Ахматбек Келдибеков саясый дымагын көрсөтүп, “соодалашууга” жем таштады

“Ата Журт” партиясы парламенттик шайлоого өз алдынча барат” деп Ахматбек Келдибеков билдирүү жасады. Башкалар баш көтөрүп атканда, саясый амбицияны көрсөтүп коюш үчүн Келдибеков да козголуп, Ташиев менен биргеликте экенине ынандырыптыр. Болсун! Партиялар Жогорку Кеңешке өтүү үчүн 9 пайыздык босогону эске алганыбызда, “Ата Журт” партиясынын шансы аз экенин болжосок болот. Аныгында, өтпөй калгыча түндүктүк партиялар менен биригүүлөргө барышы ыктымал. Азыр көп эле саясый күчтөр ошентет, башка аргалары жок. Келдибеков да алдыртан “соодалашууга” жем таштап, талкууга аралашууну кыялданганын байкатып койду. Кандай болгон күндө да, “Ата Журттун” 2010-жылдагы ийгилиги кайталанбай турганы бештен белгилүү!

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *