Ахматбек Келдибеков, экс-депутат: “Матраимовдун үстүнөн кылмыш иштер болгондо, Атамбаев бийликте турган кезинде эле папкалап топтоп, даярдап коймок”

– Ахматбек Келдибекович, акыркы жумадагы негизги саясий окуя Атамбаевдин партия төрагалыгын өткөрүп берип, партия мүчөлүгүн токтоткону болду. Ал киши мыйзамды сыйлаганынан ушул кадамга бардыбы?

– Атамбаевдин ушул кезге чейин айткан сөздөрүнө кечээки жасаган кадамы дал келбей калды. Жаңы мыйзамга кол коюлуп, күчүнө киргенге бир күн калганда партия төрагалыгынан баш тартып, мүчөлүктү токтотту. Ал киши бул кадамы менен мурунку айткан сөздөрүнөн өзүнүн жеке кызыкчылыгын жогору койду деп эсептейм.

– “Талапкер тандоодо адашыптырмын, кетирген катачылыгымды оңдойм… Керек болсо Ак үйгө таяк таянып барам…” деген сөздөрүнөн кайтты деп жатасызбы?

– Партия төрагалыгын таштап чыга бергени, өзү айткан сөздөн кайтканы деп бааланат. Мыйзамды сыйлап, ушул кадамга барганы чын болсо, саясаттан толугу менен кетиши керек. Күчүнө кирген жаңы мыйзамда экс-президенттер саясат менен активдүү алектенсе, мыйзамда каралган кепилдиктердин баары жокко чыгат деп каралган. Эми көмүскөдө иштин баарын жасай бере турган болсо, аны дагы иликтеш керек. Мыйзамды сыйлаган адам болсо, көмүскөдө жатып алып ойногонду токтотушу зарыл.

– Атамбаевдин мыйзамды сыйлап партиядан чыгып, саясатка аралашпай, тынч жашоосун өткөрөт дегенге ишенесизби?

— Ал кишинин айткан сөздөрүнө, жасаган иштерине эч качан ишенбейм. Анын айтканы менен жасаган иши илгертен эле бири-бирине дал келбейт.

— Жаңы мыйзамды кабыл алып жаткан кезде, Атамбаевди саясаттан четтетүүгө күчтүү аракеттер жасалууда деген пикир жаралган. Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын төрагасы болуп турганыңызда, парламенттеги коалицияны бузбай сактап калып, Атамбаевди өкмөт башчысы болуп сакталып калууга чоң салым кошконсуз. Ошол кезде эле коалиция бузулуп, Атамбаев отставкага кеткенде, бүгүнкү абал кандай болмок деп элестетесиз? Атамбаев саясий аренадан көрүнбөй калат беле?

– Биз коалициялык келишимге кол койгонбуз. Мен ошол келишимди бийик туткам. Саясатта жигитчилик болбойт, алдап кетсе боло берет дегенди ойлогон эмесмин. Партиялаштарымдан, досторумдан ушул күнгө чейин “Ошол учурда коалицияны бузууга макулдугуңду бергенде, бүгүн саясий абал, саясий элита башкача болмок. Мурунку президенттин учурунда түзүлгөн мыйзамсыздык, башаламан кадр саясаты болбойт эле” деген сөздү угам. Мен баарын жигиттик сөзгө бекем турат деп ойлогом. Мамлекетти туңгуюктан чыгаруу үчүн ушул келишимди жок дегенде 2 жыл сактайбыз деп ант бергенбиз. Жыйынтыгында андай болбой калды. Атамбаевдин сөзү менен кылган ишине эч качан ишенбейм деп ошон үчүн айтып жатам. Кеткен бийлик аракеттеги бийликке колдон қелишинче тоскоолдук жаратып, жаман көрсөтүүгө аракетин көрүп келүүдө. Менин уккан маалыматым боюнча “Форумда” 50-60 бала олтуруп алып, “Фейк” маалыматтарды жазса, тыштан грант алган журналисттер дагы “Форум” менен аралашып, интрига жасаганга аракет кылып жүрүшөт экен. “Фейк” маалыматтарды таратканды көзөмөлгө алыш керек. Чындыкты жазбай, жалган ушак жазган журналист дагы жоопкерчиликке тартылууга тийиш. Ар бир иште жоопкерчилик деген болушу зарыл. Ар ким оюна келгенди жазып, ар кандай схемаларды түзүп, коомчулукка тарата берүү сөз эркиндиги эмес. Мени каралоо акциясы башталганда, мамлекеттик маалымат каражаттары баш болуп жок нерселерди ойлоп табышкан. Бүгүн дагы “Үйрөнгөн адат калабы…” дегендей болушуп, бир кеңседе чогулушуп алып, эски ишин жасап жатышат. Элдин башын айландыруу, жалганды чындай көрсөтүү менен алек болушууда.

– Атамбаевдин 6 жыл “ажыдаар” болуп олтурушуна өзүмдүн дагы кошкон салымым бар деп эсептейсизби?

– Биздин коалициялык келишимди сактап, коалицияны бузбай кармап калганыбыз катачылык болгону кийин билинди. Эл үчүн иштейбиз, келишимди сактайбыз, келишимде каралгандын баарын аткарабыз дегендин баары жөн гана сөз экенин кийин байкадым.

– Мурунку бийлик түзүп кеткен системаны 2 жыл ичинде сындырууга бүгүнкү бийликтин мүмкүнчүлүгү жетет беле?

– Жашап жаткан Конституциябыз боюнча парламенттик өлкөбүз. Бир гана президенттен баарын талап кыла берүү Баш мыйзамга туура келбейт. Президент колдон келген аракеттин баарын жасап жатат. Өткөн бийликтин тамыры мамлекеттик органдардын баарына жайылып кеткен. Кулачын кенен жайган тамырды тазалаш 2 жылдык жумуш эмес. Системаны сындырып, аны ордуна алып келүүдө кыйынчылыктар жаралат. Укук коргоо органдарында, сот системасында, министрликтерде, агенттиктерде жаңыдан дайындалган жетекчилер ошол жерде өнүгүүгө, өсүүгө, ачыктыкка тоскоол жараткан кадрларды анализдеп чыгууга убакыт керек болот.

– Сиз финансы тармагын жакшы билген адис адамсыз. “Азаттык” 2011-2017-жылдар ичинде Кыргызстандан 700 млн доллар акча чыгарылып кеткени боюнча иликтөөсүн жарыя кылды. 7 жыл аралыгында мындай суммадагы акча жашыруун чыгарылып кетишине ишенүүгө болобу?

– Мен дагы ошол иликтөөнү 3 жолу көрүп чыктым. Ошол журналист 700 млн долларды мыйзамсыз чыгарып кеткен дегенди тастыктай албай калса, чоң жоопкерчиликти мойнуна алган болот. Бирөөнү каралап коюш жеңил, аны тастыктап берүү чоң милдет. Чыгарылып кеткен деп пакеттеги акчалардын сүрөтүн көрсөтүп жатпайбы. Ал акчалар боюнча азырынча эч кимде документтер жок. Биздин мыйзамдарда Өзбекстан, Тажикстанга караганда фискалдык шарттар түзүлгөн. Мисалы, Ош аэропортунда эки жолу тоноо болду. Кытайга кетип бараткан ишкерлердин 15 млн долларга чейин акчасын тоноп кетишкен. “Дордой”, Кара-Суудагы базарларда жүздөгөн млн доллардык товарлар айлантылат. Биздин мыйзам уруксат берген шарт менен Кытайга чыгып, ошол жактан товар алып келишет. Мүмкүн, бир айда эле ишкерлер 150-200 млн доллар акча менен чыгышаттыр. Көк пакеттеги акчаларды көрсөтүп, мындай ысым жазылыптыр деп күнөөлөгөн туура эмес. Акча кандай жол менен чыккан, кайсыл эмгек менен табылган дегенди дагы документтер менен тастыкташ керек. Искендер Матраимовдун аялы тууралуу сөз да болду. “Азаттык” чыгарган маалыматты тастыкташ үчүн ар бир жаран сотко кайрылганга укуктуу. Иликтеген журналист сотто тактай албаса жооп бергенге туура келет.

– Бул көмүскө бизнестин акчасы болушу толук мүмкүнбү?

– Кыргызстанда көмүскө бизнес өркүндөп кеткенин ачык айтыш керек. Салык кызматында иштеп жүргөнүмдө латент маркасын киргизгенге аракет кылганмын. Дары-дармек, спирт ичимдиктери, суусундуктар чыгып жаткан станоктун жанында жашыруун латент маркасын баса турган машинаны коюшубуз керек. Латент маркасы деген салык эмес, жашыруун маалымат. Мисал катары айтайын, бизде бир жылда 10 млн дан спирт ичимдиги ичилет. Анын 1 млн даны импорттук ичимдиктер болсун дейли. Кыргызстан болгону 4 млн дан гана спирт ичимдиктерин чыгарат. Калганы кайдан чыгып жатат? Көмүскө бойдон калууда. Азыр мурункудай болуп үйүндө жасалма ичимдик жасаган эч ким жок. Арак, пиво, суусундуктарды өндүргөн заводдор каттоого албай чыгарган товарлары болуп саналат. Өлкөгө жүздөгөн млн доллардык дары-дармектер келет. Андан жарыбаган тыйын салык түшөт. Мунун баары көмүскө бизнес. Буга экономикалык мыйзамдар менен тоскоолдуктарды жаратуу керек. Күйүүчү-майлоочу каражаттар боюнча бир маалымат алдым. Азыр бизге 400 миң тонна “биотопливо” кириптир. АЗСтердин бирөөсүнөн “биотопливо” деген майды унааңызга куйдуңузбу? Куйган жоксуз. “Биотопливо” деп салыгы жок келди дагы, жөнөкөй бензин катары сатылды. Бул дагы көмүскө бизнес.

– Акчанын баары бажы аркылуу чыгып кеткен дегенге сизде канчалык ишеним бар?

– Бизге Кытайдан келген товарлардын көпчүлүгү ЕАЭБ түзүлгөңдөн бери транзит аркылуу кетип жатат. Мисалы, Кытайдан чыккан товар Россияга, Белоруссияга кете турган болсо, аны биздин бажы кызматы ачып текшергенге укугу жок. Бирок, бажы кызматкерлердин баары эле таза деп айтыш кыйын. Махинация жасаган 5-6 адам түрмөдө олтурбайбы. Муну дагы терең иликтеш керек. Кечээ президентибиз Сооронбай Шарипович Нур-Султан шаарындагы ЕАЭБ жыйналышында “Бири-бирибизден шек саноо болбосу үчүн “үч жолку” бажы көзөмөлүн сунуштайм” деп айтты. Мындан артык кандай ачыктык керек? Бажы кызматкерлерин камоо Казакстанда деле болууда. Хоргостон кирген аткезчилик боюнча бажы кызматкерлердин 2-3 тобун камады. Адам иштеген жерде сөзсүз кемчиликтер болот. Кемчиликтерди жоюу үчүн толук электрондук башкарууга өтүшүбүз шарт. Өкмөттүн “Ачык өкмөт”, “Түндүк” деген программаларын киргизип жатканы жакшы көрүнүш.

– 700 млн доллардын көбүнчөсү бажы кызматынын мурунку төрага орун басары Райымбек Матраимовдун бир туугандарына таандык деп айтылды. Мамлекеттик кызматтын төрага орун басары болгон адамдын таасири ушунчалык эбегейсиз болсо, өлкө башчы андан 10 эсе көп сумма чыгарып кетеби?

– Эң туура маселе. 700 млн долларды ушул адам алып чыгып кеткен деген материалдык фактыны көргөнүм жок. “Исмаил ата” фондуна которулган акча тууралуу сөз кылды. Калганы сөз түрүндө абстрактуу эле болуп калды. Атамбаев президент болгон мезгилде болгон окуя деп көрсөтүп жатат. Чыгарылып кеткен деп алтындын сүрөтүн көрсөттү. Муну менен журналист чоң жоопкерчиликти өз мойнуна алды. Иликтөөнү көргөндөн кийин, бирөөлөрдүн буйрутмасы менен экинчи адамды каралоо процесси жүрүп жатат деген сезим калды. Ошол жылдар аралыгында мамлекетти ким башкарып турган? Ал киши бул иштерге аралашкан эмес? Мүмкүн, ошол адамдын командасы жасаган иш болуп жүрбөсүн? Ушул сыяктуу суроолорго дагы жооп издеш керек.

– Өкмөт башчы экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын башчысын кабыл алып, Райымбек Матраимовдун мүлкүн иликтеп бүтүүнү буйруду. Андан кийин Матраимовго сотко чейинки териштирүү иши козголгону жарыя болду. Өкмөт башчынын бул маселеге көңүл буруп калганы эмнеден кабар берет?

– Биз сөз кылганда расмий документтерге таянып сүйлөшүбүз зарыл. Кечээ кылмыш иш козголду деген маалыматтан кийин эле, прокуратуранын эч кандай кылмыш иши козголгон жок деген түшүндүрмөсү жарыяланды.

Президент тарабынан текшерилсин деп тапшырма берилгенден кийин, текшерүүнү жыйынтыктап, элге чыгарып коюш керек. Мында жашыра турган эч нерсе деле жок болсо керек деп ойлойм. Эгерде Матраимовдун үстүнөн кылмыш иштер болгондо, Атамбаев бийликте турган кезинде эле папкалап топтоп, даярдап коймок. Мурунку президенттин мүнөзүн билген киши катары айтып жатам. Райымбекке илинчээк болгондо өзү кылмыш ишин козгобосо дагы, документтин баарын алып кетип, азыр четинен жарыяламак. Өкмөт башчы тапшырманы коомчулук катуу талкуу жаратып жаткандан улам берди деген ойдомун.

– Эмне үчүн экс-президент аракеттеги президентти Матраимовдун аты менен жамандаганга аракет кылып жатат?

– Мурунку президент Сооронбай Шариповичти өзүм каалагандай башкарам, Матраимовду өзүмдүн кызыкчылыгым үчүн колдоном деп ойлогон. Ал ою ишке ашкан жок. Сооронбай Шарипович чындыкты, эл үчүн кызмат кылганды тандады. Шайлоо учурунда иштеген кечээки команданы карап көрүп, кайсыл жакта күч чоң болсо, ошону сокконго өттү. Атамбаев Райимбек Матраимовго асыла берсем, Жээнбековду элге жаман көрсөтөм деген ойго түшүп алды деп ойлойм. Мурунку парламенттик шайлоодо КСДПга түштүк аймактан эң көп добуш алып берген күч Матраимовдор болгон.

— Сизди парламент төрагалыгынан кетиргенде крим. аталык менен чогуу бир жерде олтурду деген негиз болгон болчу. Түрмөдө олтурган мыйзамдагы ууру Батукаев мыйзамсыз өлкөдөн чыгып кеткенден кийин Орусиянын президенти Путинге “Батукаев бизди алдап кетиптир, кайра кайтарып бериңиз…” деп жашыруун кат жазганын КСДПнын төрагасы болгон А. Кодуранова айтты. Демек, Батукаевдин түрмөдөн чыгышын Атамбаев учурунда эле билгенби?

– Атамбаевдин учурунда сот, прокурор, саламаттыкты сактоо министри, жаза аткаруу кызматынын башчысы вице-премьер-министр Шамиль Атахановду угат беле? Бул болбогон сөз. Бир күндө сот, прокурор, каттоо кызматы, жаза аткаруу кызматы, саламаттыкты сактоо министрлиги, аэропорт бир ишти алып барганы эле эң жогорку адамдан буйрук түшкөнүн билдирип турат да. Атаханов ушул кызматтардын баарына бир күндө аткарасыңар деп команда бериптир. Бул жомок да. Башкы прокуратура, сот өкмөткө баш ийбейт. Министрлер вице-премьерди тоготуп деле койбойт. Баардыгы бир гана адамды карап турушкан. Азыр кимден кандай команда түшкөнүн айтып жатышат. Маалыматтардын баары ачыкка чыгат. Бийлик бул иште тигил жакшы адам болчу, бизге иштейт дебестен аягына чыгарыш керек. Айланып жаткан чынжырдан бирөөсү эле үзүлсө, иш ошол күнү токтойт. Акыркы күндөрү Батукаевдин иши бир аз басаңдай түшкөндөй болуп калды. Коомчулук дагы кыргыз элин тоготпой, түрмөдө жаткан мыйзамдагы ууруну, болгондо дагы кыргыз жигиттеринин өлүмүнө күнөөкөр деп эсептелген адамды чыгарып жиберген бийликтин чыныгы жүзүн көргүсү келип турат. Сөзсүз аягына чыгарып, чыныгы күнөөкөрдүн жүзүн элге көрсөтүү керек. Ошондо жүзүн бекиткен Гүлчөтай ким экени билинет. Экс-президенттин түздөн-түз тийешеси бар экени тастыктала турган болсо, депутаттардын 99 пайызы аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун берет деп ойлойм. Өзү деле “Мен жооп бергенге даярмын” деп айтып жатпады беле.

– Өкмөттүн азыркы абалын кандай баалайсыз? Иштей албай жаткан курам үчүн премьер-министр жеке өзү жоопкерчиликти алышы керекпи?

– Премьер-министр жакшы же жаман иштеген министрге жоопкерчиликтүү болот. Өкмөт чечим кабыл алууда чечкиндүү болушу шарт. Азыр 15 министрдин ичинен 3-4 министр чечим кабыл алууда чечкиндүү болсо, калганы “Мен министрмин” деп жыйындарга гана катышканы болбосо, эч нерсе кылбайт. Бүгүн министрдин көпчүлүгү кол койгондон коркот. Андай министрдин эмне кереги бар? Эл, мамлекет үчүн кол коюп кабыл алган чечимиң пайда алып келе турган болсо эмнеден коркосуң? Өкмөттүн бир эле токтому чыгыш үчүн 3 ай убакыт кетет экен. Токтом керек болсо бир күндө чыгып турушу шарт.

– Өкмөт ишенимди толугу менен жоготту деген пикирдесизби?

– Андай пикирде эмесмин. Иштебей олтурган министрлерди айтып жатам. Күн өтсө болду деген министрлердин кереги жок. Андай министрликти жоюп салыш керек. Пайдасы жок министрликке акча коротуунун эмне кереги бар? Кеп санда эмес, сапатында болуш керек.

– Сизди Райымбек Матраимов түзгөн жаңы партияны кийинки жылы болчу парламенттик шайлоодо алып чыгат деген сөз айтылып калууда. Жаңы партия менен шайлоого аттана турганыңыздын чындыгы барбы?

– Жомокту тынбай миң бир түн айта берсе болот. Биздин “Ата Журт” деген саясий партиябыз бар. Бүгүнкү күндө өзүмдүн жеке иштерим менен алекмин. Шайлоо жакындаганда эл менен чогуу даярдыкты баштасак болот. Учурунда “Ата Журт” партиясына эл ишеним артып, шайлап берген. Өзүбүздүн электоратыбыз сакталып келатат. Саясатчылар үчүн өз электоратын жоготпой сактап туруу чоң ийгилик.

Маектешкен: Т.Токтоболотов
Булак: «Жаңы Ордо»

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *