Ахматбек Келдибеков, коомдук ишмер: “Алмазбек Атамбаевди мен эми түшүнүп атам”

Де факто гезитинин №1 (354) санында «Илимди ириткиси келген Ахматбек Келдибеков» деген кенен макала жарык көргөн. Анын маани маңызына кенен токтолуп олтурбайлы. Журналистиканын этикасына ылайык экинчи тараптын дагы пикирин берүүгө милдеттүүбүз. Бул макаладан сырткары дагы интернет айдыңын дүң кылган “Ала-Арча” дипломатиялык шаарчасында чыккан чыр боюнча дагы суроо узаттык.

–Ахматбек Келдибекович, Экономика илимдеринин доктору болуу максатында талкууга коюлган диссертацияңызды окумуштуулар жамааты таптакыр жаратпай салган турбайбы? Деги эле илим чөйрөсүнө качан баш баккансыз?

–Воронеж шаарынан жогорку окуу жайын бүтүп жатканда илгерки союздук окумуштуулар кеңеши мага Кыргызстандын илимдер академиясында иштөөгө сунуш беришкен. Кыргызстанга келип илимдер академиясына ишке киргенмин. Илим менен 3 жыл алектенгенден кийин СССР урап, илимге көңүл бурулбай калды. Кийин экономика жана каржы министрлигине экономист болуп ишке киргенмин. Ошондон бери каржы экономика тармагында иштеп келе жатам. Менин докторлук дисертациямды коргош үчүн окумуштуулар кеңеши 2010-жылы темасын бекитип беришкен. Каалаган теманы жаза албайсың. Менин докторлук дисертациямдын темасы “рынок шарттарындагы мамлекеттик фискалдык саясаттын социалдык-экономикалык натыйжалуулугу”-деп аталат. Бул 20 жылдан бери өзүм алектенип жүргөн тармактан жазылган эмгек. Мен медицина тармагынан дицертация жазбадым, же болбосо башка тармак боюнча жазганым жок го.  Эгерде экономика  финансы жана салык тармагынан башка тармактарды жазсам сынга алса болот эле. Илимде сатып алуу деген болбойт. Бул жерде КЭУнун ректорун жамандап жатышат. Ал кишиге окумуштуулар кеңешин түзгөнүнө рахмат айтышыбыз керек. Ал өтө билимдүү киши. Илимди эч ким сатып ала албайт, анткени жалаң окумуштуулар жамааты олтурат. Газетада жазылган айыптар бул өтө оор айыптар. Бул боюнча сотто далилдей албаса тергөө органдары газетага иш козгоо керек болуп калат.

 –Окумуштуулар кеңеши жаратпай койгон турбайбы? Саясатта мурда кийин жүрүп кеңештин мүчөлөрүн өчөштүрүп алган жок белеңиз?

–Эки кафедра биригип менин дисертациямды талкуулашты. Бул ишти коргоордун алдындагы шарт. Башка институттарда дагы талкуу жасаганбыз. КЭУнун ичиндеги эки кафедранын кошмо жыйынында менин темам боюнча талкуу жүргөн. Ошол жерден агай эжекелер бул кээ бир алымча кошумчаларды айтып кеңеш беришти, ой пикирлерин айтышкан.

–Бул ушакты ким токуду анда?

–Мен кайдан билем. Муну ошол макаланы жазган акылы пас, илимден кабары жок адамдан сураш керек.

–Экономикалык окуу жайдын ректору менен доссузбу?

–Камчыбеков бул аксакал киши. Мен азыр 50гө чыктым, ал 70жаштан өткөн киши. Мен ал кишини адис, уюштургуч катары жакшы билем. КЭУну орто Азиядагы мыкты окуу жайлардын катарына кошуп койду. Анан кантип дос болом. Мен ал кишини чексиз сыйлам.

 –Бул докторлук ишти качан баштагансыз?

–Мен 2008-жылы кандидаттык ишимди жактагам. Ошол жерден окумуштуулар кеңештин мүчөлөрү 100% колдоп беришкен. Жөнөкөй адамдар эмес, экономика илимдеринин корифейлери мага ой тилек айтып жатышып докторлугуңду жаз деп кеңеш беришкен. Эртеси күндөн баштап докторлук ишимди жазып баштагам. Андан бери он жыл өттү. Докторлук деген кагаз топтоп жазуу эмес, абдан көп эмгекти талап кылам. Монография жазуу түйшүгү бар. Бул докторлукту 2014-жылы февраль айында эле коргомокмун. Бирок башыма иш түшүп калып корголбой калган. Эл аралык журналдарга эмгектерим жарыяланган. Сиздердин гезитке такталбай, билимди түшүнбөгөн адамдын жазганы жарыяланыптыр. Ал адам соттун алдында жооп берүүгө милдеттүү.

–«Ала-Арча» дипломатиялык шаарчадагы сиздин ысымыңызга байланыштуу чыр эмнеден улам чыгып кетти. Видеодо “эшикке чык” деп кимге кыйкырып жатасыз?

–Эгерде ал жердеги окуяга Кулов менен Келдибековдун аты аталбагандан журналисттердин бирөө да басып бармак эмес. Тим эле чындыкты чыркырап издеп калышат. Башка чындыкты издегендерди жазышпайбы? 15-январь күнү чет өлкөдө элем. Ошол жактан келинчегим менен учуп келсем, 15 адам мага арызданып калышты. Аларды чыны сыртынан гана таанычумун. Мен алардан себебин сурасам мыйзамсыз иштен бошотуп жатышканын айтышты. Кимдин бошотуп жатканын териштирип Дубовский дегенди таптым. Дубовскийден себебин сурасам бул 15 корукчу өздөрү иштебейбиз деп жатат деп жооп берди. Мага он беш адам кайрылып жатат, алар башкача айтышты деп эртеси  ошол иштен бошоп жаткан 15 адам жана башкармалыктын адамдары менен саат 12:00до жолукмай болдук. Эртеси жолугушчу жерге эки мүнөт мурун келсем башкаруучу өкүлмүн деп бирөө олтурат. “Силер кечээ өздөрү иштен кетип жатышат дедиңер, беттерине айткыла. Мен да унчукпайм. Мыйзам чегинде баарын чечип коюңуз” десем “мен эч нерсе билбейм, айта албайм, эч нерсе чечпейм”-дегенинен “эч нерсе билбесеңиз эшикке чыгып кетиңиз да, ишиңизди кылыңыз”-дегеним чын. Көрсө ал киши жада калса ал шаарчада жашабайт дагы экен. Видеодо өздөрүнө гана керектүү жерди кесип алышыптыр. Сотко бердим,  сот өзү териштирет.

–Бул окуядан кандай тыянак чыгардыңыз?

–Азыр экс президент Алмазбек Атамбаев журналисттердин жалаа жапканынан актана берип жадаганга миллиондорду туура эле коюп сотко берип жаткан турбайбы деп чечимге келдим. Эми журналисттердин канчалык күнөөлүү же күнөөлүү эмес деп айта албайм. Бирок мен болуп аткан окуяны айттым. Ушак жазгандардан жадап сотко кайрылыптыр. Мен да сотко кайрылайын деп жатам.

–Бийликке келгенден кийин булардан өч алайын деген ниетиңиз жокпу?

–Мен эч кимден өч албайм, бирок мыйзам чегинде сот аркылуу сүйлөшөм. Кызматка барамбы барбаймынбы укугумду коргоп, булар менен азыр эле күрөшөм. Өч алуу, кек сактоо мендеги сапат эмес экенин жакындарым жакшы билишет.

Сезим Мураталиева

Булак: Де-Факто 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *