Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Аида Касымалиева: «Бүгүндөн баштап мен спикермин, Алмаз Батырбеков премьер-министр»
Саясат

Аида Касымалиева: “Бүгүндөн баштап мен спикермин, Алмаз Батырбеков премьер-министр”

“Садыр Жапаровдун премьер-министр болуп шайлангандыгы Жогорку Кеңештин расмий документтери менен тастыкталбагандыктан, президент Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы менен бекитүүгө жиберилген эмес. Садыр Жапаровдун кабыл алган бардык чечимдер юридикалык күчкө ээ эмес” – дейт Аида Касымалиева расмий билдирүүсүндө.

“Алмазбек Батырбеков КР Премьер-министринин милдетин аткаруучу бойдон калууда. Мен расмий түрдө КР Өкмөтүнүн бардык мүчөлөрүнө Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин өз милдеттерин аткарууну улантууга чакырам.

Азыркы учурда Жогорку Кеңештин жыйынынын күнүн жана ордун белгилөө боюнча консультациялар жүрүп жатат. Төрага Дастанбек Жумабеков отставкага кеткенине байланыштуу, Жогорку Кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктары көпчүлүктүн коалициясынан шайланган Жогорку Кеңештин биринчи вице-спикери катары мага өтөт” – дейт Аида Касымалиева.

Официальное заявление первого вице-спикера Жогорку Кенеша Кыргызской Республики Касымалиевой А.К.Состоявшееся вчера 10…

Опубликовано Aida Kasymalieva Воскресенье, 11 октября 2020 г.

 

Япония Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктун куруп берди

Япония орус жарандары үчүн визасыз режим киргизет

Япон агенттиги Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусунан өткөн көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлөт