Ахматбек Келдибеков: Аслан элдин баарын келесоо ойлошу мүмкүн. Бирок айткан сөзүнө да жооп бере билүүгө тийиш…

– Ахматбек Келдибекович, учурда сиздин “Азия Ньюс” гезитинин редактору Асланбек Сартпаев менен соттошуп, утуп алгандыгыңыз катуу талкууга алынып жатат. Редактор өзүнүн гезитинде 2 миллион сомго доого жыгылганына кейип, “Мен периште эместирмин, бирок Ахматбек мырзанын артынан мынчалык айыпты чекилик койгону чекилик болуп калды”- деп айтып жатат. Чын эле доонун суммасы өтө жогору болуп калган жокпу?

– Мен башынан эле саясатчы катары журналисттер менен соттошуу туура эмес экенин айтып келе жатам. Өз жолумда журналисттердин канчалаган шылдыңдап жазган учурларым башыман өткөздүм. Бирок, эгерде сын менин ишиме байланыштуу боло турган болсо, эч качан бир да журналистке доом айтпайм. Мени сиздер жакшы билесиздер, ар дайым ачык адаммын, суроо болсо, жооп бергенге даярмын. Тактап ала аласыңар. Асланды мен башынан редактор катары сыйлап, жакшы мамиледе жүрдүм. Жаман жазып жүрдү, акырын гана уяткарып койчумун. Асландын башына оор иш түшүп, камакка алынганда да өз башымдан мындай өткөн үчүн колдоп, жардам берген элем. Андан кийин бир кездерде мага катылып, асылып эле туруп алды. Саясатчы Келдибековду сындасын, бирок адамдын жеке аброюна шек келтиргени чекилик да. Мен ушундай материалдарды атайылап жайылтып, көбөйтүп жатканын айтып, эскертүү бергем. Токтотпосо, мыйзамдуу жол менен күрөшөрүмдү айттым эле. Атамбаев президент болуп турганда адамдарды эч кандай сот чечими жок эле күнөөлөгөндү, кемсинткенди адат кылып албады беле. Аслан да ушул жолду тандап алыптыр. “Майдан” гезитинин башкы редактору, иним Нургазы күбө, ушинтип кемсинтип жаза бергенден бир топ жолу чакырып, акыл-эске чакырдым. “Иним, мындай кылба, уят болот”,- деп жумшак да айттып, анан катуу айткан да кез болду. Бирок, андан эч кандай майнап чыккан жок, кайра оозго алгыс сөздөр менен мени ушатып, гезитинде боктоп туруп алды. Менде сотко бергенден башка аргам калбады. Айтып да көрдүм, “кой, ага жеткизбейли, эсиңе кел”- деп. Муюбады. Мени абдан кемсинткен кептер менен уят кылды коомго. Талашты башка жол менен деле чечсе болот, бирок, мен цивилдүү эле сот жолуна тандап алдым. Өзүнө айткам, “ар бир жазган макалаңды топтоп жүрөм “- деп. Мурда сотторго ишенчү эмесмин. Жаңы президент келгенден бери соттордо адилеттүүлүк орной баштаган. Асландын жазгандарын лингвистикалык экспертизадан да өткөздүк. Сот ошонун негизинде чечим кабыл алды. Асландын азыр жан сабап актанып жатканы пендечилик. Мени мынчалык катуу кетет деп ойлобосо керек. “Бийлик тараптан кысым болду…” дегенчелик эч нерсе жок. Мен бийликте эмесмин. Бийликте олтурсам айтса жарашмак. Андан көрө ойлонсун, бул ага чон сабак болот. Адамдарды шылдыңдагандын чегин билиши керек. Ал элдин баарын келесоо ойлошү мүмкүн. Бирок, айткан сөзүңө да, жооп бере билүүгө тийишсиң…

– Ошондой болгон күндө да, Аслан күнөөсүн моюнга алып, сизге келип, “ака итчилик менден кетти, эми эч качан жазбайм”- деп айтса доону артка алып, кечире аласызбы?

– Асланда убакыт кеңири болгон. Себеби, мен ага чейин өзүн чакырып алып эскерткем. Сотко береримди айткам. Ал жыйынтык чыгаргандын ордуна мени шыбаганды уланта берди. Сот башталгандан кийин да мени шыбады. Аны чакырып, “мунуң ашыкча кетти, жазганыңды токтот, адамдын жеке жашоосуна кийлигишүү чекилик болуп калат”- деп айтсам, “ооба, менден мүчүлүштүк кетти, бирок, ага кээ бир адамдар түрткү болду”- деди. Кимдер экенин сурасам, айтпады. Бүгүн макаласын окудум, ортого түшө турган адамдар бар экен, Канатбек Исаев, Элмурза Сатыбалдиевдин атын атаптыр. Бул адамдар да өз убагында Асланды “кой, уят болот”- дешкен эле, укпай, өз билгенин кылган. Ошондуктан, эч ким ортого түшө албайт, шылдындап, жерге киргизе адамды уят кылган адамды кечирбеймин эч качан. Баары мыйзам жолу менен кетет. Андан акча өндүрүп алайын деген ой жок. Баары жетимдер жана карылар үйүнө берилет. Анан акча, заказ деп эле аадмдарды кемсинтип, жамандап жаза берген адатты токтотуу зарыл. Бул илдетти токтотуш керек, Мен Кыргызстанда дээрлик бардык журналисттер менен жакшы мамиледемин. Муну басма сөзгө басым деп ошондуктан эч ким Аслан тарапта болбоду. Алар деле билишет. Аслан ошол басма сөздү уяткарды. Дагы да айтам, иним Аслан, бул жол сени жакшы жакка алып барбайт.

Ш.Маматокторов

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *