Аида Касымалиева, вице-спикер: “Үйдө жалгыз карантинде жатам, кызым менен күйөөм ата-энебиздикинде, дарыгерлер үйгө келишүүдө”

Вице-спикер Аида Касымалиева өзүнүн Facebook социалдык тармактагы баракчасы аркылуу өзүнүн карантиндеги абалы тууралу билдирди:

“Саламаттыгымды сураган бардык мекендештерге чоң ыраазычылык билдирип, ушул жакка бир жооп жазып коеюн.

Тест таза чыккан, ооруганым жок, маанай сонун, бирок 14 күндүк карантин – алдын алуу максатындагы аргасыз чара жана мен бул эрежени сыйлайм. Мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз деген ушундай кырдаалда да билинет.

Үйдөгү карантиндин 4-күнү аяктап бара жатат. Вирус жок болсо да, жарандык жоопкерчиликти эске алуу менен аягына чейин отурам.

Эң оор сезилгени – үй-бүлөмдү көрө элекмин, кызымды өзгөчө сагындым, жолдошум экөө ата-энебиздикинде. Жолдошум азык-түлүк алып келип, эшиктин түбүнө таштап кетүүдө.

Жөн эле көчөдө басып жүрүү – биз үчүн байкалбаган бакыт. Жөн эле тынч жашоо, күнүмдүк көйгөйлөр менен алпурушуу – бул да бакыт.

Эң жакканы – үйдөн иштөө алда канча натыйжалуу да болот экен. Көптөн бери кол тийбей жүргөн иштерди шашпай, майын чыгара жасоого убакыт табылды.

Дарыгерлер келип кетишкен, күн сайын телефондон кабар алып жатышат, бирок сыркоонун бир да белгиси жок, анын үстүнө анализ таза.

Баарыбызга сабыр, аманчылык, ынтымак, жоопкерчилик каалайм. Кыргызстанга вирус келбей, ал арада маселе чечилип калсын”

Эсиңиздерге сала кетсек, Аида Касымалиева 13-мартта коронавирус тараган Германиядан учуп келгенине байланыштуу үйүнө карантинге алынган. Бирок коомчулук эмне үчүн карапайым адамдар “Манас” аэропортунда жайгашкан обсервацияга карантинге алынышса, депутаттарга үйүнө уруксат берилет деп нааразы болушууда.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *