Ахматбек Келдибеков, ЖК V чакырылышынын төрагасы: “Германиядагы окуяны өтө өкүнүү менен кабыл алдым”

-Ахматбек Келдибекович, кечээ 9-декабрда Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевдин Германиядагы мекендештер менен болгон жолугушуудан кийинки чырды кандай кабыл алдыңыз?

-Эми кандай гана учур болбосун кимдин-ким экенин тарых тастыктайт. Аскар Акаев Кыргызстандан кеткенине 12 жылдан ашуун убакыт өттү. Баарыбызга белгилүү болгондой эле Акаев илимдүү-билимдүү адам. Биринчи Президент катары Кыргыз мамлекетинин өз алдынча түзүлүшүндөгү жасаган иштери эбегейсиз чоң, Кыргызстандын тунгуч Президенти болгонун эч ким тарыхтансыза албайт же болбосо өзгөртө албайт.

Аскар Акаевдин кеткенине 12 жылдан ашуун болсо да кеткен президенттер менен салыштырып баа берсек болот. Аларга бааны эл өзү берет. Кыргыз эли Аскар Акаевди биринчиден дүйнөгө таанымал илимпоздордун катарында Кыргызстанды тааныткандыгын сыймык катары айтып, баа берсек болот. Ошондуктан кечээги болуп өткөн Германиядагы окуяны өтө өкүнүү менен кабыл алдым.

Жумуртка ыргыткан жана акылга сыйбаган сөздөрдү сүйлөгөн жигит ал өзүнүн гана  маданияты, тарбиясы  жана акылы жоктугун көрсөтпөстөн жалпы кыргыз элин уятка калтырды. Анткени дүйнө эли анын атынан атап, “Ташмат минтти же Эшмат минтти” дебейт, “кыргыздар” деп айтышат. Бир нерсени баса белгилеп айтып кетейин, “толук ишенем 10 жыл болобу же 100 жыл болобу кимдин-ким экенин сөзсүз тарых өзү тастыктайт”.

Гүлжан Шерипбаева

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *