Адвокат Сапар Исаковду актоону жана 4 баласын, карыган энесин эске алууну соттон суранды

Бүгүн, 2-декабрда, Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо уланды. Соттук процесс судья Инара Гилязетдинованын жетекчилигинин алдында өтүүдө. Тараптардын жарыш сөзүнө кезек берилди. Отурумдун жүрүшүндө мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Замир Жоошев анын кылмыштын курамында жок болгондугу үчүн актоону жана карыган энесин, төрт баласын багып жаткан жубайын эске алууну судьядан суранды.

Эске сала кетсек, 2018-жылдагы кышкы чилдеде, ЖЭБде авария болуп, Бишкектин тургундары бир жума бою жылуулуксуз калган. Үшүп калган эл андагы аткаминерлерди катуу сынга алып, алардын жоопко тартылышын талап кылган. Ошондон улам, териштирүү болуп, оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени ачыкталып, эксперттердин тыянагы боюнча, «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана аны ишке ашырууда мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилгени аныкталып, бир топ адамга кылмыш иши козголгон.

Бир гана мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагына чыгып, калганы камакта калган. Алар: экс-премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов. Булардын баарына«Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып тагылган.

Ал боюнча сот болуп келатат. Буга чейинки соттук отурумдарда прокурор мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиевди 11 жылга, Сапар Исаковду 15 жылга, “Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевди 17 жылга кесүүнү жана мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин ЖЭБ боюнча күнөөсү далилденбегинин айтып, ден соолугун жана өз ыктыяры менен бирдиктүү эсепке 100 миллион сом которгонун эске алууну судьядан суранган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *