Ахматбек Келдибеков, “Ата-Журт” саясий партиясынын тең-төрагасы: “Атамбаев элдин сурагына даярданышы керек!”

Коомдун бардык тармактары шайкеш өнүгүп жатпагандан кийин, эл күнөөлүүлөрдү издейт, сындайт. Сын саясатчыларды чыйралтат, түзөлтөт деп айтып келишет. Бирок коомчулукта акыркы кезде сын эмес, “далилсиз айыптоолор арбын” деген көз караш пайда болду. Биз Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын төрагасы Ахматбек Келдибеков менен саясий элитанын азыркы абалы, Атамбаевдин айыптоолорун, Райымбек Матраимов кайрылуусун, анан ортодон чыга калып “Матраимовдун Кыргызстанды бийлешине жол бербейбиз” деген Эдил Байсаловдун билдирүүсү женүндө сөз учугун уладык.

– Ахматбек Келдибекович, сырттан алынган насыялардын 44 пайыздан ашууну суверендүүлүк кепилдиги менен алынган Кытайдын Эксимбанкына туура келери, бул улуттук коопсуздук үчүн коркунуч жарата турганы тууралуу сөздөр айтылып келет? Сиздин көз карашыңыз.

– Тышкы карызды алып жатканда “аны эмнеге алып жатабыз, эмнеге жумшайбыз, кайра кантип кайрып беребиз” деп ойлонуу абзел. Насыя берип жаткан өлкө же эл аралык уюм Кыргызстанды жакын санап, өнүгүп-өсүп кетсин деген жакшы ниет менен бербейт. Алардын да өз кызыкчылыктары бар. Анан калса биз алган насыялардын көпчүлүгү саясий мааниге ээ.

Ал эми Кытай барган сайын жалпы чөлкөмдө, анын ичинде Кыргызстанда активдүү роль ойноп жатканы талашсыз. Кыргызстандын тышкы карызынын 40 пайыздан ашыгы Кытайдын “Эксимбанкына” туура келет.

Жакында “Беларусь” телеканалынан Лукашенконун кытайдан алынган насыялар тууралуу айткан сөзүн уктум. Бизде жол салган кытайлык “Чайна Роуд” компаниясы менен кредит берген Кытайдын “Эксимбанкы” Белоруссияда да өз ишмердүүлүгүн жүргүзөт экен. Өлкөсүнүн эртеңин ойлогон башчы катары Лукашенко аларга: “Бизге насыя бергениңер үчүн ыраазыбыз. Бирок, кредит алгандан кийин биз башканын эмес, өзүбүздүн экономикабызды өстүрүшүбүз керек. Насыя берип, анын артынан бизге өз продукцияңарды, компанияңарды алып келүүнүн кереги жок. Мындай жол менен, берген акчаңарды өзүңөр кайра алып үстүнө 2 пайыз үстөк кошуп бизди карыз кылганыңар өтпөйт. Элди келесоо деп ойлобогула. Бул насыяга өзүбүздүн жол сала турган ишканабыз, зым чыгара турган заводубуз курулушу керек. Биз үчүн ушул нерсе пайдалуу болот”,- деп айтты.

Мына мамлекетти ойлогон, элди ойлогон журт башчынын сөзү.. А бизде эмне болду? Кытайдын мыйзамынын негизинде плансыз насыялар алынды. Бирок, бийлик башындагылар мына ушул алынган кредиттер менен казынаны толтуруп, элдин пайдасына иш алып барыштыбы? Жок?! Өз кызыкчылыктарынын негизинде жеке капчыктарын гана кампайтышты. Буга бир мисал катары Бишкек Жылуулук-электр борборун модернизациялоодо ойго, түшкө кирбеген суммалардын сапырылып кеткенин айтсак болот. Тактап айтканда, 100 миллион долларга чукул каражат жок болуп кеткен. Убагында мына ушундай калпыстыкка жол бербейли. Эскини жамаганча, жаңы салалы деп, ТЭЦти модернизациялоого каршы чыккам. Себеби ТЭЦти жаңыладык деген каражатка Бишкектин төрт жерине 4 кичинекей жакшы ТЭЦ куруп койсок деле болмок. Бирок, мындан көп узабай эле мен жалган жалаа менен камакка алындым.

Ал эми Атамбаевдин бийлиги жол берген мындай чулгандуу окуялар ондоп саналат. Ошондо мамлекетке чыккынчы, эл душманы деп кимди айтсак болот? Ал эми куну кымбат болуп кумга сиңген суудай жоголгон насыяларды кемиген бюджет, кертилген “токочтор” деп атасак туура болчудай.

– Айтсаңыз, Алмазбек Атамбаев президент болгондо тышкы карыздын суммасы канча эле, ал өлкө башчылыгынан кетип жатканда канча болду? Убагында туура эмес пайдаланылып, жеке кызыкчылыктар үчүн жумшалып кеткен насыяларды эртең ким төлөйт деген ой жаралат.

– Мен билгенден Атамбаев президент болуп келгенде тышкы карыздын суммасы 2,8 миллиард доллар болчу. Ал эми 2017-жылы Атамбаев бийликтен кетип жатканда Кыргызстанга “мурас” катары 4,5 млрд. доллар карыз калтырды. Тактап айтканда, мамлекеттин сырты карызы 4 млрд 80.58 млн долларды түзсө, өлкөнүн ички карызы – 449.47 млн доллар болду.

Ал эми бизге келген насыяларды эки түргө бөлсөк болот. Биринчиси – бюджеттин таңкыстыгын жабуу, төлөө балансынын таңсыктыгын жабуу жана сомдун курсун кармоого кетет. Бул экономикасы начар өлкөнүн көрсөткүчү, буга кредит кетпеш керек болчу. Тилекке каршы, биз ушундай багытка да насыя алдык.

Экинчиси – өнүгүүгө инвестиция катары жумшалган насыялар. Бирок, баардык нерсенин чеги бар дегендей эле ар бир насыянын кайтаруу мөөнөтү болот. Биз эң көп кредит алган Кытайдан насыя албаган мамлекет жок болсо керек. Бирок, алар да ар кандай шарты менен берет. Кеп мына ушунда. Ал эми расмий келишимде кредитти кайтаруу убактысы так жазылат. Төлөм кечиктирилсе, алар расмий түрдө президентке, өкмөткө кайрылып, маселе чечилет. Кытайдан Атамбаевдин тушунда эң көп насыя алынганы бул – чындык. А бирок, аны кайтаруу мамлекет аралык келишим аркылуу жөнгө салынат. Анткени, Атамбаев бүгүн эч ким эмес.

Ал эми алынган насыялар канчалык деңгээлде эффективдүү жумшалды, канчасын сугалак жетекчилер жеп кетти – бул нерсени териштирүү мамлекеттин ички саясаты. Бирок Атамбаев кечээ Кытайдан ойлонбой алган карыз үчүн бүгүн Кытайга жооп бербегени менен мамлекет алган карызды жонтериси, маңдай тери менен төлөп жаткан элге, карапайым калкка жооп берүүгө милдеттүү. Эл бүгүн анын учурунда алынган насыялар кайда, кимдин капчыгын кампайтып жатканы тууралуу Атамбаевден сурай да, доолай да алат. Ток этерин
айтканда Атамбаев бүгүн – элдин сурагына даярданышы керек!

-Кээ бир саясатчылар, айрым укук коргоочулар сизди “Кыргызгазды” сатууга каршы чыкканыңыз үчүн бийлик кылмыш ишин козгогон деп айтып келишет?

– Ушул кезге чейин мен жөнүндө далилсиз сөз айтып каралагандарды Кудайга, анан өзүнүн адамдык абийирине койгом. Анын ичинде Атамбаевди дагы. Ал эми “Газпром” боюнча айта турган болсок, алар бир долларга Кыргызстандын бүтүндөй газ тармагын сатып алган. Элди күнөөлөп жаткан ошол убактагы кыргыз бийлиги аларга мамлекеттеги газ байлыгыбызды, Баткендеги эки газ сактоочу жайды, Кочкор-Атадагы газ чыккан жерди, имараттардын баарын бир долларга саткан. Бул үчүн “Газпром” бир эмес, жүздөгөн мектеп курганга милдеттүү. Ошол келишим боюнча Кыргызстанга газ канча баада келген болсо, сөзсүз түрдө 12 пайыздан кем эмес үстөк баада сатылышы керек деп каралган.

Ток этерин айтканда “Газпром” кыргыз эли төлөгөн акчага эле мектеп, спортзалдарды куруп жатат. Муну чоң жетишкендик деп кайра-кайра айта бергендин кажети жок. Биз өз алдыбызча мамлекет болгонубуздан кийин стратегиялык багыттагы, мамлекеттүлүгүбүздүн өзөгү болгон аэропорт, газ, суу тармагын кимдир бирөөгө жүз пайыз бербешибиз керек деп айтып чыккам. Мен мына ушунум үчүн камалгам.

Мамлекет катары алтын акцияны же болбосо 51 пайыз акцияны кармашыбыз керек деп айткам. 49 пайызды “Газпром” же “ӨзбекГаз”, “КазакГаз” мекемеси менен болобу жаратылыш газын Кыргызстанга үзгүлтүксүз алып келүү үчүн сатуу туура эле шарт. Газ тармагын бүтүндөй бир долларга сатып, андан сырткары мыйзамды одоно бузуу жолу менен пенсиондук фонддун 8 пайыз менчигин да кошо беришкен. Мыйзам боюнча пенсиондук фонддун үлүшү эч качан сатылбашы керек. Аны сатууга эч кимдин укугу жок.

– Айрым саясат талоочулар Атамбаевдин айыпсыз каралоосу кыргыз саясый айдыңына Райымбек Матраимов деген саясий фигураны жаратты деген пикирди айтышууда. Сиздин оюңуз?

– Акыркы учурда “бул эми саясат да” – деген шылтоону жакшы үйрөндүк. Ал эми саясаттын табияты такыр башка, ал күчтүү жана ачык аттандашууну сүйөт. Бирок азыр кыргыз саясый айдыңында адамды далилсиз ак жеринен каралап, четке сүрүп чыгарууга болгон далаалат акыркы жылдары күчөп, чегинен ашып баратат. Райымбек Матраимовго карата болуп жаткан имиштер да мына ушул чектен ашкандыктын бир далили! Бул нерсени токтотуш керек. Анткени кайсыл учур, кандай мезгил болбосун биз жигитчиликти жерге таштабашыбыз абзел. Туура, Атамбаевдин жана анын тегерегиндеги жазмакерлердин чектен ашкан далилсиз каралоосу кыргыз саясий айдыңында Райымбек Матраимов деген саясий фигураны жаратты. Бул чындык. Негизи душманды алыстан издебеш керек.

– Коомчулукту деле ушул суроо кызыктырат болуш керек. Айрым саясатчылардын түн уйкусун бузган Райымбек Матраимов деген ким?

– Бул үй-бүлө менен илгертеден мамилем жакшы. Агасы менен көп жылдардан бери досмун. Ал эми Райымбек Матраимов өзү жөнөкөй, адамгерчиликтүү жигит. Улууга улуудай, кичүүгө кичүүдөй мамиле жасайт. Кербезденип бой көтөрүп, кимдир бирөөнү далили жок каралап жүргөнүн уга элекмин.

– Саясат таануу илимине таянсак, саясий чечимдерди кабыл алууга катышкандардын баары “саясий элитага” кирет экен. Кыргыз саясий элитасын мындан 20 жыл мурдагылар менен салыштырасызбы? Өзгөрүү, өсүү болсо эмне үчүн коомчулукта нааразычылыктар көп айтылып келет?

– Бул саясый айдыңга “жасалма” жол менен, орусча айтканда “искусственный” келип калгандардын кесепети деп айтсак жаңылышпайбыз. Акыркы 7-8 жылдын ичинде “капыстан” келип калган “кадрлардын” негизинде саясый элита алсызданып, жүзүн жоготуп баратат. Өмүрүндө бир жолу министрлик түшүнө кирбеген адамдар министр болушту. Миң уктасада түшүндө депутаттык мандат ала албаган адамдар депутат болуп келишти. Кадр саясаты бузулду. Кесипкөйлүк, өз ишинин мыктылары бааланбай калды.

Негизи Кыргызстан эгемендикке жетишкенден бери чечилбеген маселелердин эң орчундуусу – соттордун өз алдынчалыкка жетише албагандыгы. Азыр деле ошондой абал уланып жатканы айтылууда. Маселенин өзөгү кайда? Канткенде кырдаал өзгөрүп, сот өз алдынча болот? Мына акыркы жылдары баарыбыз сот системасын сындап, сотторго ишенбөөчүлүк көрсөтүп келебиз? Эмне үчүн? Негизги себептердин бири – Феруза Жамашовага окшогон кадрлардын сот тармагын бийлеп калгандыгы.

Мына прокурорлор көпчүлүк учурда туура эмес иш козгошууда деп чыркырап жүрөбүз. Эмне үчүн? Саляновага окшогон бул тармакта бир да күн иштебеген тажрыйбасыз адамдар бул тармактын тарпын чыгарып талкалашкандан мына ушундай көрүнүштөр болуп жатат. Мына ошондуктан татыксыз адамдардын бийликке келишине бөгөт коюшубуз керек. Кесипкөй адистер гана мамлекетти өргө сүйрөй алат.

Маектешкен: Алтынай Ажиматова

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *