Адвокат Канат Хасанов генпрокурордон экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге карата кылмыш ишин козгоону өтүндү

Бүгүн, 3-июлда адвокат Канат Хасанов экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге карата кылмыш ишин козгоо жөнүндө арыз менен Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылды. Адвока кайрылуусун Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жарыялаган.

“Ушул арызды Кылмыштардын жана жоруктандын бирдиктүү реестринде каттап, премьер-министр болуп турганда өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын мыйзамга каршы колдонуп, коронавирустун кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды аткарууда өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарбай койгон Мухаммедкалый Абылгазиевге карата кылмыш ишин козгоону суранам. Мындай шалаакылык аракеттер 120дан ашык адамдын өлүмүнө алып келген, аларды өзгөчө оор кылмыштардын категориясына кошууга болот” – деп кайрылды адвокат генпрокурорго.

Жарандык активисттер ошондой эле эл аралык каржы институттарынан Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшүү үчүн алынган финансылык жардамдын бөлүштүрүлүшүн текшерүүнү суранышууда.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *