Адилет Баяман уулу: ”Ата, мынакей сенин душмандарың. Мен чоңойсом алардан өч алам!”

Эне жана алыстыктар

Ташкент. Капыстан бизди пахтага таратты. Сурхандарыя облусуна барасыңар деди. Даярданганга 3 күн убакыт берди. Түз эле түнкү автобус менен Фрунзеге жөнөдүм. Дал ошол маалда апам айылдан шаарга келген эле. “Ии-ий кокуй балам, пахтасынан кантээр экенсиң!” дейт Эне безилдеп. “Кирза өтүк кийесиңер деди” дейм. Анан тияктан эле сатып алам десем апам болбойт “жок кой, Фрунзеден эле өзүм алып берем” деп. Анан кирза өтүк издеп жөнөдүк. ЦУМга барсаңар эле сатат дешти. ЦУМга бардык. Чын эле сатылат экен. Анан апам улам бирин алып мага чактап кийгизет. А мен болсо ары жокмун да элден уялып “мындайраак эле коюңузчу, өйдө кылбаңызчы антчи-минтчи” деп апамды коркутуп атам… ары-бери өткөндөрдөн корунуп. Оюмда “бу неме шаарга келип алып керзи өтүк алып атканын!” деп мага күлүп атышкандай көрүп атам да. Ошентип өтүгүм алынып, даярдыгым бүтүп, 3 күнү да аягына чыгып кайра түнкү автобус менен жолго чыктым. “Муну жолдон же, жолдон ич” деп өзүнчө баштык карматып апам вокзалда калат. “Дүрр” этип “Икарус” от алып Жамбыл беттеп мына жөнөй берери менен тыз эттирип эң биринчи сагыныч кайдан жайдан-пайда болот. Жана эле сүйүктүү шаарыңда, энең жаныңда басып жүргөнүң, ашканага киргениң, айылдын жаңылыктарын оозунан укканың, анын кайра-кайра жака башымды кармалап, күбүрөнүп жалынганын эстейсиң. Анын үстүнө мектептен алыс чыгып көрө элек жанга Ташкент дүйнөнүн бөлөк учундай сезилчү… Автобустар таң агарганда жетер эле. Ал шаардын кыймылы ошондоле эбегейсиз чоң эле. Жатаканама келем. Интернационалдык тартип деп бөлмөмдө кыргыз эмес самарканддык өзбек жигит менен турар элем. Кирип, чемоданымды ачам. Апам өз колу менен бүктөп салган кирза өтүк. ЦУМду эстейм. Апам күйпөлөктөп атса болбой ага кыялымды көргөзүп атканымды эстейм. Суз, көңүлсүз, өтө чоочун бөлмөмдө апам алып берген өтүктү кучактап алып ЭНЕнин булуттай мээримине буулугуп үн чыгарбай ыйлап жиберем… Ааламдан тапкыс мээримине буулугуп.

“…Ыраазымын өмүрүмө жашаган, Тарбиясыз калсам дагы атадан”

Жеңишгүл эжемдин же тогузунчу же 10-класс кези. Чоң класстар мектеп уюштурган концерттик программаны коюшту. Бир кезде эжем чыгып Жусуп Турусбековдун “…Ыраазымын өмүрүмө жашаган, Тарбиясыз калсам дагы атадан” деген ырын ортого чыгып айтты. Бул ыр партияны даңктаган ырларынан болсо керек эле… Ошентип концерттен соң үйгө баргам. Кечинде үйгө жакын жашаган мугалим эжекелерибиз (жеңелерим) үйгө келип апам менен сүйлөшүп аткандарын угуп калдым. Көрсө, эжем жанагы декламациясын айтып болгон соң Тати эже мугалимдердин конторасында олтуруп алып ыйлаптыр: “Байкуш Жеңишгүл, муңайым туруп алып тигинтип айтса Кадырбек акени эстеп жаман болбодумбу…” деп. Анан бир кезде үйдөгүлөр да тымтырс болуп калды. Мен элейип кулак түрүп “эмне булар да ыйлап атабы!” дедим. Анан мен отурган бөлмөнүн тоону караган чоң терезесинин кырына секирип отурдум да тоолорду карадым. Сай жакта эки атчан тоону беттеп шар бастырып баратыптыр. Эмне “Бычанга” баратышабы, кеч калышат го дегем ичимен…

Жаш өлбөсүн адамзат

Атам студент кезинде дептерине жазганы бар: үч ынак дос театрдан чыгып жолдон өтүп келатышса жанындагы досун “Победа” коюп кетип жан бергенин, анан анын ата-энесинин үйүнө барышкандарын… Ошол сыяктуу менин да эң жакын жүргөн төрт досум: бири Сапар – 25 жашында, бири Калмурат – 30унда, анан Урмат – 36, Бакыт – 44 жаш курагында кырсыктап каза болушту. Кээ-кээде кайсы бири бат-баттан түшүмө кирип калат. Бир күнү кадыресе чочулап эмнеге улам түшкө кирет болду экен деп атайын астейдил сураштырып көрдүм. Анын жоруусу өтө маанилүү, анан да мага таасирдүү болду: жаш кеткен достор киргени “өмүрдүн кадырын бил, аны баала, бизге узак жашоо буйрубады” деген эскертүү маанисинде дешти. Алар мага “адамдар жаш өлбөсүн, сак болгула!” деп айтып жатышкансыйт.

Апам, Бакыт, Айчүрөк

Ыраматылык Бакыт Букаев менен курсташ болуп, студент кезде ынак жүрдүк. Апам шаарда туруп калган кезде Бакыт үйгө келип апамдын колунан көп ирет чай ичип калды. Бир күнү театрдан чыгып аянтта баратсак айтты: “Иий ай, аяш энемдин чайын сагынып турам да! Билесиңби, мен Айчүрөк Иманалиеваны Кош-Дөбөгө алып барып, аяш энем менен тааныштырып келгенди ойлонуп жүрөм. Бир күнү аны сөзсүз жасайм” деди. Мен күлүп тим болдум. Бирок чынында ошол кезде Айчүрөк экөө абдан ынак эле да, ырчы катары ал дагы катуу чыгып турган мезгили болчу. Кургур Бакыт, бардык адамга кантип жакшылык, кубаныч тартуу кылсам деп турган жан эле, апама карата ошол ойду ойлонгонун карабайсыңбы!

Баямандын уулу

Мурдагы депутат, маркум Баяман Эркинбаев көз жумган соң гезитке ал жөнүндө сандан-санга жаздым. Бир күнү маркумдун жубайы Чолпон Султанбекова айтып берди: “Баяман баарыбызга аска-зоо эле. Анын өлүмү бизге эле эмес балдарына да канчалык оор тийгенин мен улуу баламдан улам билдим. Бир күнү капыстан эле Адилеттин дептери колума тийип калды. Окусам күндөлүккө окшотуп жазат экен. Бир жерине: ”Ата, мынакей сенин душмандарың. Мен чоңойсом алардан өч алам!” деп туруп, билесиңби, бир адамдардын фамилия, аттарын жазып алыптыр. Ошондо жүрөгүм оозума тыгылды. Ага биз атайылап эч нерсе айтчу эмеспиз. Көрсө, чоңоюп калган балдар баарын сезет тура. Ата-эненин өлүмү – баланын жүрөгүндөгү алаамат тура”. Ал уулу кийин эр жетип, чоңойгонун гезиттен окуп калдым. Баягы бала кезиндеги дептерине жазган тизмесин эстедим. Ал тизме сага атаң таккан тумардай көкүрөктө илинип, улам каккылап, улам эстетип тура берерин, жүрө берерин ойлодум. Ал тизме менен далай ирет арбашаарсың. Мендеги ал “тизмелер” эбак тозокто күйүп атышат…

Дыйкан чарба

Союз кезинде, элдер аскерден жаңы келгенде бери жагы бир жума эркелеп, шаарга чейин кетип ойноп келишер эле. Мен келип эле (7-декабрь, 1991-жыл) биринчи уккан жаңылыгым: “бизде дыйкан чарба деген чыккан” деген кеп болду. Ошо менен аскерден келген күнүмдөн эки күндөн кийин тоого жүк жүктөш керек деген чоң маселе чыгып жүккө кеттим. Ошо менен дыйкан чарбанын чынжырына чырмалдык. Бул учур ар бир кыргыздын, ар бир айылдын, өлкөнүн бурулуш тарыхы эле. Сарайыбыз “Көңдөйдүн оозунда”. Февраль бүтүп калган менен айылдын кышы оо али күчүндө. Башта чоң тумак, жондо чолок тон, таар шым, бутта чоң өтүк. Дагы жакшы, бир тумшукту имерилсең кыштакка киресиң. Ичкен сууну да кыштактын эң этегиндеги суу түтүктөн ташычубуз. Флягаларды артынып кыштакка сууга барам да аларды жол жээгине жашыра салып, жылтылдап семирген тору айгырдын оозун кыштактын ичин көздөй кое берем. Досторума жолугуп калаар бекем деген үмүттө эки чоң көчөнү батыратып чаап өтөм. Күндө кечинде да ошол. Жемде турган айгыр жулкунуп, а өзүм буулугуп чыгаар элем. “Ак-Чийден” Аскар менен Залкар келет. Адыл, Алмаз бир жактан келет. Аскерден келгени али биздин сөзүбүз да бүтө элек эле… Эми ойлосом, 20га эми келип, эр жетип, аш-күчкө тойбой, ал курактын сыйкырына батпай турган кезибиз экен… Аңгыча минтип “жаңы заман” келип, ал бир жагынан айланы кетирип турганы… Дагы бир күнү эки эшекке 4 фляга суу, илинген чака, үзөңгүлөр калдыр-шалдыр, минген атыма да суу артынып чиркешип алып кыштактан сарайга келатам. Тигинде тирилиги бүтпөгөн сарай көрүнөт. “Тааңгөрү, ушинтип эле баарыбыз чабан болуп калабызбы?..” деп коем, маараган козуларды көңүлсүз карап. Тигинде, там алдында Бурул жеңем көрүнөт. Жеткенче ал киши мени улам карап коет. Жетип, бир паста муз болуп тоңо түшкөн зыңгыттай аркандарды чечип сууларды түшүрүп кирем. “Ие, Жеки, түш болду, чай ичип ал” дейт там алдындагы күнөстүү жерге көчүк басып олтура калган Бурул жеңем. Анан “кое турсаң, бери келсең” дегенсип жүзүн жаңсап: “Ээ, балам, сени тиги тумшуктан өткөнүңдөн бери карап турам. Сени көрүп акемди (атамды айтканы) ойлойм да, ал киши болгондо мунун бири болмок эмес! Сен минтип жүрбөй кал анда…баары башкача болмок. Бул маалыңда эбак бир жерде билим алып окуп жүрмөксүң…”. Аны угуп, ошо менен ого бетер түнөрдүм. Түшкү тыныгуудан пайдаланып, күңгөй беттеги ээн коктулардын бирөөсүнүн ортосуна чейин чыгып бардым да, мына-мына күн демине жылый түшкөн таштуу нукка көмкөрөмөн жата калып бүлкүлдөп ыйлап кое бердим. Бул март айынын аягы эле. Төл аяктап, эми май келсе, биздикилер жайлоого кетебиз деп турган учур. Туугандардын акыркы жыйынында жайлоого, койго бара тургандардын тизмесине мен да кирип калдым. “Айла жоктун иши болуп турат, киши жетпейт, кол жетпейт. Ушундан эптеп чыгып алалы агайындар” дешкен эле. Күндү табы сиңе түшкөн таштарды кучактап, жаш аралаш бетим менен аймалап атып, бир кезде эки ташты алаканыма бекем мыкчыдым да “жок, мен коюңарга барбайм” дедим. “Эмне кылсам да бу жайда окууга кетем” дедим ээн коктуда өзүмө-өзүм. Өткөндө окуу жөнүндө айткан сунушум кумга сиңгендей бир дем менен жок болгон. Апамдын да айласы кетип: “Мейлиң балам, тапшырып көр. Өтүп кетсең ажап эмес, өтпөй калсаң көрүп турбайсыңбы биякты…” деген эле. Ошентип жаз күлмүңдөгөн какыр таштуу ээн коктуда өзүм менен өзүм катуу сүйлөштүм. Акыры, чыла болгон чоң өтүктү сүйрөп сарайды беттеп бастым… Май айы келди. Биздин мал Макмал жактагы “Баткак-Сууга” кетти. Бир айча тоого бардым да бир күнү апам экөөбүз кеңешип, Бишкекке жол кире таап алып, окууга тапшырганы шаарга баса бердим. “Алдыңа кетейиним, колуман келсе, бирөөгө акча берип каалаган окууңа өткөртпөйт белем” деп апам кейийт. “Коюңузчу! Буйруганын көрөбүз да. Болушунча даярданам” деп апамды кучактайм. Ошентип мындан бир эле жыл мурда Фрунзе аталып турган Бишкекке кайрадан абитуриент болдум. Өтсөм сенде калдым, өтпөсөм “Баткак-Суу” менен “Бычанда” калдым деп күн-түндөп окуп даярданам. Акыры, тагдыр чеччү экзамен күндөрү келди. Улуттук университеттин лабораториялык корпусу. Колумда аскерде жүрүп жарыялаган “Ленинчил жаш” менен “Советтик Кыргызстандагы”, “Колхоз эмгегиндеги” макалаларым. Комиссияда журфак менен филфактын мугалимдери, анан да комиссияга байкоочу катары кирген Мелис Эшимканов. Биринчи экзамен “4”, экинчиси “3”, үчүнчүсү “4”. Бирок эл көп, конкурс чоң болот дешти. Аптаптуу Бишкекте бактыңды күтүп, бактарда олтуруп күткөн күндөр ай. Акыры бир тизме чыкты. Жүрөктүн үшүн алып алгач “эки алгандардын тизмеси” деп чыгарышты. Сөөмөйүм калчылдап атып тизмени бир сыдырып чыктым: Өх! Көрүнбөйм. Эртеси күнү анан “Кабыл алынгандар” деп чыкты… Тагдыр сага жылмайган кандай жакшы. Келечегиң чечилген бир күн, ошол күн кандай жакшы! Ошол замат оюма телеграф келди. Чүй-Исановага учуп жеттим. “Мага Ак-Талаа, Кош-Дөбөгө заказ алып коесузбу?”, “Кимди чакырыш керек?”, “Мамытова Сакинди!”. Менин апамды дейм ичимен, менин каралдым апамды дейм да, калпагымды ыргытып жапжашыл Бишкектин көчөсүнө бактылуу болуп чыгып кеттим…

Жеңишбек Эдигеев

Булак: ПолитКлиника

1 ой-пикир

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *