Аида Касымалиева: “Чаткалда 10 тонна алтын бар кенди $71 000 сатып жиберишкен “

Чаткал районундагы болжолдуу 10 тонна уюма алтын запасы бар “Чаар Таш” кенин аукциондон болгону 71 миң долларга сатылып кеткен. Бул тууралуу вице-спикер Аида Касымалиева Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Депутат кен байлыктарын чалгындоо иштерин жүргүзүү укугун берүү үчүн өткөрүлгөн аукциондордордогу коррупциялык схемалар, ар кандай афералык жолдор менен кен байлыктарды изилдөө иштери болбогон акчага сатылгандыгы боюнча документтер анын колуна келип түшкөнүн айтты.

“Алардан бир эки негизги мисалдарды келтирейин: 2017-жылы 10-апрелде болжолдуу 20 тонна 41 кг алтын запасы бар “Турпак түштү” кенине аукцион өткөрүлүп, “Асман таш” компаниясы 200 миң долларга утуп алган. Ошол эле жылдын 3-мартында болжолдуу 10 тонна уюма алтын запасы бар “Чаар Таш” кенине өткөн аукциондон болгону 71 миң долларга, “Алтын Джон” компаниясы уткан. Уюма алтын кендер дүйнөлүк практикада өтө кымбат бааланары белгилүү. А бизде болсо, 10 тонна запасы бар деген жерди, Бишкектеги эки комната квартиранын акчасына баалашкан. Керек болсо азыркы учурда Бишкектен 4 соток жери менен эки кабаттуу үйдү да 71 миң долларга 6еришпейт“,-деди эл өкүлү.

Аида Касымалиева салыштыруу иретинде ошол эле Чаткал районундагы болгону 500 кг ( алтын запасы бар “Коргон төбө” кенин 2013-жылы 513 миң АКШ долларына “Чаткал-Голд” компаниясына аукциондон берилгенин айтты.

“Бул жерде 2013-жылы эч кандай коррупциялык схемаларды өздөштүрө элек, аукцион ачык айкын өткөрүлгөнү көрүнүп турат. Эң негизгиси, жергиликтүү тургундардын, карапайым элдин эч кандай маалыматы жок, жергиликтүү бийлик, күч түзүмдөрү, көзөмөл органдары бардыгы бир болуп алышып, каалаганын калчап жатышат“,-дейт депутат.

Акылбек Орозматов

Булак: «Кабар инфо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *