Адольф Гитлер кыргыздын “Арий” уруусунан болгонбу..?

Бул тарых дегениң кызык нерсе. Так маалымат болбосо да, желимдей чоюлуп кете берет тура…Биздин кийинки тарыхчыларыбыз немистин Адольф Гитлерин кыргызчалатып эле, “Гитике”-дешип кыргызга жакындатып баратышат. Адам генетикасы боюнча илим бир канча тактамаларды даңазалап келишет. Ошолордогу айрым маалыматтарга таянган тарыхчыларыбыз, “Гитике арий болгон, ал “аруу” деген түшүнүк, биз дагы аруу элдин тукумубуз. Демек, Гитике бизге тага, жээн, кайын-журт эмес, түптүз түрдө кыргыз”-дешип келмеңди оозуңан түшүрөт. Эгемендик жылдарынан кийин айрыкча “Туранчылар”, “Алашчылар” согуш учурундагы тарыхты каза башташты. Бул илдет казак менен кыргызда күч. “Алашчылар” учурунда Германия өлкөсүнүн канцлери Гитлер менен жакын мамиледе болуп, россиялык коллониядан бошонуу аракеттерин көргөн деген так эмес маалыматтар да бар. Казак тарыхчылары кайрылган Мустафа Чокай боюнча жазылган “Улуу Түркстандын кыйрашы” аттуу китепте казак-кыргыз жоокерлери, “Алашчылар” Германиянын бийлигине ак кызмат өтөп, СССРдин жеңилишин каалаганын кенен баяндашат. Албетте, бул жагынан алып караганда кызыктардын али чети оюла элек. Бирок, Мустафа Чокай ошол мезгилдин илимдүү интеллигенциясынын алдыңкы өкүлү болгонун эске алсак, алар да жөн жерден мындай кадамга барбаса керек. Ал эми биздин “жакын тууган Гитикенин” өзүнө келсек, элди кыргандан башка дагы бир топ өнөрү болгон. Маселен, Бишкектин борборун чаңызгытып жүргөн “Фольксваген Гольф” үлгүсүндөгү машинанын конструкциясын түзүп чыккан. Чебер сүрөтчү болгон. Музыка дегенде жантыгынан жата калган. Аял дегенде ичкен ашын жерге коюп жүрүп, сүйүүсү сүрсүп кеткенде узун этектерден укмуш көңүлү калган дешет. Жээни менен гана жакын мамиледе болгону анда-санда айтыла калып жүрөт. Ораторлук чеберчилиги боюнча алдына адам салбаса керек. Мурунку кеңешчилеринин эскермесинде Гитике күзгү астына туруп алып күн сайын эки саатан сүйлөө речин калыпка салып, публиканы тартуунун үлгүсүн иштеп чыккан. Кызыгы пивоканада отуруп бийликке келүүнү пикирлештери менен талкуулап жүрүп эле Германиянын эки тизгин бир чылбырын колго алган. Орус менен көз таңмай ойноп, “Биз эч качан бири-бирибизге согуш ачпайбыз”-деген келишимдерди түзүп жүрүшүп акыры озунуп кол салып жиберген. Албетте, Стаке деле Гитикенин эртедир-кечтир “Хай”-деп алаканын чекесине алып бир күн келип калаарын жакшы билген. Бирок, 1941-жылдын жайы эмес 1944-46-жылдары согуш ачат деген ою бар эле. Адольф Гитлер аныгын айтканда адамзатка апаат салды. Жыйырма эки миллион адамдын канына забын болду. Еврей журьун тентитип жиберди. Качан гана Фашизм жеңилгенде еврейлер 1948-жылы азыркы турган Израилге байыр алышты. Ошол эле учурда Фашизмдин апааты менен жөөттөр дүйнөгө тарап кеткени тарыхый факт. Ошентсе да, береги сүрөттөгү Адольф Гитлер кыргыздын “арий” уруусунан.

Төлөгөн СУЛАЙМАНОВ

Булак: “Эл деми”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *