30 жаштагы Айгерим Бешимбаева “Республика-Ата Журт” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды

Бешимбаева Айгерим Кабылбековна “Республика-Ата Журт” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 1-апрелде вице-премьер-министр болуп дайындалган Аида Исмаилованын ордуна депутат болот.

Айгерим Бешимбаева 1990-жылы 10-январда туулган.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *