Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Адилет Айтикеев: “Грин-карта утуп алдым, эми качкын макамын албайм”
Дүйнө жүзүндө

Адилет Айтикеев: “Грин-карта утуп алдым, эми качкын макамын албайм”

Мындай маалыматты Америкада жашап, иштеп жаткан журналист, кесиптешибиз өзү таратты. Анын айтымында, ал качкын макамын алган эмес, аны алуу үчүн үч жылдан бери кезекте турган. Ошол эле учурда, ал грин-карта алуу үчүн да кагаз тапшырган.

Жакында грин-карта утуп алдым. Эми качкын макамын албайм. Ал иш жабылат. Анын үстүнө Кыргызстанда дагы кырдаал өзгөрүп калбадыбы. Мен Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин учурунда куугунтукка алынгам», — дейт Адилет Айтикеев.

Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаевдин бийлигинде Адилет Айтикеев “Искра плюс” гезитин чыгарып турганда куугунталып, 2016-жылы Кыргызстандан чыгып кеткен. Кызыгы, агасын куугунтуктаган адамды иниси, журналист Мирбек Айтикеев колдоп жүрдү. Ал Кой-Таштагы окуясынан кийин, Америкага качып кетип, агасынын жанында экени айтылган жана айтылып келет. Бирок, мындай маалыматты агасы четке кагып: «Мирбек кайда экенин билбейм, менин жанымда эмес, ал боюнча маалыматым жок», — дейт.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Кара-Суу районунун Тогуз-Булак айылында сибирь жарасы катталгандыктан, 25-августка чейин карантин киргизилди

Иркутскта “Боярышник” лосьонун ичип мерт кеткендердин саны 60тан ашты

Атырау менен Алматынын борбору полициянын катуу көзөмөлүндө