Адилет Айтикеев: “Жанар Акаев, абийириң болсо мародерлордун партиясынан чык, болбосо кошоматчы бойдон каласың”

Журналист Адилет Айтикеев депутат Жанар Акаев досуна кайрылуу кылып, аны Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

“Биз мародерлорду башка жактан издеп жүрсөк, көрсө Текебаевдин айтымында Атамбаев өзү мародер экен. Мына сага тамаша!

Бакиевдин үй-мүлкү, анча-мынча акча, алтын жана башка буюмдары ал эми ордуна кое турган нерсе. Аны кечирип деле койсо болот. Бирок алардын жерин ээлеп алып, үй салып, анысы аз келгенсип элдин алдында туруп алып бакылдаганын көрүп жийиркенесиң!

“Атамбаев уурдабайт” деп Жанар Акаев деген досум бакылдап атты эле былтыр. Жанар, мен сыйлаган эмес, сен сыйлаган Өмүрбек Чиркешович Текебаев Атамбаевдин ууру экенин, баскынчы, мародер экенин  өзү жоопкерчилик менен эл алдында маалымат жыйын берип, ачык айтып жатат. Эгерде абийириң болсо мародерлордун партиясынан чык да, мандатыңды таштап, эл арасына кошул. Болбосо кошоматчы бойдон каласың…”, – дейт Айтикеев. Депутат Жанар Акаев бул кайрылууга жооп кайтарып, үн каткан жок.

Булак: А.Айтикеевдин фейсбуктагы баракчасы

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *