзгө ээ. Эмнегедир өкмөткө мектептерге жаңы жабдык сатып алуу, кыргыз тил мугалимдерге айлыкты көтөрүү таптакыр кызык эмес.

Ал эми Кыргыз Википедияга материалдарды салуу деген шылтоо менен 660 миң сомду которуу аябай кызыктуу болуш керек. Андан тышкары алар андроидке ар кандай окутуу программаларын койдурууга 840 миң сом жумшаптыр. Бирок жеңүчүү болуп бир дагы муну менен алектенбеген ишкана утуп алыптыр.

Айта берсе сөз көп. Негизгиси – эгерде бүт мамлекеттик органдардын чыгашаларына көз карандысыз толук ревизия болмоюнча коррупцияны жое албайбыз. Анте албасак кризисти дагы жеңе албайбыз. Бул жагдайлар албетте, кыргыз мамлекети болобу же жокпу деген суроого алып келет…

Аэлита Сатиндиева, Булак: “Майдан. kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *