Ахмад Шах Масуд кандайча өлтүрүлгөн?

«Панджшер арстаны» деген атка конгон Ахмад Шах Масудду өлтүрүү терроруна бир гана «Аль-Каида» менен «Талибан» эмес, жыйырмадан ашуун өлкө жана эл аралык уюмдар катышкан. Бул иште Масуддун тегерегиндегилер да четте калышкан эмес. Аны өлтүрүү боюнча жүргүзүлгөн эл аралык жана ички тергөө иштери дале туңгуюкка кабылып келет. Буга кимдер кызыкдар эле? Эмне үчүн терроризм деп аталган «от менен дем алган ажыдаарды» Афганистандын аймагында жок кыла алышпады? Тескерисинче анын колун бошотуп, АКШ, Европа жана Жакынкы Чыгышка жайылышына жол ачып беришти. «Панджшер арстаны» деген атка конгон Ахмад Шах Масуддун өлүмүнөн кийин террордун толкуну дүйнөгө жайылды.

Афганистанда чет өлкөлүк аскерлер 17 жылдан ашуун болушту. Буга тиешеси бар делген 30дан ашуун өлкө менен өкмөттөрдүн катышышы, алардын терроризм менен болгон күрөштө эффективдүү иш алып бара албагандыгынан кабар берет. Мындан улам суроо туулат, анда эмне үчүн террористтер менен кантин күрөшүүнү мыкты билген Ахмад Шах Масудду оюндан четтетишти?

Ахмад Шах Масуд өлтүрүлгөндөн бери Афганистанда жана дүйнөнүн ар кайсыл бурчтарында чоң-чоң конференциялар болуп өтүп, аны эскеришип, камера алдында көз жаш төккөндөр да болгон. Бир гана, “Масуддду өлтүрүү террорунун артында ким турат?” деген суроо көтөрүлбөй, дың бойдон калып келет.

Өркөнү өсө баштаган Ахмад Шах Масуд

2000-жылдын аяк ченинде «Талибан» кыймылынын согуштук аракеттери ийгиликсиз боло баштады. Кокусунан эле алар ички жана сырткы таасир этүүлөргө туштугушту.

Кабул шаарын жеңип алгандан 4 жылдан соң өнөктөштөрү жана аймактык, дүйнөлүк кожолорунун колдоосуна таянып, Бадахшан провинциясын жана Панджшер капчыгайын ала алышпай коюшту. Капчыгайга 3 жолу коюлган чабуул ийгиликсиз болду. 2000-жылдын аягындагы чабуул да ийгиликсиз болуп, чоң жоготууларды алып келди. Кийинчерээк алар Афганистандын түндүгүндөгү Парвар провинциясынын борбодук бөлүгүн, Чарикар шаарын, Тахар провинциясынын чоң бөлүгүнөн кол жуушту. Алардын кубаттуу делген аскердик машиналары жүрбөй калып, финансылык жана аскердик-техникалык ресурстары алсырай баштады.

Ошентип Бириккен Афганистан Фронтунун (мындан ары – БАФ) башчылыгында турган легендарлуу Ахмад Шах Масуддун аброю өсүп, жогору көтөрүлө баштады. Россия, Иран, Индия жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жардамы менен күч топтоого жетишти. Антиталибдик күчтөргө биригүүгө пуштундардын өздөрү да кайрыла башташты. БАФтын кулачы түндүк-чыгыштан тартып түштүккө чейин, ал тургай «Талибандардын» бешиги жана борбору болгон Кандагарга да жайыла баштады. Борбордук жана түштүк-чыгыштагы провинцияларда фронт ачууга даярдыктар көрүлө баштады. Түндүк жактан болсо Түркияда жүргөн Абдурашид Дустумдун, батыштан Иранда жүргөн Исмаилхандын аскер күчтөрү даярдыкта турушкан эле.

2001-жылы Баяминде Будданын статуясынын кулатылышы дүйнө элинин көз карашын Афганистанда болуп жаткан варваризм, вандализм, массалык киши өлтүрүү, аялдар жана балдарга жасалып жаткан кордуктарга бура алган. Сырткы басым ички басым жасоолор менен байланышта болуп турган. БАФ талибдерге ТАПИ (Түркмөнстан — Афганистан — Пакистан — Индия) газ түтүк долбоорунун, анын коопсуздугуна жооп берүү кепилдигин жүзөгө ашырууга жолтоо боло баштаган. Талибдерге Вашингтондун колдоосу менен келип, Борбордук Азия жана Афганистанда иш жүргүзгөн америкалык Unocal компаниясы да ишенген эле. «Талибан» кыймылынын делегациясы 1997-жылдын февралында АКШда болуп, газ иши боюнча алардын колдоосуна ээ боло алган. 1998-жылдын ноябрь айында ушундай эле экинчи сапар ишке ашырылат. Бул иштердин натыйжасында Билл Клинтондун администрациясы Афганистанда болуп жаткан адамзатына каршы кылмыштарды көз жаздымда калтырып келген. Ошондой эле АКШ мамдепартаменитинин атайын өкүлү Робин Райфел «Талибан» эл аралык чындык болуп саналат» – деген сөзү менен Конгрессти талибдердин бийлигин таанууга чакырган.

«Талибандын» баш оорусу болгон — Усама бен Ладен

«Талибан» кыймылынын дагы бир «баш оорусу» ал кезде Усама бен Ладендин өзү болуп турган. Ал талибдердин коногу жана инвестору эле. АКШ «№ 1-террористтин» көзүн тазалоону Сауд Аравиясынын Королдугунан (САК) суранат. Буга Усаманын 1998- жылы Кения жана Танзаниядагы америкалык элчиликтин имаратын жардыргандыгы себеп болгон. Мындан улам Сауд Аравия Королдугунун Афганистандагы элчиси Салман Амри «Талибдердин» тышкы иштер министри Молдо Хасандан АКШнын суранычын чечүү боюнча 4 жол сунуштайт:

1) Сауддарга Усама бен Ладенди өткөрүп берүү;

2) Аны Афганистандан кубалап чыгуу;

3) Көзүн тазалоо;

4) Америка сотуна жеткирип берүү.

Ушундай эле сунуш менен САКтын принци Фейсал Турки, САКтын коопсуздук министри да Кандагарга сапар менен келип кетишет. Бирок, талибдер «Аль-Каиданын» лидерин америкалыктарга же сауддарга өткөрүп берүү же көзүн тазалоонун натыйжасы эмнеге алып барарын жакшы билип турушуп, бул сунушту четке кагып келишкен.

Ошентип талибдер биринчи кезекте харизматикалык лидер Ахмад Шах Масуд жетектеп турган БАФты сындыра алышпады. Экинчиден, америкалыктар үмүт кылган трансафган газ түтүгүнүн коопсуздугун камсыз кыла алышпады. Үчүнчүдөн,«Аль-Каиданын» лидерин кармап бере алышпады. Бул себептер өз кезегинде афган меймандостугуна каршы келип, радикалдуу ислам чөйрөсүндө түшүнбөстүктү жаратмак. Ошондой эле «баардык мусулмандардын эмири» аталган Молдо Умар башында турган Ислам Эмираты жок деген маселени козгомок.

«Конок үйдү бузбашы керек!»

2000-жылы Афганистанга дүйнөнүн баардык бурчтарынан чоң «террористтик интернационал» чогула баштайт. Талибдердин катарына Россия, Пакистан, Малайзия, Индонезия, Индия, Кытай, Бирма, Иран, Борбордук Азия өлкөлөрүнөн, Африка ж.б. мамлекеттерден радикалдар, террордук уюмдардын өкүлдөрү «конокко» келе башташат.

Ошентип Афганистан алардын «коопсуз жайына» айланып чыга келет. Бул Ислам Эмиратынын (ИЭ) башкы максаты болгон эл аралык таанылууга жолтоо болот. Буга чейин ИЭни мамлекет катары Пакистан, Сауд Аравиясы жана БАЭ гана тааныган. Булардын ичинен Пакистандан башкасы АКШнын басымы аркылуу талибдерге жардам көрсөтүшкөн эмес. Ошентип талибдердин «эл аралык мааниде бардыгына» шек туулат. Мунун себебин алар «Талибан» менен «Аль-Каида» жана Пакистандан, о.э. Масуд башкарган БАФтан көрүшөт.

2000-жылы «Талибандын» тышкы иштер министри болуп Вакил Ахмад Мутаваккил шайланат. Бул талибдердин ичиндеги прагматик лидер болчу. Ал балээнин баары Усама бен Ладен аркылуу келе тургандыгын моюндап, бир жолу Молдо Умарга «Конок үйдү бузбашы керек!» – деп айткан.

1999-жылы Усаманын Кандагардагы «Дор-ус-салом» деп аталган сарайына «Талибандын» маданият жана маалымат министри Амирхан Муттаки келип жолугат жана Чеченстандагы мусулмандардын көйгөйлөрү тууралуу сөз козгогон. Ал кезекте Чеченстанда согуш оту тутанып турган. Мутакки сөз кезеги келгенде, 1996-жылы «баардык мусулмандардын эмири» деп аталган Молдо Умардын чечимдерине баш ийүүгө чакырат. Усама Мутаккини тыңдап бүтүп, «Мен силердин ички маселеңерди чечип берем» деген.

Ошентип БУУнун ККсынын санкциясынан соң Усаманы өткөрүп берүү маселеси биротоло жабылат. 2001-жылы талибдер «Аль-Каиданын» тейлөөсүнө баардык базаларын өткөрүп берип, Усама бен Ладенге өз аскерлерине команда берүүнү тапшырышат.

Кандагардагы жыйын

Мутакки менен болгон жогорудагы жолугушуудан соң Усама «Аль-Каиданын» баардык жерлердеги лидерлерин Кандагарга жыйналышка чакырат. Жыйынга командирлердин баары теологдор, ыкчам чабуулчулар катышат. Алардын саны 200 кишиге чукул болгон. Кийинчерээк жыйындагы эң башкы маселе БАФтын лидерин кармоо же террор уюштуруу тууралуу болгондугу дайын болду. Талкуу кызуу жүрөт. Айрым лидерлер Масуддун көзүн тазалоого каршы чыгышат.

Усама болсо Масудду Израил менен кызматташкан деп айыптаган. 1998-жылы 5-9-февралда Тахар провинциясында болгон жер титирөөдөн 5 миң киши каза болуп, 15 миң киши жарат алган. 27 айыл кыйроого учураган. Кырсыкка ар кайсыл мамлекеттерден жардамдар келген. Муну Израилден жардам алды деп далил тутунган Усама, өз командирлерин Масуддун көзүн тазалоого үндөй алган.

Кандагардагы жыйындын аягында алгач Масудду кармоо планы түзүлгөн. Анткени «Аль-Каиданын» айрым мүчөлөрү аны өз катарына тартуу ниетинде болушкан. Айрым маалыматтар боюнча ага жогорку аскердик кызмат сунуштамай болушат. Ал эми, эгерде план ишке ашпай кала турган болсо көзүн тазалоо маселеси кабыл алынат.

Масудга каршы террор уюштуруу иши Боснядан келген Абу Хани Мисриге тапшырылат. Египеттен чыккан Абу Хани Мисри бул өлкөдө болгон 70-жылдардагы ислам жихадынын уюштуруучуларынын бири эле. Египет террорунда президент Анвар Садат каза болгон. Жанындагы Хосни Мубарак колунан жарат алып, кийин өлкөнүн президенти болуп калган. 80-жылдары Абу Хани Афганистандагы СССРге болгон жихадга кошулат. Босняда, Чеченстанда, Сомалиде, айрым маалыматтарга таянсак Тажикстанда да согушкан. Ошондой эле Абу Ханини Масудка каршы террор уюштурууга тандалышы БАФ лидерлеринин бири болгон Абдураб Расул Сайяф менен болгон илгерки байланыштары да себеп болгон. Раззак Мамундун маалыматы боюнча Абу Хани «Иттихади Ислам» журналынын башкы редактору да болгон. Журнал араб тилинде Пешавардан басылып турган. Ал салафизимди кабыл алып, өз чөйрөсүндө таасирдүү адам эле.

Ишке ашпай калган биринчи кол салуу

Масудду кармоо планы талибдер менен бирге жүргүзүлмөк. Усама тарабынан муну ишке ашыруу Абдуалиге жүктөлөт. Талибдер тарабынан Молдо Мухаммад Раббани тартылат. Ал 1996-жылы талибдерге Масуд менен Бурханиддин Раббаниге тиешелүү болгон «Ислам жамааты» партиясынан чыгып, талибандарга кошулган Анвар Дангара менен кызматташууга барат. План боюнча Дангаранын күчтөрү Масудга багынып бермек. Анан БАФтын аскерлеринин духун көтөрүп, Кабулга карай чабуул жасашмак. Чабуул учурунда «Талибан» менен «Аль-Каиданын» күчтөрү алдыга жиберилип, Дангаранын күчтөрү оңтою келгенде Масуддун аскерлерине каршылык көрсөтмөк. Тилекке каршы Масуддун «Талибан» өкмөтүндөгү тыңчылары аркылуу маалымат жеткирилип, план ишке ашпай калат.

Моленбектин кадрлары

2001-жылдын жаз айларында Усама бен Ладен «Аль-Каиданын» Жалал-Абад шаарынан 20 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Дарунта районундагы базасына келет. Бул базада террорист-жан кечтилерди даярдаша турган. Ал, «Ким мен үчүн Масудду өлтүрүүнү мойнуна алат. Ал Алланы жана анын балдарын капа кылды» дейт. Ишти Абу Хобейда жана Сухайл моюндарына алмай болушту.

Сухайл кийин Мухаммад Касим Баккали деген фейк операторго айланып чыга келет. 31 жаштагы араб жигити Германия жана Италияга бакыт издеп барган эле. Ал жерден Брюсселге өтүп, мыйзамсыз мигрант болуп турмуш кечирет. Мечитке жана Моленбек кофейняларына барып жүргөн.

Абу Хобейда 39 жаштагы Абдулсаттар Дахман деген фейк журналистке айланып чыга келет. Сухайлдан айырмасы ал журналистика факультетинин бүтүрүүчүсү, кийин Европага бакыт издеп кеткен болчу. Окуусун Брюсселдеги эркин университетте улантууну самаган. Бул да Моленбек кофейнясына каттап жүрүп, «Аль-Каиданын» кылтагына илинет.

Террордун ишке ашырылышы

2001-жылы август айынын орто ченинде Масуд менен маек уюштурабыз деген бири журналист, экинчиси оператор болгон араб террористтери Жалал-Абад шаарынан жолго чыгышат. Алар Абдураб Расул Саяфтын жоокерлери көзөмөлдөгөн Каписа провинциясынын Тагаб узединен, фронттун линиясы аркылуу жүрүп олтурушат. Панджшерден тик учакка олтурушуп, Ходжа Бахауддинге 31-августта учуп келишет. Француа Каус деген француз журналисти алар менен бирге учат. Ал орус кесиптеши Аркадий Дубновго «Биз менен арабдар учуп баратат» деп тынчсыздануу менен кабарлаган.

Ахмад Шах Масуд 1996-2001-жылдарда «Талибан» жана анын өнөктөштөрү «Аль-Каида» баш болгон террористтик топторго каршы күрөшкөн учурда АКШ менен өзөчө деле мамилеси болгон эмес.

2001-жылдын 9-сентябры, дем алыш күнү эле. Масуддун журналисттер менен болгон жолугушуусу жумуштун көптүгүнө карабастан түш маалына белгиленет. Араб террористтери, фейк журналисттер аны жана өздөрүн кошо видео аппаратка ката келген жардыруучу зат менен жардырышат… Жардамчылары жарат алган Масудду Тажикстандын аймагына алып келип, өмүрүн сактап калууга аракет жасашат. Бирок баары кеч болуп калган эле.

2001-жылы 16-сентябрда «Панджшер арстаны» аталган Ахмад Шах Масуддун сөөгүн Жаңгалак кыштагындагы Сарича дөбөсүнө коюшат. Ал, ушул аймакта 49 жыл мурда 2-сентябрда жарык дүйнөгө келген эле.

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *