Аида Исмаилова вице-премьер-министр кызматына дайындалышы мүмкүн

Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңеште көпчүлүк коалициянын жыйыны өтөт. Бул тууралуу  Дастан Жумабеков ЖКнын кезектеги жыйында билдирди.

Анын айтымы боюнча, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова менен Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев ээлеген кызматынан бошотулганына байланыштуу, парламенттеги жыйындан кийин көпчүлүк коалициясы алардын ордуна талапкерлерди карайт.

Алдын ала маалыматтар боюнча, вице-премьерлик кызматка депутат Аида Исмаилова дайындалышы мүмкүн. Эл өкүлдөрүнүн айтымында, азырынча ал бул кызматка жалгыз талапкер.

Белгилей кетсек, бүгүн, 1-апрелде президент Сооронбай Жээнбековдун кол койгон жарлыгына ылайык, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев таажывируска каршы күрөштөгү шалаакылыктары үчүн кызматтарынан бошотулган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *