Ахматбек Келдибеков: “700 млн биздин экономикадан чыгып кетти деген утопия. Эгер чыгарылган болсо эбак эле ачык көрүнүп калмак”

-Ахматбек Келдибекович, сиз каржы саясатын мыкты билген адамдардын бирисиз. Ошол тармакта быштыңыз. Коомчулукту дүрбөлөңгө салган “Азаттык” иликтеген миллиондор боюнча каржылык анализ жүргүзгөндө кандай жыйынтык чыгарса болот?

– “Азаттыктын” биринчи иликтөөсүн көргөндө, атайын буйрук менен даярдалган иликтөө катары болгон деген пикирде калгам. Биринчи себеби, каза болгон Саймаитинин шантажына журналисттер алдыргандай сезилген. Иликтөөнүн экинчи бөлүгү эмне үчүн маалымат булагы тирүү кезинде чыгарылган эмес. Саймаити биринчи бөлүк чыккан соң, чоң ишкер катары сыпатталып жаткан Хабибула Абдукадыр экөөсүнүн ортосундагы кандайдыр бир чечилбеген маселемди чечип алайын деп шантаж катары пайдалангандай пикир калтырган. Экинчи себеп, элдин пикирин бурмалоо максатында Кыргызстандын экономикасынан чыгарылган акча катары көрсөтүшүп, ага Райым Матраимовду күнөөлөп, аны президент Жээнбековго байлап жатканы. Ушул себептер буйрук менен даярдалган материалдай болуп калды. 700 млн доллар тууралуу сөз болгондо, Каржы полициясы акча банктар аркылуу которулганын ырастап, ишкерлерге тийиштүү акча болгонун билдирген соң, атайын бир бутага байлап чыгарганга аракет жасалды. Ал эми транзиттик товарды Кыргызстанда ачып текшергенге эл аралык норма боюнча эч кимдин укугу жок. Эгер башка машинага жүктөй турган болсо, бир гана бажычылар эмес, соода палатасы баш болгон органдар дагы катышып, жүк жүктөлүп бүткөн соң пломбо басылат. Бул норманы сактабай, өзүм билемдик кылсак, үчүнчү өлкө доомат койгонго акысы бар. Ушундай нормалар турганына карабай, транзиттик жүк менен бир адамды каралоо аша чапкандык. Бул маселе Коопсуздук кеңешинде каралып, күч структураларынан турган комиссия түзүлүп, иликтөөгө ала турган чечим туура болду. Буга чекит коюш керек. Кыргызстанга четте жүргөн мекендештерибизден, экономикалык карым-катнаштан бир жылда 3 млрд доллардан ашык акча келет. Эртең Россия ушул маселе боюнча биздин экономикабыздан 3 млрд доллардан ашык акча Кыргызстанга чыгарылып кетти деп айтпайт да.

– Эмне үчүн Өзбекстандагы ишкерлердин акчасы Кыргызстандын банктары аркылуу которулган?

– Өзбекстандын биринчи президенти И. Каримовдун тушунда доллардын мамлекеттик курсу менен көмүскө базардагы курстун айырмасы өтө жогору болгон. Кыргызстандагы финансылык ситемада мыйзамдар либералдуу болуп, инвестор, соода-сатык үчүн ыңгайлашкан. Акча которууга мыйзам боюнча эч ким ага тыюу сала албайт. Кыргызстандын экономикасынан уурдалган акчалар деген пикирди жаратышты. Биздин бюджетибиз болгону 2,5-3 млрд доллардын тегерегинде. Ушундай бюджетибиз менен 700 млн доллар сыртка чыгып кеткен деп фантастика кылып айтса дагы жарашпайт. Эгер 700 млн доллар биздин экономикабыздан чыгарылып кеткенде бюджетибиз эбак банкрот болмок. Каржы министрлиги ар бир тармакты, облусту, мекеменин кирешесин эсептеп чыгып бюджетке олтургузат. Бюджет төрт цифраны кошуп же алып койчу документ эмес. 700 млн биздин экономикадан чыгып кетти деген утопия. Эгер чыгарылган болсо эбак эле ачык көрүнүп калмак.

– Саймаити өзү ачыктаган, Өзбекстандан чыккан, Кыргызстандан четке которулган акчалар биздин экономикабызга эч кандай таасир тийгизбейби?

– Саймаити акчалар Өзбекстандагы “Абу-Сахий” базарынан келген акчалар деп ачык айтып жатат. Биринчи иликтөөдө журналист бул акчалар биздин экономикабыздан чыгарылып кеткендей сүрөттөгөн. Мүмкүн ал дагы Саймаитинин экинчи иликтөөдө ачык айткан сырын билген эместир. Биринчи айткан сөзү жалган чыгып калуусунан корккон журналист, кайра эле экинчи бөлүктө дагы биздин элдин ырыскысы деп сыпаттоого аракет жасады. Эмнегедир биринчи иликтөөдө туура эмес айтып алган экенбиз, Саймаитинин ушул айткандарынан кийин акчалар кайдан чыкканы анык болду деп айтканга кудурети жетпеди. Эгер ушул сөздү айта турган болсо, иликтөөнүн баары таш-талканы чыкмак. Саймаити Өзбекстандан чыгарып, биздин банктар аркылуу которгон акча биздин бюджетке эч кандай таасир тийгизбейт. “Абу-Сахийдеги” акча бир эле Кыргызстан аркылуу эмес, мүмкүн Казакстан аркылуу, же Өзбекстандан түз кетип жаткандыр. Кайсыл банк аркылуу которулса, ошол банк акча которуу системасын аткарып бергени үчүн өзүнүн пайызын алып калат. Болгону ошол эле.

– Бажы кызматы башка өлкөдөн кирген акчаны көзөмөлдөй алабы?

– Декларация толтурулуп чыгарылган акча болсо бажыда документ сакталып калат. Чек ара аркылуу мыйзамсыз ташылган акчаны бажы кызматы көзөмөлдөй албайт. Азыр Өзбекстан, Тажикстан менен чек арабыз чычкан өтө албай тургандай болуп жабыла элек. Дагы бир жагдай, өзбек тараптан же биз тараптан постто турган адам акчанын суммасын билбей туруп эле аз акчага макул болуп өткөрүп жибериши мүмкүн. Оштун аэропортунда каракталган акча 10 млн доллардан ашык деп айтылып жатат. Эгер кыргыз жараны болгон ишкердин же экономикабыздагы 10 млн доллар каракталып кеткен болгондо биздин экономикабызга чоң зыян болмок. Ызы-чуу дагы катуу көтөрүлмөк. Бул акчалар бизге тийиштиги жок болгондуктан ызы-чуу көтөрүлбөй калды. Кечээ эле бир банкты тоноп кетишти эле, кандай тополоң жаралды? Аз убакыт мурун эле Бишкектеги аэропорттон каракталган миллиондогон доллар боюнча акча меники болчу деп эч ким чыкпады. Бул акчалар Өзбекстандан бизге чыгып кетип жаткан агым.

– Сиз башка өлкөдөн кирип жаткан акчаны Бажы кызматы көзөмөлдөй албайт деп жатасыз? Бирок, Райым Матраимов ушул системанын негизги көзүрү катары көрсөтүлүп жатпайбы. Өлкө жетекчилигинин уруксаты жок ушундай система иштей бермек беле?

– 2011-2017-жылдар аралыгында акча чыгарылып кеткен делип жатат. Хабибулага биз аркылуу транзиттик товарын алып өткөнгө, ал жактан чыккан акчасын биз аркылуу кайра сыртка жөнөтүүгө уруксат бериш өлкө башчысын аралаштырбай жасаганга мүмкүн эмес. Райым Матраимовду Кытайдан келген товардан “доля” алып турган деп айыптап жатышат. Биздин бажы тармагыбызда 5 миңден ашык товардын аталышы бар. Жыл сайын коюлган тариф көтөрүлсө, көрсөткүчтү өзгөртөбүз. Негизинен Бажы кызматы киреше топтой турган болбой, экспорт менен импортту калыпка сала турган орган болушу керек. Мурун “Дордой” базарына келген кытай товары Россиянын баардык аймактарына чейин жетип, мүмкүнчүлүгү аябай чоң болуп турган. Азыр ошол мезгилге салыштармалуу көрсөткүч кыйла төмөндөдү. Биз акча каражаттын жетишсиздигинен улам бажы бекеттеринде заманбап сканерлерди коё алган эмеспиз. Эми ЕАЭБге киргенибизден кийин Россия акча бөлүп берип, бажы бекеттерине сканерлерди коё баштады. Кечээ бир депутатыбыз Кытай менен болгон импорт, экспорттук көрсөткүчтө чоң айырма бар деп айтып жатат. Мындай айырма бир эле Кыргызстанда эмес, Казакстанда дагы ошондой айырма бар. Себеби, Кытайдагы бажы тармагындагы принцип такыр башка. Аларда ар бир товардын өзүнүн ставкасы бар. Биз, Казакстан, Өзбекстан ТМП деп койгонбуз, анын ичине бир топ товардын тизмеси кирет. Ошол себептен айырма буга чейин да болуп келген, азыр да болуп жатат, мындан кийин дагы болот. Муну токтотуш үчүн бирдиктүү ставкага чыгышыбыз керек. Кытай менен биздин экономикабыз атаандаш боло албайт. Алардын чыгарган товарлары дүйнө жүзүнө тарайт. Кыргыз экономикасы 70 пайыз импортту колдонот. Соода балансыбыздын ушундай көрсөткүчү менен экономиканын мыйзамы боюнча банкротко туш келишибиз керек эле. Мындан четте иштеген замандаштарыбыз жөнөткөн акча сактап келүүдө.

– Так суроо берейин, Ташкенттеги “Абу-Сахий” базары Өзбекстандын биринчи президенти Каримовдун күйөө баласы Тимур Тилляевге таандык болгон. Кытайдан Өзбекстандын эркесинин базарына биз аркылуу транзит болуп өтүп жаткан товарды Райым Матраимов жолдон тосуп алып, акча сындыруучу кудуретке ээ болгонбу?

– Андайга кудурети жетмек эмес.

– Демек, “Азаттык” сөз кылган системанын башында мурунку өлкө башчысы турган болуп калуудабы?

– Президент Жээнбековдун иштеп жатканына 2 жыл болду. Бир жарым жылын мурунку президенттин саясаты менен алектенип, иш болгон жок десем да болот. Аны менен бир жактуу болуп, ишти баштайын деп атса, иштетпеш үчүн мурункунун иштерин жармаштырууга аракет жасалууда. Экинчиден, мурунку президенттин тегерегиндеги ишенимдүү адамдары аралашпаса, көзөмөлдөбөсө “Азаттык” айткан системаны ишке ашыруу мумкүн эмес болчу.

– Атамбаев бийликтен кеткен соң “Кадрдан жаңылыпмын, бул ишти билген эмесмин…” деген сөздөрдү айтып жатпайбы…

– Ал киши жомокчу. Айткандарынын баары жомок. Кыргызстанда эмне болуп жатканын жеке өзү көзөмөлгө алып турган. Кадрдан кантип жаңылат, өзүнүн тегерегиндеги адамдарды министрлик орун эмне экенин билбегенине карабай көзөмөлдөөчү кызматтардын баарына алып барып олтургузбадыбы.

– Сиздин оюңузча Матраимов бутага алынган гана адам болуп жатабы?

– Матраимов бажыдагы иштерди көзөмөлгө алган дейин десек, ал Бажы кызматынын жетекчиси болгон жок да. Бажы кызматынын дагы бир артыкчылыгы ар бир инспектордун өзүнүн номуру менен мөөрү болот. Жоопкерчилик ошол инспектордун мойнуна жүктөлөт. Атамбаев Жээнбековго жармаштыра турган эч нерсе жок болгон соң, Матраимовду коомго жаманатты кылып көрсөтүүнү баштап, азыркы президентке жармаштырууга аракет көрдү. Жаман көрүнүш, элди экиге бөлүү күч алды.

– Мындай каралоонун аркасында кандай күч турушу мүмкүн?

– Атамбаев “Азаттыкты” сотко бергенде, алардын жетекчиси келип, аны менен жолугушуу болгон соң, сотко берген доо арызын кайра чакыртып алган. Радионун кыргыз бөлүмүнүн жетекчисине үй белек кылды деген маалыматтар чыгып кетти. Ушунун баары ошондо эле сүйлөшүү, келечектеги план бекилгендей элес калтырып коюуда. Маалымат каражаттарында митингге АКШнын каржылоосу менен НПОлор чыгышты деп айтылып жүрөт. Кечээ эле башкача сүйлөп жүргөн НПОлор, бүгүн такыр башкача сүйлөп калганы, митингте ошолор жүргөнү, кимдин кызыкчылыгы болуп жатканы көрүнүп калууда. АУЦАнын студенттери митингге келишкени. Бул да күмөн санатпай турган мисал.

– Анткен менен көмүскө системаны ачыктаган Саймаити көп нерсенин башын чыгарды да?

– Саймаити Кытай жараны экени аныкталды. Кыргыз паспортун мыйзамсыз жол менен алыптыр. Башка өлкөнүн жаранын, аферистти баатыр кылып, кыргыздар бүтүндөй мамлекетти дүрбөтүп жибердик. Түркия күчтүү мамлекет, бул иштин аягы ачыкка чыгат деп ойлойм. Саймаити кандайдыр бир басым болгондон кийин маалыматтарын айтып берген дегенди дагы жокко чыгарып салууга болбойт. Эмне себептен мындан 3 жыл мурун маалымат бербейт? Түркияга кеткенге аргасыз болгон мезгилде ушунун баарын айткан эмес? Суроолор көп. Мен Саймаитиге байланышкан иш ачыкка чыгат деген ойдомун.

Маектешкен Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *