“Адилет” укуктук клиникасы: ӨЭУ мыйзамы эл аралык деңгээлде талкууланып жатат

Бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңеште “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча парламенттик угуу болуп өттү.

Мыйзам долбоорунда гранттык, бюджеттик каражаттардын, андан тышкары кайтырымсыз берилген акчалардын эсебинен ишмердүүлүк жүргүзгөн коммерциялык эмес уюмдар жыл сайын каржы булактары жана аларды кайсы багытта жумшагандыктары тууралуу маалымат бериши керектиги көрсөтүлгөн.

Талкууга бир катар коммерциялык эмес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты. Өкмөттүк эмес уюмдарынын өкүлдөрүнүн көпчүлүгү комитеттин отурумуна катыша алышпай калганы дагы маселе жараткан.

“Адилет” укуктук клиникасынын өкүлү Искендер Какеевдин айтымында, ӨЭУ мыйзамы боюнча бир гана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү эмес, БУУнун жогорку кызмат адамдары дагы коңгуроо кагып жатышат.

“БУУнун баяндамачылары биз менен макул, алар буга чейин билдирүү жасап, ошол эле коркунучтарды белгилешкен. Депутаттардан ушул билдирүүлөргө көңүл бурууну суранабыз. Бул тема эл аралык деңгээлде талкууланып жатат. Мунун баары олуттуу зыян алып келип, эл аралык дотацияларды азайтат” – деп билдирди Искендер Какеев.

Ал облустагы жана Бишкектеги көптөгөн бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү отурумга катыша албай калышканын эскертти.

“Өлкөдө жалпысынан 26 миң бейөкмөт уюму бар, бирок алардын 60ы гана жыйынга катышып жатат. Биз мыйзам долбоорун адам укуктарына каршы келгендиктен, кайра каралышын же артка кайтарылышын талап кылабыз” – деп “Адилет” укуктук клиникасынын өкүлү өз пикирин билдирдиэ

БУУнун билдирүүсүндө бул демилге коомчулукту тынчсыздандырып жатканы белгиленген. Уюм депутат Бактыбек Райымкуловдун демилгеси эл аралык коомчулуктун өкүлдөрү жана уюмдун атайын жол-жоболорунун медиаторлорунда олуттуу тынчсызданууну жараткандыгын эскертет.

“Жети дубан Кырк уруу” аксакалдар кеңешинин мүчөсү Жусуп Дүйшеев, ӨЭУдын улуттук баалуулуктарга доо кетирген учурлары болгонун айтты. Ал өткөн жылы Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейиндеги фиминналени мисалга келтирди. Дүйшеевдин айтымында, бул мыйзам долбооруна улуттук каада-салттарга, баалуулуктарга каршы келген иш-аракеттерге, иш-аракеттерге тыюу салуу жөнүндө пункт кошуу керек.

“Мээр Жаз” коомдук фондунун төрайымы Ыргалай Бекмуратов парламент депутаттарынын демилгесин колдоду. Анын айтымында, Кыргызстанда ӨЭУлар экиге бөлүнөт: кээ бирлери улуттук баалуулуктарды коргойт, башкалары батыштын баалуулуктарын коргойт. “Бул уюмдардын бардыгы элге отчет бериши керек, анткени ар бир адам канча акча кетээрин жана алар эмнеге жумшалаарын билиши керек”, деп кошумчалады ал.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *